Конок тосууда өзгөчөлөнтүп, заманбап дасторкон даярдап, аларды ыраазы кылуу ар бир кожойкенин кыялы. Ошол кыялды орундатууга белгилүү ашпоз Канимет Жеңишов жардамга келсин.
САЛАТ
Буррата сыры менен италян салаты
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Буррата сыры – 2 даана
Черри помидору – 10 даана
Песто соусу – 40 грамм
Бальзамикалык крем соус – 20 грамм
Ашкөк түрү (айсберг, руккола, шпинат, кызыл салат жалбырагы) – 150 грамм
Бөдөнө жумурткасы – 4 даана
Кедр жаңгагы – 20 грамм
Песто соусу үчүн:
Базилик – 25 грамм
Кедр жаңгагы – 15 грамм
Пармезан сыры – 10 грамм
Сарымсак – 1 тишче
Зайтун майы – 45 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Песто соусуна керектүү бардык азыктарды кууш идишке салып, блендер менен эзсек соус даяр болот. Же бул соусту маркеттерден да таба аласыз.
2. Буррата сырын муздаткычтан чыгарып коюу керек. Жылуу сууга салып жумшартып алууга да болот.
3. Салат жалбырактарын алдын ала муздак сууга жарым саатка чылап коёбуз. Убакыт болбосо муздак сууга жууп, кургатып, кол менен 2-3кө бөлөбүз. Тарелкаларга салып, үстүнө буррата сырын, тең экиге бөлүнгөн черри помидорун, сууга бышкан бөдөнө жумурткасын жайгаштырабыз. Аягында песто соусун, бальзамикалык соусту тегиз куюп, кедр жаңгагынан себелеп коёбуз.
СПРИНГ РОЛЛДОР
Керектелүүчү азыктар:
Спринг даяр камыры – 1 куту
Фарш – 100 грамм
Пияз – жарым баш
Сарымсак – 1-2 тишче
Катуу сыр – 40 грамм
Шпинат же петрушка – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 200 миллилитр
Жумуртка – 1 даана
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Көмөч казанга бир аз май куюп, майда тууралган пиязды, артынан фаршты, туз, мурчту салып бышканча кууруп алабыз. Чоңураак тууралган шинат же петрушканы, майда тууралган же сүргүчтөн өткөн сырды кошуп аралаштырабыз. Толтурма даяр.
2. Спринг камырын маркеттерден тапсаңыз болот. Жука жайылган төрт чарчы камырдын бир бурчуна толтурмадан азыраак салып бир аз ороп, эки капталдагы бурчун ортого бүктөп аягына чейин оройбуз. Акыркы бурчуна чалынган жумурткадан сүйкөп жабыштырабыз.
3. Көмөч казанга май куюп, ысып чыкканда спринг роллдорду эки тарабынан бышырып чыгарып алабыз.
Закускенин толтурмасына быштактуу сыр менен балыкты же башка сыр түрлөрүн салсаңыз да болот.
КОЗУ КАРЫНДАН КРЕМ ШОРПО
Керектелүүчү азыктар (2-3 порция үчүн):
Шампиньон – 150 грамм
Пияз – жарым баш
Эритилген сыр – 30 грамм
Коюу сүт (сливки 10, 20%) – 50 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Өсүмдүк майы – 10 миллилитр
Суу же шорпо – 400 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Казанга майды куюп, ысып чыкканда майда тууралган пиязды салып кууруйбуз. Аркасынан эзилген сарымсак менен жалпак тууралган козу карынды кошуп 5 мүнөттөй кууруу керек. Туз, мурч татытабыз.
2. Эми суу же шорпону куюп кайнаганча күтөбүз. Кайнап чыкканда эритилген сыр менен камкаймакты кошуп, орточо отто 12 мүнөт бышырабыз.
3. Бышканда баарын блендер менен бир массага келгиче эзип алабыз. Шорпонун өзүн да берсеңиз болот. Болбосо бир тарабына сырдан крем шорпо даярдап, өзгөчөлөнтүп берсеңиз куп жарашат.
БАЛЫКТАН АЛЯ-МУР
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Балык (форель, сибас, судак, сига) – кичирээк 2 даана
Кабакча, баклажан – 50 граммдан
Лимон – 1 даана
Маринад үчүн:
Балык үчүн татымал – 1 чай кашык
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 20 миллилитр
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Балыкты узатасынан тең экиге кесип келип, баш жагына жеткенде токтотобуз. Ортосундагы кылканын этинен ажыратып кесип алып салабыз. Балыктын эки бетине маринаддоо үчүн туз, татымалдарды себелеп, лимон ширеси менен өсүмдүк майын сүйкөйбүз.
2. Баклажан менен кабакчадан узатасынан жука бир тилимден кесип алабыз да, балыктын бир бетине коюп башын көздөй ороп, экинчи бетин сыртынан ороп, тиш чукугуч менен бекитип коёбуз.
3. 180 градуста ысып турган электр мешинде 15-20 мүнөт бышырабыз.
4. Каалаган гарнириңизди кошуп, жанына лимон кесимин коюп, конокко узата берсеңиз болот.
Асел Ишенбай кызы