Саясат жана коом

Өлкөдө кант диабетине 74 миңден ашык адам чалдыккан

Кыргызстанда 2023-жылкы статистика боюнча 74 миңден ашык жаран кант диабетинен жабыркайт деп каттоодо турат. Диабетика боюнча эл аралык федерациянын божомолу боюнча, өлкөдө 20-79 жаштар арасында кант диабетинин жыйылышы 2025-жылга карата 5,8 пайызга өсөт деп күтүлүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кант диабетин “21-кылымдын жугуштуу эмес эпидемиясы” деп атаган. Буга илдеттин Жер шарына тездик менен жайылып баратышы себеп. Аталган уюмдун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө кант диабетинен 347 миллион адам жабыркайт. Эксперттердин божомолу боюнча, 2030-жылы бул көрсөткүч 600 миллиондон ашат. Кант диабетинен жабыркагандардын дээрлик 50 пайызы 40-59 жаш курагындагылар. Адистер илдетке кабылгандар шаар жеринде көп катталып жатканын, ооругандар жыл сайын 5-8 пайызга, 12-15 жылда эки эсе көбөйүп баратканын белгилешет. Кант диабетин жуктуруп алуу коркунучу жогору деп семиздиктен жабыркагандар, гипертоникалык дарты барлар, жүрөк-кан тамыр илдетине кабылгандар, 45 жаштан жогорку адамдар жана кант диабетине кабылган адамдардын жакындары эсептелет. Ал эми дарттын алдын алуунун негизги жолдору булар: Туура тамактануу, сергек жашоо образын кармануу, ашыкча салмактан арылуу, стресстик кырдаалдарга туура реакция кылуу жана башка.

Кыргызстан Казакстандан көмүр сатып алууну 2-3 жылда токтотот 

Кыргызстан 2 жылдын ичинде Казакстандан көмүр сатып алууну токтотот. Бул тууралуу 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Көмүр импорттоону токтотуунун себеби – өлкөдө Бишкек ЖЭБине ылайыктуу көмүрдүн табылганы. 

– Буга чейин ЖЭБге Казакстандан 400-500 миң тонна көмүр ташылып келсе, быйыл 250 миң гана тонна алып келинет. Эмне үчүн деген суроо жаралат. Билесиңер, Миң-Кушта Ак-Улак көмүр кени бар. Ал жерден 200 миң тоннадай көмүр казып, ЖЭБге жагып көрдүк. Калориясы дал келди, мындан ары ошону жагалы деп пландаштырып жатабыз. Президенттин “2-3 жылдын ичинде импорттон кетишибиз керек” деген тапшырмасы бар. Эки-үч жылдын ичинде Казакстандан көмүр сатып алууну биротоло токтотобуз деген пландар бар,- деди министр.

Бишкек ЖЭБине жагылчу көмүрдүн бир бөлүгү жыл сайын Казакстандан ташылып келет. Станция жылына 1 миллион тоннадай көмүр керектесе, анын жарымын гана жергиликтүү көмүр кендери камсыз кылчу. Жыл сайын сырттан көмүр ташып келүүнү улам азайтып, ЖЭБди биротоло жергиликтүү көмүргө өткөрүү пландалып жатканы айтылды. “Ак-Улак кениндеги көмүрдүн сапаты Казакстандан ташылган көмүрдөн жакшы” дейт министр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1140, 10-16-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан