Кой
(21.03–20.04)
Тайманбас жана чечкиндүү кадамдарды жасоого убакыт келди. Коомдук иштерге катышып, жаңы бизнес баштап, кызыктуу долбоорлорго инвестиция салсаңыз болот. Сиз көп киреше таба турган мезгил, андыктан кандай иш баштабаңыз, пайдасын сөзсүз көрөсүз. Жубайлар мамилесин жакшыртуу максатында чогуу саякатка чыгып келишкени жакшы. Бойдоктор буга чейин жаңылганын моюндап, кайра мурунку сүйүктүүсү менен мамилесин улантышы мүмкүн.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Ден соолугуңузга кам көрүңүз, өзүңүздү кыйнап иштебеңиз. Көйгөйлөрүңүздү чечүүдө сизди баалап-барктаган адамдар жардамга келишет. Маанайыңыз кескин өзгөрүшү мүмкүн. Табигый тартылуу күчүңүз мыкты иштеп, сизге жакындагысы келген адамдардын саны арбыйт. Сүйүктүүңүз алыста болуп, көптөн бери жолугушууну күтүп жүрсөңүз, ал максатыңыз ишке ашат. Бирөөгө карыз, насыя алып берем деп аралашпаңыз, өзүңүз төлөп каласыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Чөйрөңүздө болуп жаткан өзгөрүүлөргө кылдат баам салыңыз, ар бир окуя же жолугушуу сиздин келечегиңиз үчүн абдан маанилүү. Физикалык активдүүлүк, эс алуу, узакка сейилдөө, саякаттоо үчүн жакшы апта. Үйүңүздө жылуу, жайлуу атмосфера түзүүгө аракет кылыңыз. Эгер үйдө баш аламандык болсо, жан дүйнөңүз да иретке келбейт. Кыймылсыз мүлккө байланыштуу көйгөйлөр болсо, аны тез арада чечүү керек. Кесиптик чөйрөдө жакшы сунуштар түшөт.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Кыялдарыңызды ишке ашыруу үчүн күчүңүздү, психикалык жана каржылык ресурстарыңызды кайда жумшай турганыңызды изилдеңиз. Энергияңыз толкуп-ташып, адамдарга бат байланып, тез эле ашык болуп каласыз. Бирок күлгүн көз айнек тагынып, көзүңүзгө баары укмуш көрүнүп жатканына карабастан акыл-эсиңизди жоготпойсуз. Жаңы байланыштарды түзүүгө аракет кылыңыз,ар кандай сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар ийгиликтүү болот.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Сиздин оригиналдуулугуңуз, кандайдыр бир маселеге карата стандарттуу эмес мамилеңиз көрө албастыктын объектисине айланат. Бирок кесипкөй адамдар бул аракетиңизди туура баалап, өздөрүнүн жогорку баасын беришет. Сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпаган учурлар көп болот. Бирөөнү ынандырууга аракет кылбаңыз, эч кимди ишендирүүгө милдеттүү эмессиз. Айымдар эгер өзгөрүүгө даяр эмес экенин сезишсе, дагы бир аз өздөрүнө убакыт беришкени оң.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Искусствого байланыштуу жаңы, кызыктуу нерселерди үйрөнсөңүз болот. Ийгиликке тез жетип, бат өчкөндөн көрө, акырын жетип бирок тынымсыз алдыга жылып турганыңыз жакшы. Мырзалар тобокелчиликтүү иштерди баштаса болот, көп акча жоготуп алам, банкрот болом деп коркпоңуз. Айымдар жашоосунда оор учурду башынан кечирип жатышса, сырдашып, ыйлап, чер жаза сүйлөшө алчу адамы менен бугун чыгарып алышканы туура.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бойдокторго жаңы мамиле баштоо үчүн эң сонун учур. Бирок өтө идеалдуу нерсени күтпөңүз, баары сиздин оюңуздагыдай болбой калышы да ыктымал. Мырзалар олуттуу чечимдерди кабыл алууга шашып, укмуштуу окуяларга аралашып калуусу мүмкүн. Эч кимге карыз бербеңиз. Айымдар жагымдуулугу менен көпчүлүктүн көңүлүн бурушат. Сүйүүгө бат эле толуп, тез көңүлүңүз сууйт. Тез-тез өнөктөштөрдү алмаштыра бергенден оолак болуңуз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Бирөөгө ишенүүдөн, ага жоопкерчилик артуудан коркпоңуз. Балдардын жүрүм-турумун көз жаздымда калтырбаңыз. Кайдыгерликти уланта берсеңиз, кийин бала тарбиясында кетирген каталарыңызды оңдоого туура келет. Сүйүктүүңүздүн кемчилиги гана көзүңүзгө көрүнүп сизди кыжырдантышы мүмкүн. Мамиледеги мындай кризистик кырдаалда медитация жасоо, йога менен алектенүү, активдүү физикалык кыймыл жардамга келет.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жумушта жетекчиңиз моралдык колдоо көрсөтүп өз кесибиңизде ийгиликке жетүүдө жардам кылат. Аптада мурун чечилбей калган көйгөйлөр кайра келиши мүмкүн. Бул жолу кийинкиге жылдырбай чечип алганыңыз туура. Азыркы бар нерсеге шүгүр кылганды үйрөнүңүз, сиз азыр чыгармачылыктын чокусунда турасыз. Мүмкүнчүлүк болсо тапканыңыздын канча бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшаңыз же жардамга муктаж жакындарыңызга берсеңиз болот.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Аптадагы психикалык абалыңыз жашооңузду укмуштуудай жеңил жана жагымдуу кылат. Максатыңызга жетүүдө буга чейинки алган тажрыйбаңыз менен билимиңиз жардамга келет. Ийгиликтүү иш баштап дос-тууган арасында урмат-сыйга, абройго ээ болосуз. Сүйүүдө түгөйүңүздүн анча-мынча кемчилигине көз жумганга туура келет, кектеп, өчөшүп, улам болуп өткөн окуяны эстете берсеңиз, мамилеңиздерди ыдыратып алышыңыздар мүмкүн.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Жакындарыңыздын колдоосу чоң мааниге ээ, алар алыста болсо кабар алыңыз. Баш кошуу, үлпөт той өткөрүү үчүн жакшы убакыт. Мырзалар жумушундагы көйгөйүн үйгө айтып келбегени туура, сизге кошулуп бардык үй-бүлө мүчөлөрү кабатыр болушу мүмкүн. Өзүңүзгө карата жагымсыз пикирлерди угасыз, бирок бул абал сизди чыңалтпашы керек. Сын менен өссө болот, бардык нерсени позитивдүү, пайдалуу жагынан караганыңыз жакшы.
Балык
(20.02–20.03)
“Оюндан от чыгат” деген макалды аптада такай айтып же эске түйүп жүрүңүз. Тамашалап же жакшы эле ойдо айтылган пикирлериңизди башкалар туура эмес түшүнүп, сизди душман көрүп калышы мүмкүн. Андыктан ар бир айткан сөзүңүзгө дыкат мамиле жасаңыз. Жашооңузда азгырыктар көп болот, бирок сүйүктүүңүзгө чыккынчылык кылбаңыз. Бойдоктор эски сүйүүсүн эске салган окуяга туш болушат. Убакыттай эле сезимдер да өткөнүн, өчкөнүн түшүнөсүз.