(Башы өткөн сандарда)
Башын жерге салып ичинен санай баштады. Бир нерсе болуп билдирип койбосун деп, телефонунун батарейкасын чыгарып салды. Сактыкка кордук жок экенин жакшы билчү. Кыймылдабай жата берди, Френк да көпкө жатты кыймылдабай. Түшүнбөй жатты, бирөө бардай, аңдып тургандай эле сезилип, бирок коркунучтун булагы кайсы тараптан чыгып жатканын деги эле сезе албай койду. Ар кандай ойлор келет, эмне кылышын билбей калды. Эсен жата берди кыймылдабай, ичинен он миңге чейин санайт, он миңге жеткенде кайра башынан баштайт. Бул ыкма ушундай учурларда жардам берчү. Адамдын сабырын бекемдейт, убакыттын билинбей бат өтүшүн шарттайт. Санай берип чарчаганда өткөн күндөрүн, үйүн, аялын ойлонууга аракет кылат. Эки сааттан ашык убакыт өттү окшойт чамасы, Френктин да ою ар нерсеге кетти, мүмкүн, башка эч ким жоктур, аткан адамдарынын бири өлбөй калган болсо, ошол эле сезилип жатабы? Бирок көкүрөгү тынч ала албады, бир энергетика коркунуч бар экенин сездирип туруп алды. Ошондуктан кескин кыймыл жасабай, дароо чечим кабыл ала албай турду. Болбосо убакыт ага каршы иштеп жатканын акылы туюп эле турду, түн катып айыл ичине кирип кетпесе, таң атып кетчү болсо бул талаада калары анык. Күндүз анын ар бир кыймылы коркунучтуу болуп калмак. Кыркына чыдадым, дагы бирине чыдайын дейт. Кээде акылы “чыга бер, бекерге эле күтүп жатасың” деп азгырат. Андайда жолго сойлоп чыгайын деп барып өзүн кармайт. Айлана коопсуз экенине жүз пайыз ишенип алып анан ишке өт дейт жүрөгү. Адамды акыл алдап коюшу мүмкүн, жүрөк алдабайт. Ошондуктан бир маанилүү чечим кабыл аларда жүрөктү уккула деп айтылат да. Болбосо далайды көргөн, эчен адамдын башын жеген Френк ушул талаада камалып калчу киши беле? Каршылаш тарап дагы оңой жоо эмес экенин ал жакшы билет. Бир эле жаңылыштык бүтүндөй өмүргө тете болорун жанааракта эле өзү аткан эки адам далилдеди го. Убакыт күтпөйт, анын пенденин көйгөйү менен чатагы кайсы? Шуулдап өтүп жатты мүнөттөр, бир аздан кийин таң атат, анда эле өлгөнү ошол эле. Акыры тобокел деп, жолду кесип өтмөк болду, боортоктоп жылып өттү да ал дагы арыкка түшүп жатып калды, Эсенден он метрдей эле алыс аралыкта эле. Эсен баарын угуп, билип эле жатты. Френк эки мүнөттөй жатты да, тобокел дедиби жөрмөлөп арыктан чыгып аэропорттун тилкесин көздөй сойлоп жөнөдү. Чөбү чабылган, тегиз жер эле, Эсен ордунан акырын турду да сойлоп бараткан Френкти карады, айдын жарыгында дапдаана көрүнүп турган. Френк да дароо сезди, тапанчасы колунда эле, бортоктоп бараткан жеринен дароо чалкасына оодарыла калып Эсен Кемеловду туштап атып жиберди. Ок Эсен Кемеловдун кулагынын түбүнөн өтүп кетти, октун “шуу” деп аба жарып өткөнү даана угулду. Эсен кыймылдап койгон жок, Френкти тапанчасы менен мээлеп тарс атты, ок дал эки көздүн ортосуна тийди, кийинки жети ок дагы башына тийди. Эсен Френкке жакын келди, тапанчасын даярдап, Френкке такап турду да, эми пайдасы жок аткандын дедиби, оор үшкүрүнүп алып, тапанчасын ордуна салып, Дима менен Кылыч кеткен жакка жөнөдү. Экөөсү тең мүрт кетишкен эле, Кылычтын көзү ачык калган экен, жаап койду да, жерде жаткан телефонун алып милицияга чалды.
Аябай чарчаган экен, ойлоп көрсө акыркы 1 айда түзүгүрөөк деле уктабаптыр. Өзүнө өзү “болду эми, жетишет, картайыпмын, дем алайын” деп күбүрөнүп койду...
(Аягы)