(Башы өткөн санда)
Али сүрөттү тиктеп турду. Арыкчырай, бою узун адам экен.
– Менимче, дагы келет...
– Келсе келсин, Болот байке. Мен жок болуп калсам телефонумду берип коё бериңиз.
– Макул. Сен эс ал, баатыр. Такыр чарчап калыпсың.
Баш ийкеген Али үйүн көздөй басты. Тыпыйган, чакан үй. Калеми менен жан баккан адамдын мындан артык эмнеси болмок. Али өзү байлык үчүн улунуп-жулунган адам эмес, болбосо көп эле жолу ири суммада акча сунушташты. “Антип койчу, минтип берчи” деген акчалуу адамдардын сунушун эч кабыл алган жок. Эмнеге дегенде чоң акча кээде ошончолук чоң трагедия алып келе турганын кичинесинен билип чоңойду. Атасы анын жүрөгүндөгү эң чоң жарасы эле. Атасынын акчага азгырылып, үй-бүлөсүн коркунучтуу абалдарга түрткөн убактарын көрүп өстү. “Эч качан атама окшобойм” дечү ичинен. Кичинесинен ал кишиге “бунт” бар эле. Атасына окшогон адамдар менен ошол себептен күрөштү. Ар бирин тиктегенде көз алдына атасынын канталаган каректери тартылчу.
– Хе, сен чындык деп кайсы жерге чейин барасың?- деген бир жолу атасы шылдыңдап.
– Бир жерге барам деген жокмун, жөн эле ак жашайм,- дечү Али тиштене.
– Бул жашоодо бардык нерсенин баасы бар. Мына, сенин да бааң бар. Абийриңди, намысыңды, ал тургай кээде жашооңду да сатып алса болот. Кеп баанын бычылышында гана...
Ар бир жанагыдай “кыйшык” сунуш түшкөндө атасынын ушул сөздөрү кулагына жаңырчу. Канча жашка чыкса да атасына окшобой турганын далилдеп келе жатат. Ак эмгеги менен үйлүү болду, кымбат болбосо да унаасы турат. Жалгыз башына андан артык эмне керек? Үйүнүн айланасын, короо-жайын бир тазалап алмайынча үйгө кирбеген адаты бар. Шашпай короо-жайын иреттеп, шыпырып, таштандыларды чогултуп анан кирди. Мизилдеп таптаза үйү. Өзүнө керектүү гана оокаты бар. Конок үйүнүн дал төрүндөгү текчеде уулу менен кызынын сүрөтү турат. Айдар, Айсулуу... Рамкадагы балдарынын сүрөтүн колуна алды да, акырын күбүрөп койду.
– Кандайсыңар?- деди куду алар жанында тургандай жылмайып. – Көпкө жоголуп кеттимби? Иш ушундай болуп калды. Ысык-Көлгө барып келдим. Бир силерге окшогон балага жардам керек болуп жаткан экен, ошонун апасы чакырып арманын айтты. Түнү менен материалды даярдап, монтаж жасайм. Иштедим, балдар, атаңар чарчап келди. Бир аз эс алып алайын...
Колундагы сүрөттү алып диванга отурду да, оор үшкүрдү.
– Мен... Мен силердин апаңарга жолуктум. Салам айтты. Ал дагы силерди унута албай жүрөт. Айтпаса деле белгилүү. Көздөрү айтып турат. Анан... Силердин дагы бир бир тууганыңар бар экен. Ошо...
Апасын көздөй чуркап келе жаткан кыздын элеси көз алдына тартылды. Ичи дагы бир жолу эңшериле түштү. Улутунуп алды. Анын балдарынын сүрөтү менен кадимкидей сүйлөшүп жүргөнүн бирөө-жарым көрсө акылынан айныптыр деши мүмкүн. Бирок Али ушинтип сүйлөшө берет. Кээде сүйлөшүп алса кадимкидей сагынычы тарагандай, моокуму кангандай боло түшөт. Сүйлөшпөй калса бук болуп, бир ишин унутуп калгандай сезет. Жылдар бою ушинтип жашап келе жатат. Алардан эч эле үмүт үзө албады. Жүрөгүнүн бир четинде алар аман-эсен деген бир ишеним бар. Элес болсо эбак эле кол шилтеп коюптур. Кызык, эмнегедир ушуга чейин Элести өзүнөн бөлүп көрө албай келген экен. Акылы менен башка адамга турмушка чыкканын, кыздуу болгонун кабыл алганы менен, ичинен дагы эле өзүнүн балдарынын энеси Элес катары санап жүрчү. Кайсы бир убакта кайра үйүнө кирип келчүдөй боло берчү. Так бүгүнкүгө чейин. Бүгүн гана анын эми такыр кайрылбай турганын түшүндү. Бир аз шам-шум этип алып компьютерин тиктеп материалдарын карап отурду. Анан чарчаганын сезип бир аз жата турайын деген боюнча көзү илинип кеткен экен. Таң атканда ойгонду. Ишке жөнөп, короосунан машинесин от алдырып чыга берерде жанагы арыкчырай адам аны акмалай карап турганын байкады. Өзү басып келет болуш керек деп байкамаксан болду. Дарбазасын жаап, акырын көз кыйыгы менен тигини карап турду. Ал жакын басып келгенге даабай жаттыбы, же үйүнөн бери чыксын дедиби, турган ордунан жылбады. Али машинесине отуруп жөнөй бере тургандай болгондо чечкинсиз аны карай кадам таштады.
– Салам...
– Отур, менде бир ишиң бар экени анык,- деди Али чечкиндүү.
ххх
– Ширеңке барбы?- деди тиги калтыраган колдорун кайда катарын билбей. Бир аз тамеки тартып өзүнө келип алайын дегени окшойт.
– Жок, тартпайм.
– Аа, макул.
– Мага эмне иш менен келдиң?
- Атым Хасан, фотографмын. Тагыраагы, фотограф болчумун, ишти таштап койгом.
– Ии?
– Мага акча керек!
– Кызык, менде акча бар деп сага ким айтты?
– Сени кызыктыра турган маалымат бар менде.
– Сендейлердин көбүн көрдүм, тууган, мени мындай тузакка эми түшүрө албайсың. Акчаны башка жерден изде. Түшүп кал машинеден...
– Мен аларды көрдүм.
– Кимдерди?
– Сенин балдарыңды... Жоголгон балдарды...- деди тиги бирөө угуп койчудай шыбырай.
– Башка жомокту айт, тууганым. Мен бул жалганга тоюп бүткөм.
– Баланын үстүндө көк футболка, кара шортик, кыздын үстүндө кызыл көйнөк...
Алинин башы дүңгүрөй түштү. Жоголгон күнү чын эле алар ушундай кийим менен жүрүшкөн болчу. Муну ал так билет, анткени ошол күнү өз колу менен кийиндирген. Айсулуу апасыныкына окшош кызыл көйнөк кием деп кайра-кайра суранып жатып кийген. Ошол күн секундуна чейин эсинде.
– Мени менен ойношпо...- деди тиштене.
– Мен көрдүм дейм. Далилим бар.
Али тигинин жакасына жабыша берди. Муунтуп жатты. Көздөрү алайып чыга жаздап калганда гана бошотту.
– Акылың жайындабы сенин?- деди тиги какап-чакап жатып.
– Жок, сендейлер акылымды да, канымды да бузуп бүтүштү. Азыр түз милицияга барабыз. Ошондо так сайрап бересиң.
– Ооз ачып да койбойм.
Али энтиге дем алды. Муну минтип сүйлөтө албайт. Чындап эле айткан акчасын берип маалымат алыш керек.
– Канча?
Тиги баасын айтты, Али башын ийкеди. Тигини машинеден түшүрүп салып жумушуна жөнөдү. Акылына ар нерсе келип жатты. Ал айткан сумманы деле табыш оор болбойт. Болгону чын чыксын. Дал он жыл мурункудай үмүтү жанып, жүрөгү элеп-желеп.
ххх
– Али, сен дагы деле баягы жолдосуңбу? Тынчысаңчы,- деди Айбек досу аны аяп карап.
– Бул жолу башка. Мага так далилдерди айтты.
– Кийимдерин айтты деп жатасыңбы, сен толтура жолу интервью бердиң. Ошондо балдар кандай кийим кийгенин айткандырсың. Эстеп калса керек. Дагы бир алдамчынын тузагына түшкөнү жатасың. Койсоңчу, досум.
– Менде бир өзгөчөлүк бар. Кимге, качан, эмне деп айткандарымдан бери эсимде жазылып калат. Мен чындыгында балдар ошол күнү кандай кийинип жүргөнүн эч айткан эмесмин интервьюларда. Анткени билген киши муну сөзсүз мага каршы колдонот деп ойлонгом. Тиги фотограф сөрөй бир нерсени билет. Же кокусунан көргөн. Балдарымдын кийимдерин таптак айтты.
– Эх, Али...
– Көрөсүң, ушул адамдан бир жиптин учун чыгарышым мүмкүн.
– Ой, сен мурункуларда деле ошентип айтпадың беле?
Али башын чайкады. Чындыгында, түз жолго чыкканын тээ жан дүйнө тереңинен эмнегедир сезип жатты...
(Уландысы кийинки санда)