Адамдын ден соолугу, үй-бүлөлөрдүн урабай, бекем жана бактылуу болушу маанилүү. Ошондуктан бул жолу окурмандардан келген интимдик мүнөздөгү суроолорго адистен жооп алып берели дедик. Суроолорго уролог-андролог, сексолог Ильяс Исмаилов жооп берет.
– Жыныстык катнаш учурунда пассивдүүмүн. Баарын күйөөмө жүктөп, өзүм демилгени колго ала албайм. Бир нерсе кылуудан уялам, тартынам. Ушунданбы, айтор, көп учурда жыргалга батпай калам. Уялууну кантип жоготсом болот?
Гүлайым, Жалал-Абад облусу
– Баш кошкондон кийин аял-күйөөдө жыныстык жашоо башталат да. Мунун эмне уяты бар? Бул кадимки эле нерсе, табигый муктаждык. Андыктан жыныстык катнаш учурунда тартынуунун кереги жок. Өзүңүздүн үстүңүздөн иштеп, чектөөлөрдөн арылышыңыз кажет. Кыймылдагыңыз келсе кыймылдаңыз, кааласаңыз, тыбырчылаңыз, кыйкырыңыз, тиштегилеңиз, айтор, жан кумарына батууга аракет кылыңыз.
– Нике түндө эркек колуктусуна корс мамиле кылса, күчкө салып, кыйнап кошулса келинчеги “муздак аялга” айланып калабы?
Мирбек, Ош шаары
– Эгер жигит нике түнү өзүмчүлдүк кылып, келинчегинин ою менен эсептешпей, одоно түрдө жыныстык катнашка барса, анда келинчеги жыныстык катнаштан иренжип, ичинен күйөөсүнө таарынып, кийинки күндөрү жыныстык мамиледен чочулап же кача баштайт. Башкача айтканда, жигит өзүнүн орой мамилеси менен келинчегин “муздак аялга” айлантып алышы толук мүмкүн. Андыктан эркектер нике түнгө маани бериши зарыл. Шашылбай, келинчегин өөп-жыттап, кучактап, сылап-сыйпап, сүйүү сөздөрүн арнап, айтор, жыныстык катнашка даярдаганы оң. Алгачкы кошулуудан кийин 3-5 күнгө чейин жыныстык катнашка барбай туруу жакшы.
– Күйөөм экөөбүз кошулганда оорутат, ошондуктан жыныстык катнаштан качып турам. Албетте, бул нерсе жолдошума жакпайт, жинденет. Кийинки учурларда кызганчаак, ачуулуу болуп кетти. Макул болбосом күчкө салгандан кайра тартпайт. Эмне кылышым керек?
Назира, Бишкек шаары
– Эркек жыныстык катнашка барбай көпкө жүрө берсе, анда жыныс органдарына кан уюп, урук чыктагыч бези сезгенет. Акырындап жыныстык жактан шалдык жаралат. Ачуулуу болуп, эч нерсеге көңүлү чаппай, жашоого кызыкчылыгы жоголуп, уйкусу кача баштайт. Андыктан суроо салган аял күйөөсү экөө сексологго барып, кеңеш алышы керек. Сексолог экөөнүн жыныс органдарындагы өзгөчөлүктөрдү таап, кошулганда оорубай тургандай, эркек да, аял да оргазмга жете тургандай позаларды сунуштайт. Аял да, эркек да жыныстык катнашта үзгүлтүксүз жашаса, бел, баш оору, уйкусуздук сыяктуу илдеттер болбойт.
– Эркектер жыттан да дүүлүгөбү? Болсо кандай жыттар?
Айжаркын, Ош облусу
– Ооба, эркектердин жыттан дүүлүгө тургандыгын окумуштуулар аныкташкан. Бирок атырдын баары эле дүүлүктүрүшү мүмкүн эмес. Назик жыттар, мисалы, гүлдүн жыты эркектин мурдун өрдөп, сезимдерин кытыгылайт. Ар кимде ар кандай негизи.
– Күйөөм өөп-жыттап, сылап, айтор, жыныстык катнашка жакшы эле даярдайт. Кадимкидей эле дүүлүгөм. Бирок катнаш башталганда эле каалоом жоголот. Эч кандай ырахат сезбейм, бул эмнеден?
Акбермет, Нарын облусу
– Бул аялдын жыныстык жактан сезимталдуу жерин табыш керек. Балким, күйөөсү менен буга чейин жасап көрө эле башка ыкмаларда кошулушу кажет. Ар бир аялдын жыныстык сезимтал жерлери ар башкача болушу мүмкүн. Ошондуктан денени жакшыраак изилдеген туура.
– Аялым урушчаак. “Төшөктө начарсың” дейт да турат. Кызганып, “сол жактарга басып жатасың” деп да шектене берет. Бара-бара аны менен жыныстык катнашта болууну эңсебей баратам. Минтип жүрө берсем мамилебиз биротоло бузулбайбы деп кооптоном...
Медер, Баткен облусу
– Кээ бир аялдар күйөөлөрүн башкарып алуу аракетинде болушат. Күйөөсүнүн психикасына басым кылат. “Төшөктө начарсың” деп басынтып, ошол эле учурда төшөктө өзү деле муздак болушу мүмкүн. Мындай мамиленин аягы барып мамилеге доо кетирет, эркекти жыныстык жактан шалдыкка жеткирет. Эми суроо салган эркекке кеңеш: аялыңыз менен ачык сүйлөшүңүз, чогуу психологго, сексологго барыңыздар. Керектүү кеңештерди алып, үй-бүлөнү сактап калууга, ортодогу сүйүү мамилесин жандандырууга аракет кылыңыздар. Негизи жыныстык катнаш – мамилелерди бекемдеп, ден соолукту жакшыртууга мүмкүндүк түзөт. Чынында, эркек жылуу мамилени, эзилише сүйлөшүп отурууну, табигый муктаждыгын канааттандырууну аялынан издейт. Буларды аялы бере албаса, күйөөсүнүн жан дүйнөсүн боштук ээлеп, аны башкалар аркылуу толтурууну көздөй баштайт. Аялдар буга олуттуу карашы шарт.
– Күйөөм экөөбүздүн тең жыныстык катнашка кызыгуубуз жоголуп баратат. Эмнеден улам төшөгүбүз муздап баратканын билбейм. Кандай кеңеш бересиз?
Алина, Талас облусу
– Жубайлар жыныстык катнаштагы мамилени ийне-жибине чейин жаттап бүтүшсө, кызыгуу жоголот. Башкача айтканда, дайыма окшош ыкмада кошулуу жадатма боло баштайт. Бири-бирине болгон сезимдери да улам мокой берет. Андыктан ар кандай жаңы ыкмаларды колдонуп, сүйүү оюндарынын бир жолкусу экинчисинен башкача боло тургандай атмосфера жаратыш керек. Баары өзүңөрдүн колуңарда. Эркектердин көбү жыныстык катнаштан кийин тескери карап уктап калат. Андай учурда “иши бүткүчө эле керек экенмин” деп аял капа болот. Андыктан дароо уктап калбай бири-бириңерге жагымдуу сөздөрдү айтып, кучакташып чогуу уктоого көнгөн жакшы.
– Жолдошумдун жыныстык мүчөсү кичинекей, оргазм албайм. Төшөктө төп келбейбиз деп ажырашып кетүү туура эмес го. Эмне кылсак болот?
Бегимай, Ысык-Көл облусу
– Жыныстык катнашта ырахаттын туу чокусуна жетпей жатканыңызга жыныстык мүчөнүн кичинелиги себеп эмес. Болгону күйөөңүз сиздин дүүлүгүүчү жерлериңиз (эрогендик зоналар) каерде экенин билбейт. Андыктан ага андай жерлериңиз кайда экенин кылыктанып, көздү сүзүп айтып коюшуңуз керек го. Жыныстык катнаш ыкмаларынын түрүн колдонуп көрүңүздөр, экөөңүздөрдү жыргалга чөмүлтчү түрү сөзсүз табылат. Бири-бириңиздерге эротикалык массаж жасап берсеңиздер да болот.
Канымжан Усупбекова