Эгерде сиз кимдир бирөөгө (жигитке же кызга) сүйүү катын жазгыңыз келсе, анда төмөнкү текстти үлгү катары колдонуп көрүңүз. Ал үчүн андагы сызыкчалардын ордуна колдонулуучу кашаалардын ичиндеги сөздөрдөн улам тандап, астын сызып жүрүп отуруңуз. Жыйынтыгында, сүйүүңүздүн натура же халтура экенин билесиз...
Менин ардактуум жана жалгызым, сага толкунданып жана денемди майда калтырак басып турганда кат жазып жатам. Себеби, _____ (күн, жума, ай же жыл өткөн сайын) мени кыйнап жүргөн сүйүүмдү билдиргим келет. Сени укмуштуудай сулуу _____ (кулактарың, көздөрүң, чачтарың, буттарың, сепкилдериң, сөөлдөрүң, безеткилериң, тырыктарың, “алигиң”) бар үчүн сүйөм. Мен сага _____ (беш мүнөт, бир канча саат, күндөп-түндөп, жылдап, кылым бою) таза махабатым жөнүндө айта берүүдөн тажабайм. Сени _____ (парктан, ресторандан, театрдан, жер төлөдөн, дааратканадан, лифттен, столдун астынан, көчөдөн, чатырдын үстүнөн, бадалдын түбүнөн, көлдүн жээгинен, гараждан) кезиктирип, бул _____ (түбөлүктүү, беш мүнөттүк) сүйүү экенин дароо түшүндүм. Жаным, сенин _____ (көз карашың, жылмайганың, мурдуңдун учундагы чоң меңиң, кашыңдагы сөөлүң, оозуңдагы жараң) мени бир заматта сыйкырлап алды. Эми өзүңсүз таптакыр _____ (ичпей-жебей, жашай албай, уйку көрбөй, тамеки тарта албай, ичкилик ичкенге мурункудай көңүл болбой, дааратканага баргым келбей) калды. Жашоомдо мындай нерсе _____ (бат-баттан болуп турчу, биринчи жолу болуп жатат). Менимче, келечекте сен _____ (мени сүйөсүң, кафеге алпарып турасың, мага үйлөнөсүң, менден качасың). Анткени, мен сени өмүр бою күтүп келгем.
Сени сүйгөн _____ (натура, халтура).
Силер билесиңерби?
Сыналгыны көп көрүү төшөк кумарын азайтатСексологдордун изилдөөлөрү боюнча, сыналгыны чектен тышкары көп көргөн адамдарда төшөк кумарына болгон кызыгуу азаят. Анткени, төшөктөгү дүүлүгүү организмде жыныстык гормондордун бөлүнүп чыгуусунан улам пайда болот. Мындай гормондор сыналгыны (айрыкча триллерлерди, боевиктерди, эротикалык ар кандай көрсөтүүлөрдү) көрүп жатканда да организмде тынымсыз жана аз-аздан бөлүнүп чыгып отуруп, натыйжада, жыныстык гормондор секске чейин эле азая түшүп, адам төшөк кумарын эңсебей калат. Бул көбүнчө айымдарга тиешелүү. Себеби, алар назик болушкандыктан, ар кандай сериалдарды, ток-шоуларды жана башка көрсөтүүлөрдү ашыкча таасирленип, толкунданып көрүшөт. Бул айымдардагы энергияны төмөндөтүп, секске болгон сезимдерин мокотот.
Бул изилдөөдө бирдей курактагы бир канча түгөйлөр байкоого алынышкан. Жыйынтыгында, күн сайын 23:30дан кечиктирбей сыналгыны өчүргөн түгөйлөр жумасына 4 жолу кумарга батып, айымдардын 80, эркектердин 81 пайызы дүүлүгүп, рахат ала алышаары белгилүү болгон. Ал эми түнкү саат 2ге чейин ар кандай көрсөтүүлөрдү көрүп отура беришкен түгөйлөр жумасына эки гана жолу төшөк кумарына батышаары жана айымдардын 50, эркектердин 64 пайызы гана дүүлүгүп, кумарлана алышаары аныкталган.
Эротикалык сатира
«Молдо Чарык»
Бир аз кызып алган жаш жигит ат минип баратса, “алигиси” улам эле короюп калып, жатпайт. Жан киши жок ээн жерге барганда үзөңгүсүнө тура калып, “алигисин” уучтап кармап учурашып коёт:
– Аcсалоому алейкум, “молдо Чарык”, бир карыш, эки эли, башы жарык!
Бирок, “молдо Чарыгы” ат желген сайын өзү да “желип” жаткансып таптакыр жатпайт.
– Сыйды билбеген ит!- деп кызуу жигит “алигисин” шымынан чыгарып, ээрдин кашына коёт да, камчы менен бир чабат. Анысына камчы тиер замат өзү аттан бакырып учуп түшөт. Бир топко эси ооп жаткандан кийин көзүн ачса, “молдо Чарыгы” да шөлпөйүп, көгала болуп жатып калыптыр. Анда жигит ордунан араң туруп:
– Ушуну көрмөксүң,- деген экен кылганына маашырланып.
Даярдаган Астра Айдарова