Саясат жана коом

1-октябрдан тарта пенсияга минимум 1000 сомдон кошулат

1-октябрдан тарта Кыргызстанда пенсиянын суммасы жогорулатылды. Мындан ары пенсиянын минималдык суммасы 6900 сом болорун билдирет Социалдык фонд. Белгилүү болгондой, өлкөдө пенсия 2 бөлүктөн турат: базалык жана камсыздандыруу бөлүгү. Базалык бөлүгү – бул мамлекет тарабынан кепилденген сумма. 2022-жылдын 1-октябрында базалык бөлүк 3170 сом деп бекитилип, быйыл июль айынан тарта бул сумма бардык пенсионерлер үчүн теңдештирилген. Тагыраагы, ар бир пенсионерге 3170 сомдон жогорку сумма төлөнө баштаган. Ал эми быйыл 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 пайызга көтөрүлдү. Камсыздандыруу бөлүгү – бул тийиштүү эмгек тажрыйбасы бар жарандарга ай сайын төлөнүүчү сумма. Камсыздандыруу бөлүгүнүн суммасы ар бир пенсионерде ар башка эсептелет. Мисалы, жаран 5000 сом пенсия алса, анын базалык бөлүгү 3170 сом болуп, камсыздандыруу бөлүгү 1830 сомду түзөт. 18 пайызга жогорулатылганда 1830 сомго 329 сом гана кошулуп, буга чейин айына 5000 сом пенсия алган жаран 1-октябрдан тарта 5329 сом ала баштамак. Бирок Соцфонд камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүүнүн минималдык суммасын бекиткен, ал 1000 сом. Демек, 1-октябрдан тарта жарандардын пенсиясына эң аз дегенде 1000 сомдон кошулат.

Министр: “Кыргызстанда жаратылыш газын колдонуу 10 жылда 2 эсе өстү”

Кыргызстанда жаратылыш газын пайдаланган абоненттердин саны акыркы 10 жылда 111 миңге көбөйдү. Мындай маалыматты 1-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Айтымында, 2014-жылы өлкөдө 291 миң абонент болсо, учурда 402 миңге жетти. Быйылкы жылы жаңы
13,4 миң абонент пайда болгон. 2024-жылы өлкөдө
500 миллион метр куб газ колдонуу божомолдонсо, 8 айдын жыйынтыгы боюнча 303 миллион метр куб газ иштетилгени да айтылды. Мындан 10 жыл мурун Кыргызстан жылына орточо 209 миллион метр куб жаратылыш газын пайдаланчу. Министр Ибраев Орусиянын “Газпром” ишканасы менен “Газпром Кыргызстан” ишканасы 2040-жылга чейин келишим түзгөнүн, 2040-жылга чейин өлкө газсыз калбай турганын кошумчалады.

Айта кетсек, 10 жылдан бери Кыргызстанды газ менен камсыздоо милдети Орусиянын моюнунда. 2013-жылы карызга батып калган “Кыргызгаз” ишканасы “Газпромго” 1 долларга сатылган. Андан бери өлкөдө жаратылыш газын жеткирүү боюнча олуттуу көйгөй жарала элек, Орусия газды Кыргызстанга Өзбекстан жана Казакстан аркылуу жеткирүүдө. 2014-жылы Өзбекстан өлкөнүн түштүк аймагына газ берүүнү бир тараптуу негизде токтотуп коюп, Ош шаары бир нече жума газсыз калганы белгилүү.

Жакынкы Чыгыш: Жаңжал оту жайылып баратат 

Израиль Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришти нон грат адам деп жарыялап, анын Израилге киришине тыюу салды. Буга Иран-Израиль тирешиндеги жагдай себеп экени айтылды.

“Ирандын Израилге жасаган ырайымсыз кол салуусун ачык сындай албаган адам Израиль жергесине кирүүгө татыктуу эмес”,- деп билдирди Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац.

Аталган министр Гутерришти Израилди көрө албайт, террористтерге колдоо көрсөтүүдө деп айыптады.

Иран: Коргонууга аргасыз болдук

Ирандын Израилге сокку урушунан кийин Гутерриш Жакынкы Чыгышта жаңжалдын күчөп баратканын сындап, тараптарды тирешти токтотууга чакырды. Ал ошондой эле "Израиль Ливандагы чабуулдарын тез арада токтотушу керек, башка өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана көз карандысыздыгы сактылышы зарыл" деп билдирди. Ал эми Иран бийлиги БУУнун Коопсуздук кеңешинин аракетсиздиги Иранды коргонуу чараларын көрүүгө аргасыз кылды деп жарыялады. Айтымында, Ирандын Израилге сокку уруусу – коргонуу чарасы.

Айта кетсек, акыркы 2 аптадан бери Израиль Ливандагы “Хезболла” кыймылына каршы тынымсыз сокку урууда. Буга жооп кылып Иран 1-октябрда Израилге жүздөгөн ракета учуруп абадан масштабдуу сокку урду. Израиль бул үчүн Иранга жооп болорун эскертүүдө, Иран болсо эгер жооптук соккулар болсо Израилге мындан да катуу чабуул жасаларын билдирүүдө. 

Кыргызстан жаңжалды токтотууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын кескин начарлаганына тынчсыздануусун билдирип, тараптарды эл аралык укуктун негизги принциптерин жана нормаларын сактоого чакырды.

“Кырдаалга терең тынчсыздануу менен көз салып турабыз. Жаңжалдашкан тараптарды чөлкөмдө ажырымды күчөтө турган аракеттерден карманууга чакырабыз. Кыргыз Республикасы согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотуу, саясий диалогду жана жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнө коомчулугунун күч-аракетин консолидациялоону жактайт”,- деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Ошондой эле ТИМ кыргызстандыктарды Израиль, Иран жана Ливанга барбай турууга чакырды. Ал эми аталган өлкөлөрдөгү мекендештерди сак болууга, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого, алар жашаган өлкөнүн расмий бийлигинин талаптарын жана сунуштарын так аткарууга үндөдү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1139, 3-9-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан