“Сенден баш тартуу ушунчалык оор беле?”

Күздүн күндөрү коңур тартып, кечки суугу ичиркентип турган учур. Бул күндөр мага дайыма сени эстетет. Өзгөчө жамгырлуу күндөр. Биз алгач ирет дал ушул күздүн күндөрүндө жолукканбыз. Бейтааныш шаар, шаарга чоочун, көчөлөрүнөн адашып жүргөн мен... Менин жалгыз ишенген жакын адамым сен элең. Бул күндөр мени сага кыйла жакындатып коюптур. Арадан билинбей 2 жыл зымырап өтүп кетти. Алгачкы кездешүүдө эле биздин жолугушуу келечексиз экенин түшүнгөм. Сенден качам, өзүмдү алып кача береримди өзүң дагы түшүнөсүң, кээде ага жиниң дагы келет, аны билем. “Эмнеге кача бересиң?” деп сурайсың го... А мен сага көнүп калгандан корком, жүрөгүмдү үшүткөндөн корком, сезимдеримди соолуткандан, жан дүйнөмдү жабыркатуудан корком. А сен сезим, жан дүйнө, көңүл деген сага майда сезилген, бирок өтө маанилүү сезимдер менен эсептешкенди билбейсиң. Өзүмчүлсүң... Мага ушул сапатың жакпайт. Кээде мен дагы ушунчалык өзүмчүлмүнбү, бул мени чагылдырып турган күзгүм эмеспи, Кудай сени менен өзүмдү көрсөтүп жатабы деп ойлонуп кетем. Билесиңби, адамдагы акыл бул-тигил сапат жакпайт дегени менен, жактыруу сезим жаман сапаттарга деле токтолуп отурбайт экен. Оркоюп көрүнүп турган нерсеге деле көз жумуп коё алат экенсиң. Сага жолуккандан кийин мен көп нерсеге үстүртөн карап, мурдагыдай кадала бербей калганымды байкадым. Окуучу кезде “Жамийла эмнеге Даниярды ээрчип кетти, башка деле адам табылмак да” деп Жамийланы Даниярга ыраа көрчү эмесмин. Көрсө, сезим келсе сага акыл калчатып отурбай баарына көз жумдуруп салат турбайбы. Акыркы жолу кездешкенде “биздин келечеги, максаты жок кездешүүбүздү көбөйтүүнүн кажети жок, болду, кездешүүлөрдүн чынжырын үзөм” дегем. Жолукпашым керек эле, бирок биз дагы да жолугуштук. “Жакшы эле баарын унуткарып качып жүрбөдүм беле... Сага эмне болуп кетти?” деп өзүмө жиним келди. Бирок кээде сезимдер акылдан күчтүүлүк кылат экен. Жан дүйнөмдөгү бир сезим мени сага жолугууга дагы да түрттү. Ушунча убакыт качканга жеткен күчүм, кээде жолугуудан баш тартууга жетпей калды.

– Сагындыңбы мени?- сени көбүрөөк ушул суроонун жообу кызыктырат.

– ...

Үнсүздүк, мен унчукпайм. Көз ачып көргөн адамым сен болуп жатсаң, анан кантип сагынбай коём, сагынам.

– Сен мени жаман көрөсүң, ээ?..

– Эгер сени жаман көрсөм жаныңа бир карыш жакын жолобойт элем го.

– Качып эле жүрбөйсүңбү...

– Качкандан башка жолду көрбөй эле турам.

– Кача бербечи...

Биздин диалог адатта ушундай эле. Терең, мазмундуу деле эч нерсе жок. Мага көбүрөөк пикир алышуу жагат, сени менен кеңири сүйлөшкүм келет. Бир-эки жолу диалог түзүүгө аракет кылып көрдүм. Бирок сен экөөбүздөн узакка созулган диалог деле чыкпаарына көзүм жеткен.

Сен таарынып калба, ээ?.. Биздин кездешүүдөгү жалаң жаман тарабын айтыпыр деп... Жаккан тарабыңды деле санай кетейин. Мага жашоодо эң эле жаккан сапаттардын бири – чечкиндүүлүк сенде бар. Анан дагы кең далы, чымыр дене, узун бой, күчтүү кол. Эч кимге тийишпей, бирок катылганды ордуна коюп коё алган мүнөзүң жагат. Мен өзүмдү сенин жаныңда корголгон адамдай сезем. Бул сезимди алгач ирет мага ал кездеги бейтааныш шаар сенин жаныңда сездирген. Сенин далыңа башымды жөлөп отурган кезде дайыма мен өзүмдү коопсуздукта сезем, ичимде ушул сезим орун алат. Бирок менин түбөлүккө баш жөлөөр адамым сен болбойсуң, мен дагы сенин эркелетер жан шеригиң болбойм. Анан эмнеге сенден канча качпайын, таптакыр бейтааныштардай алыстайын деген жолдун аягы кайра эле сени менен жолугушууга барып такалат?.. Сенден баш тартуу ушунчалык оор беле?..

 

Айжан

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1140, 10-16-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан