Биздин бул жолку каарман вайнер Эмил Токтошев экөө тамашалуу вайндарды тартып, көрүүчүгө жылмаюу тартуулап келет. Өзгөчөлүгү – боюнун кичинелиги. Бирок кеп бойдо гана эмес, Баяман мырзанын талантында жана аракетинде экен.
– Саламатсызбы, Баяман? Келиңиз, таанышалы...
– Саламатсыздарбы? Аты-жөнүм Сатыбалды уулу Баяман, 1997-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Үйдө жети бир туугандын кенжесимин. Улуубуз кыз, калганы баарыбыз эркек балдарбыз. Атам, апам, бир туугандарым, баары жакшы.
– Эмне үчүн социалдык тармактагы баракчаңызды “Баяман красавчик” деп атадыңыз?
– Эми “красавчикти” “красавчик” деш керек да, туурабы? Кудай узун бой бербесе да, сулуулук берген экен, ошон үчүн “красавчик” деп атагам (күлүп). Албетте, тамаша. Аккаунтту жаңы ачып жатканда досум экөөбүз ар кандай аттарды ойлонуп көрдүк. Анан досум “Баяман красавчик” деп койбойсуңбу” деди эле, жактырып, ошентип Баяман красавчик болуп калдым.
– Боюңуздун кыскалыгы – сиздин өзгөчөлүк экен...
– Бул эми Кудайдын бергени, ага каршы чыга албайбыз. Ал кандай жаратса, ошондой жашап өткөнгө мажбурбуз. Бул Кудайдан келген белек деп айтсам болот. Өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алам. Ушул кыска боюм мени элге таанытты. Элге өзгөчө көрүнүп, кызыгуулар көбөйдү.
– Качантан бери чыгармачыл чөйрөгө аралашып жүрөсүз?
– Чыгармачыл чөйрөгө 2019-жылдан баштап аралаштым. Айылдан Ош шаарына келип окууга тапшыргам. Ошол учурда Сыймык Дайырбек уулу деген тууганым аркылуу бул жактагы тамада, ырчылар менен таанышып калдым. Сыймык биринчи тойго алып барган. Ошондон кийин той жаатына кызыгып кеттим. Азыр да тойлордо, концерттерде ырдайм.
– Вайнер Эмил Токтошев менен тамашалуу видеолорду тартып жатасыздар, кантип чогуу иштеп калдыңар?
– Эмил байке менен 2020-жылы таанышкам. Башында анча жакын эмес болчубуз. Бара-бара тил табышып, мен анын көңүлүн таап, ага жакындай баштадым. Ёма байкенин артынан Бишкекке да барып киного тартылып келгем. Учурда социалдык тармактагы баракчаларыбыз аркылуу экөөбүз видео, вайндарды тартып, контент жасап, жарнамаларга да тартылып жүрөбүз.
– Элге ырчы катары таанылайын деп жатасызбы же вайнер катарыбы?
– Буга чейин ырчы катары, азыраак вайнер катары таанылып калдым. Бирок учурда көбүрөөк вайнер, актёр катары таанылганга аракет кылып жатам. Ырчылыкты секин-секин таштап жатам.
– Алдыда кандай пландарыңыз бар?
– Буюрса, жакшы-жакшы пландар бар. Келечекте шаардан үй алып, актёр катары өзүмдү таанытсам дейм. Өзүмчө алдыга койгон пландарым көп, алардын баарын айтууга болбойт. Биринчи ишке ашырып алып, анан мактанган жакшы го.
– Кайсы кинолорго тартылууга жетиштиңиз?
– “Чайки-Зайкинин” экинчи бөлүгүнө тартылгам, анда “Эй, тирик, жарымың кана?” деген сөз менен кичине атым чыкты. Андан башка киного катыша элекмин. Буюрса, алдыда Эмил байке экөөбүз башкы ролду ойноп жаңы кино тартабыз. Ошол киного тартылуу үчүн башка долбоорлорго катышпай өзүмө актив чогултуп жатам.
– Кесибиңиз боюнча кимсиз?
– Ошко келгенде Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам, бирок толук аяктаган жокмун. Тойго ыктап, колго бир аз акча кармап, элге азын-оолак таанылгандан кийин окуум калып кетти. Кесибим боюнча эч ким эмесмин азыр.
– Жашоодо эмнеден коркосуз?
– Жашоодо мен бир гана Кудайдан корком. Анан, чынын айтыш керек, аттан корком. Атка жакын жолой албайм, ат менен жакындаса ушундай качам дейсиз (күлүп).
– Буга эмне себеп болду эле?
– Бир классташым кичинемде ат менен коркута берчү. Ал улак чапчу. Бир жолу ат тепти беле же тиштеп алды беле, ошондон кийин аттын жанына баргандан корком.
– Бала кезде жоош белеңиз же шокпу?
– Шоктук кыла турган эч нерсе деле болгон жок. Бир кызыктуу окуяны айтып берейин. 3-4-класстарда окуган кезим болуш керек. Мектепке сумкага нан салып барып, курсак ачканда ошону жеп жүргөн учур эле. Мектепте аянтчада жыгачтан жасалган отургуч сыяктуу нерсе бар эле, аны эшек деп койчубуз, эшекке окшош эки буту бар, узу-ун жыгач эле, астында кызыл ашыкка чейин кум бар, ошонун үстүнө чыгып бири-бирибизди түртүп түшүрүп ойнойт элек. Бир жолу ошого чыгып нан жеп отургам, бир маалда артымдан бир кыз келип түртүп жиберди эле, бетим менен кумга жыгылып түштүм. Ошондо ушунчалык ачка окшойм, туруп бетимди деле тазалаган жокмун, кийимимди деле какпаптырмын, “наным кана, наным?” деп нанымды издеп ыйлаганым эсимде (күлүп). Классташ кыздар, балдар азыркыга чейин ошол окуяны эстеп айтып калышат.
– Чоңойгондо ким болом дечүсүз?
– Ырчылыкка кызыккан үчүн ырчы болууну кыялданчумун. Биздин мектепке Айбек Карымов, Гүланда деген ырчылар келип концерт коюп кетишчү. Ошондо аларды көрүп, мен дагы ырчы болсом, ушинтип эл алдына чыксам деген кыялдар болгон.
– Кимден коркчусуз?
– Классыбызда бир кыз бар эле, эркек десең эркек, кыз десең кыз эле да (күлүп). Ошол кыздан аябай коркчумун. Эркектер менен деле мушташып кете берет эле. Мени ал кыз жаман сабайт эле да (күлүп).
– Спорттун кайсы бир түрүнө кызыгасызбы?
– Ооба, кызыгам. Волейболго, футболго, анан кол күрөшкө кызыгам.
– Репертуарыңызда кандай ырларыңыз бар? Ыр да жазасызбы?
– Жок, ыр жазбайм. Өзүбүздүн улуу агаларыбыздын ырларын эле ырдап жүрөм, менин үнүм менен жаздырылган 3-4 ыр бар.
– Бирөөнү сүйүп көрдүңүз беле?
– Сүйүп көргөм, ооба. Эми мектепти бүткөнгө чейинки сүйүү тоок сүйүү дешет го. Мектепти бүткөндөн кийинки сүйүү – сүйүү деле эмес экен. Сүйүп көрдүм, сүйдүм, күйдүм дегендей. Жөн эле убактыбызды бекер короткон экенбиз, ал убакта жаш элек да.
– Учурда сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Дегеле кандай кыздар жагат?
– Учурда сүйлөшкөн кызым бар. Мени, ата-энемди, бир туугандарымды сыйлаган, мени колдогон, ыймандуу, мээримдүү, боорукер, тарбиясы жакшы кыздар жагат.
– Учурда эмнелерди кыялданып жүрөсүз?
– Учурда кыялданган нерсем – дагы да элге таанылуу, азыркы убакта деле Кудайга шүгүр, ушунчалык элге таанылып, эл оозуна алынып калганыма себепчи болгон чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнө, агайларга, устаттарга, тамадаларга чоң рахмат. Аларга кошуп мени эл алдына алып чыгып, көпчүлүккө таанытып жаткан Эмил байкеге да чоң рахмат айтам.
Гулийпа Маметосмон кызы