Кышы 8 айга созулган Үч-кошкон айылы

Аталышы – Үч-Кошкон

Жайгашкан орду – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Оргочор айыл өкмөтү. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте

Кожолуктун (түтүн) саны – 46

Элдин саны – 187

Марс Берикбаев, айыл башчысы: «Союз кезинде 3 миңдей киши жашачу»

– Илгери малга ылайыктуу жер деп бир ууч эл отурукташкан экен. Үч-Кошкон аталып калышынын себеби – айылдын үстү жагында 3 коктунун учу кошулат. Айылга жакын жерде чек ара тозоту, Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругу бар. Кыргыз-Кытай чек арасын мөңгү баскан тоолор бөлүп тургандыктан чек ара бузуу фактылары жокко эсе. 1961-жылы айылыбызда алтын жана калай кендерине геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Ошондо бул жерде шаар тибиндеги кыштак пайда болуп, 3 миңдей киши жашап турган. Союз кулагандан кийин геологдор да, эл да кете баштаган. Кетпей калгандары учурда жашап жатышат. Райондун борборунан Үч-Кошконго жетиш үчүн Барскоон, Сөөк, Сары-Мойнок ашууларын ашып баруу керек, жолу татаал. Кыш мезгили 7-8 айга, жай 2 айга созулат. Жазында тез-тезден көчкү түшүп, жолубуз кээде 2-3 сутка, кээде бир аптага жабылып калат. Кышында УАЗ жана жол тандабастар гана жүрүп калат. “Жол азабы – көр азабы” дегенге биздин айылга келгендер ынанышат.

«Чөптөн башка эч нерсе өспөйт»

– Климаты катаал болгондуктан дыйканчылык кылуу мүмкүн эмес. Чөптөн башка эч нерсе өспөйт. Элдин жашоосу малга байланышкан. Эрте күздөн жем-чөп, азык-түлүк камдап албасак кыштан чыгуу кыйын. Жолубуз татаал болгондуктан көмүр ташып келүү оор, көмүрдүн ордуна тезек жагабыз. Малды да район борборуна айдап барып сатпасак, айылда аларман жок. 

«14 тургунубуз корук кызматкери»

– Учурда айылыбыздын 14 тургуну Сарычат-Ээрташ коругунда егерь болуп иштейт. Айылда бала бакча, ФАП, китепкана бар. Суу түтүктөрү кышында тоңуп калып, эл сууну ташып ичип калат. Жер тилкелерибиздин Кызыл китептери жок, учурда ушул маселени чечүү талабы коюлууда. Уюлдук операторлордун биринин станциясы бар, бирок бир убакта 5-6 гана адам телефондо сүйлөшө алат, андан көбүн тейлегенге күчү жетпейт дешет. Кыскасы, чек арада чеп болуп, кыргыздын нукура пейили менен меймандостугун сактап жашап жаткан тоолук элбиз.

Ширин Жамакеева, Ак-Шыйрак жатак мектебинин директорунун орун басары: «Мектепте 69 окуучу бар»

– Мектеп 2010-жылы курулган. Ал эми жатаканасы 2 жыл мурун ишке киргизилди. Мектепте жалпы 18 мугалим, 14 чарба кызматкери (тарбиячы, ашпоз, кир жуучу жана башка) бар. Жети мугалим “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.

Учурда мектепте 69 окуучу окуп жатат, анын 10у жатаканада жашап окуйт. Класстарда эң көбү 9, азы 2-6дан бала бар. 12 компьютер берилген, интернетке туташтырылган эмес.

«Кытай айылынан көчүп келгенбиз»

– Үч-Кошкон айылы 3 кыска көчөдөн турат. Майрамдарда чек ара тозотунун кызматкерлери да келет, жалпы 4 командага бөлүнүп, спорттук оюндар, улуттук тамак-аштарды жасоо боюнча мелдештер өтөт. Ноорузда бала-чакабыз менен баарыбыз улуттук кийим киебиз. Айылдын тургундары Жети-Өгүздүн ар кайсы айылдарынан келип иштеп, отурукташып калгандар. Мисалы, жолдошум экөөбүз Кытай айылынан мугалим болуп келип, жашап калганыбызга 18 жыл болду. Той өткөрүүдө айылдагы клубду кафе катары пайдаланабыз. Ортодон акча топтоп идиш-аяк алып койгонбуз. Коңшубуздукуна конок келсе тосушуп, узатышып коёбуз. 

Эркинбек Курманалиев, айыл тургуну: «Кийизден жасаган буюмдарыбыз АКШда сатылат»

– Айыл эли бейөкмөт уюмдар, Эл аралык жаратылышты коргоо фонду менен 23 жылдан бери иштешет. 42 тургунубуз жүндөн ар кандай оюнчук, сувенирлерди жана башкаларды жасайт. Алардын баары АКШга жөнөтүлөт. Ал жактан 1 жылда 2 жолу буюртма түшүп турат. Биздин буюмдар АКШдагы зоопарктарда сатылып, түшкөн акчасын жапайы жаныбарларды коргоо жаатындагы иштерге жумшашат дешет. Мен 23 жылдан бери шырдак шырыйм, алардын кичинесин 1500 сомдон өйдө сатабыз. 

Өмүрбек Курманалиев, егерь: «Илбирс, аркар, аюуларды коруйбуз»

– Сарычат-Ээрташ коругу 1995-жылы түзүлгөн. Ал жерде 22 жылдан бери иштейм. Коруктун аянты – 149 миң гектар. Жаныбарлардын 30, канаттуулардын 80ден ашык түрү байырлайт. Мисалы, аюу, илбирс, аркар, бүркүт, жорунун түрлөрү, суур, кашкулак жана башкалар. Болжол менен корукта 30дай илбирс, 15тей аюу, 3 миңдей аркар бар. Аба ырайы катаал, жетүү кыйын экенине карабай кышы-жайы корукту кайталап, жаныбарларга санак жүргүзүп, байкоо салып турабыз.

Аюулар егерлердин турагын 3 жолу талкалап кетишти. Анысына да кайылбыз, анткени жаныбарлардын санынын көбөйүп баратканы сүйүнтөт. Жаныбарлардын мүнөзүн да билип калдым. Мисалы, ак илбирс эгер коркунуч жаралбаса адамга кол салбайт. Ага жакын жерден өтүп баратсаң жер менен жер болуп өңүп, жылтырап жата берет. Аны көптөр байкабайт деле. Бир жолу бир егерге карышкыр кол салган. Аялы менен баратса машинасы бузулат. Егерь унаанын капотун ачып, бузулган жерин оңдоп жатканда карышкыр арттан келип санынан тиштеген. Ал карышкырды 2 кулагынан кармап аялына кыйкырат. Аялы карышкырга бычак сайгылап өлтүрөт.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1139, 3-9-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан