Жаныбек Оңолбаев, ырчы: «Радиодо бут тосуулар көп болду»

“Сирендерим”, “Аттиң, өмүр ушундай” жана башка ырлардын аткаруучусу, ырчы Жаныбек Оңолбаев менен таанышып алыңыз, окурман. Ырчы мырзанын дымагы катуу, аздыр-көптүр эл оозуна алынып калган учуру.

АНКЕТА

Туулган жери – Талас району

Туулган күнү – 1993-жыл, 22-апрель

Бою – 174 сантиметр

Салмагы – 74 килограмм

Хоббиси – футбол ойноо

Девизи – бардык нерсенин өзүнүн орду бар, ашырбаш да, кемитпеш да керек

Билими – музыкалык-педагогикалык колледждин аккордеон бөлүмү, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинин эстрадалык вокал бөлүмүн бүтүргөн

Репертуарындагы ырлары – “Сүйөм дечи”, “Мамалагым”, “Жомоктой сулуу“,  “Сүйүүм, келчи“, “Секелегим”, “Сирендерим” жана башка 

 

– Кандайсыз? Айтсаңыз, Жаныбек Оңолбаев деген ысымдын чыгармачылыкка аралашканына канча убакыт болду?

– Саламатсыздарбы? Мен ырчылыкка 2014-жылы кадам таштагам. Ага чейин айылда мектепте, сынак-концерттерде ырдап калчумун. 9-классты бүтүп, шаарга келип Музыкалык педагогикалык колледждин аккордеон бөлүмүнө тапшырдым. Аны бүтүрүп жаткан кезде радиолордун биринде “Жылдыздар жансын” деген сынак болуп калды. Ага катышып, жеңип алгам. Сынактын шарты боюнча, алар бир ырымдын үн жаздыруусун каржылап, аны радиодон кетирип беришти. Ошентип, 21 жашымда алгачкы “Сүйөм дечи” деген ырым чыкты.

– Андан кийин чыгармачылыгыңыз кантип уланды?

– Аталган ыр радиодон кете баштаганда Фархат байке (ред.: ырчы Кеңешбек уулу) угуп, байланышып, жолуктук. Мага ыр жаздыруу жолдорун үйрөттү, тиешелүү кишилер менен тааныштырды, Фархат байке чыгармачылыгыма чоң салымын кошуп кетти. Тилекке каршы, экинчи ырымды жаздырган учурда ал каза болуп калды. Андан кийин тиякка урундум, биякка урундум. Ырыңды көтөрүп барсаң кээ бир радиолор алышпайт. Ишенесизби, бир радиого экинчи ырымды алып барсам, ырды текшерген үн адиси “ырыңдын бул жери туура эмес, компьютер менен аябай жасап салыптыр” деди. Болбосо ал жандуу бэк-вокалда ырдалган эле. Окуудан кийин радиого барам, ыр өтпөй калат, кайра студияга барам түндөп, маршрутка токтоп калса жөө кетем, кыш болчу ошондо. Ошентип чуркап көк беттенип жүрүп радиого өткөзгөм. Ушул сыяктуу бут тосуулар болгон. Баягы “тааныбасты сыйлабас” деген мамилеге көп туш болдум. Кудайга шүгүр, азыр ырдап чыккан ырларымдын баары хит дебесем да, 50 пайызы элде жакшы кабыл алынган.

– Кайсы жердин кулунусуз?

– Талас районунун Кеңеш айылынан болом. Атам 1939-жылкы болчу, 2017-жылы оорудан каза болуп калган, апам азыр 75 жашта. Үй-бүлөдө төрт кыз, төрт уулдун эң кичүүсүмүн.

– Үйлөнгөнсүзбү?

– Жок, үйлөнө элекмин. Учурда ушул тема мага актуалдуу болуп жатат. Тааныштарым, досторум, апам, үйдөгүлөр айтып жатышат. Телефондон апам “ай, качан?..” дегенде эле “апа, мен бошобой жаттым эле” деп телефонду өчүрүп качам (күлүп). Буюрса, эми үйлөнөм. Аракет кылып бутка туруп алайын, анан үйлөнөм дечүмүн. Ары-бери урундум, ошентип билинбей эле убакыт өтүп кетиптир, бат эле 31ге чыгып калдым.

– Анда бойдок кыздардын кулагына күмүш сырга болсун, кандай кыздар жагат?

– Адам чоңоюп, акыл кирген сайын сулуулукту, жүзүн карап сүйбөй калат окшойт. Ата-энесин, бир туугандарын карайт экенсиң, азыр байкап жүргөн кезим. Эми айта берсек укмушпуз да, негизи идеалдуу адам жок. Мен өзүм деле идеалдуу, укмуш “красавчик” эмесмин, топуракта боз-ала болуп ойноп эле айылда чоңойгом. Өзүмдөй эле болгон жөнөкөй кыздар жагат. “Элден ашып кетсең көз тиет, артта калсаң сөз тиет” дегендей, сулуусун алып анын аркасынан өмүр бою чуркап кызганган жакпайт мага. Бирөөнүн көзүнө түшпөй эле жакшынакай жүрсө болду.

– Кайсы ырыңыз элге көбүрөөк жакты деп ойлойсуз?

– Эң алгачкы “Сүйөм дечи” деген ыр менен Жаныбек Оңолбаев болуп таанылдым, ошол ырым менен тойго чыкчумун. Фархат байке каза болгондон кийин чыгармачылыкта кеңеш айтып, жол көрсөткөн адам болгон жок. Өзүм аракет кылдым. Андан кийинки хит болгон ырым – “Мамалагым, томологум, секелек, секелек...” деген саптары бар “Мамалак” деген ыр. Андан кийинкиси – “Ай аттиң, өмүр ушундай, деңиздин ачуусундай” деген ыр. Бул ыр мени азыркы күнгө чейин багат. Андан кийин “Келчи, келчи, сүйүүм келчи, үмүт берип эзбей жүрөктү” деген саптары бар “Сүйүүм, келчи” деген ыр, бул ыр өзүмө абдан жагат. Андан кийинкилери “Жомоктой сулуу”, “Сирендерим” жана башка.

– “Сирендерим” боюнча... “Мундуздун ырдаганын уурдап алды” деген комментарийлерди окудум...

– Ооу, көп андайлар, жеке өзүмө жазгандарды окусаңыз чалкаңыздан түшөсүз (күлүп). Бул ырды ырдап калганымдын баянын айтып берейин. Ырдын сөзү Элмирбек Иманалиевге, обону казак элине таандык. Бир тааныш байкебиз шерине өткөрүп, “ырдап бер” деп чакырып калды. Ошондо бир байке “ии, сен жандуу үндө жакшы ырдайт турбайсыңбы, “Каркыраны” ырдап берчи” деп калды. Мен ага чейин бул ырды укпаптырмын, байке интернеттен бир баланын аккордеон менен ырдаганын угузду. Ал баланын, байкашымча, музыкалык билими жок окшойт. Ырдаганы, аккордеон ойногону анча жаккан жок. Бирок ырдын сөзү да, обону да абдан жагып калды. Элмирбек байкенин ырдаган вариантын издеп таппай койдум. Комуз менен, аккордеон менен ырдаган варианттары көп экен. Эстрадага салып аранжировка жасаткандар жок болчу анда. Дароо эстрадага ылайык жаздырып, 5 күндүн ичинде чыгардым. 2 күндөн кийин карасам эле, рекке чыгып кетиптир. Ошентип көрүү 100 миңге чыгып, элге тарап кетти. Көрсө, кыргыз эли бул ырды күтүп жүргөн экен. Бул эми барды-келди буйрук экен, мен биринчилерден болуп эстрадалык багытта ырдап чыктым.

– Атаңыз тууралуу айтыңызчы...

– Атам аябай кыраакы адам эле. Өзү талапчыл, бирок ичинен сызган жумшак киши болчу. 2017-жылы ооруп каза болуп калды, ага абдан ыраазымын. 3-курсумда Жаңы жылда каникулда айылга бардым. Улуу байкем үйүнө чакырып, баарыбыз отурганда байкем “аккордеон ойноп калдыңбы?” деди. “Ооба” десем, “Паланча акенин аккордеонун алып келип ойночу” деди. Айылда бир эле кишиде аккордеон бар, аны барып сурасам баласынтып бербей койду. Анан байкем барып ой-боюна койбой эле сурап келиптир. Ойноп, ырдадым. Ырдап бүткөндөн кийин атам “балама аккордеон алып бербесем болбойт экен, башкалар жалдыратат тура, каникулуң бүтүп кала электе огороддогу тайдын бирөөнү сат дагы, шаарга барып аккордеон ал” деди. Ошентип тайды алып барып сатып, аккордеон алдым. Андагы сүйүнүчүмдө чек жок эле.

– Алдыда кандай пландар бар?

– Биринчи кезекте үйлөнүшүм керек. Эгер быйыл үйлөнбөй калсам, жеке концертимди берем. Үйлөнүп калсам, эки жагымды жыйып, иреттеп алгандан кийин берем. Концертимди көптөр күтүп жатышат, жазып суранышат, чакырышат. Мурдагы жылы айылыма тушоо кесүү концертимди бергем. Бишкекте да концерт койгум келет.

– Кесибиңиз боюнча кайсы бир мекемеде иштейсизби?

– Улуттук филармонияда иштөө – менин кыялым. Кыргызбай Осмонов агайга көп бардым, “орун жок” деп жатат. Менин кесибим туура келет, жандуу ырдагандан коркпойм. Бирок мага орун жок деп айтылгандан бери канча киши жумушка кирип кетти. Билбейм эми. Кудай буюрса, бир убакыт келет, ошондо менин огородума да күн тиет.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1139, 3-9-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан