Ырчы Назира Токонованын чыгармачылыгы убактылуу тыныгууда экен. Анткени ырчы айым экинчи наристесин жарык дүйнөгө алып келип, учурда бала тарбиясы менен алек. “Биринчи баламды кайненем чоңойткондуктан көп кылыктарын эстей албайм. Бул кызымдын үн салганын, күлгөнүн, жөрмөлөгөнүн, ар бир кыймылын көрүп элжиреп жатам” дейт ал.
– Куш келипсиз, Назира! Декреттик өргүү кандай өтүп жатат? Кызыңыз торолуп калса керек?
– Куш келдим, рахмат! Ооба, кызым 9 айлык болду. Былтыр орозо айында Кудайдан “кыз берчи мага да” деп аябай тилендим эле. Бир жылга жетпей кыздуу болдум. Биринчи баламды кайненем баккандыктан, анын кылык-жоруктарын көп эстей албайм, чынында. Азыр бул кызымда өзгөчө сезимдерге бөлөнүүдөмүн. Кыздын кылыктары башкача болот экен. Биринчи күлгөнү, үн салганы, жөрмөлөгөнү, ар бир жетишкендиги көз алдымдан өтүп, өзүмчө эле элжиреп жатам.
– Башында “Сага” деген ырыңыз хит болуп, чыгармачылыгыңыз активдүү башталды эле, кийин басаңдап, бир ыргакка түшүп калгандай болдуңуз. Бул турмушка чыкканыңыздан уламбы же башка себеби барбы?
– Негизи чыгармачылык аял киши үчүн оор нерсе экен. Аракет кылып эле жатам, бирок ошол “Сага” сыяктуу хит болчу ырды таппай жүрөм. Эптеп жаңы ыр жаздырышым керек деп эле “чача-пача” ырлардын санын көбөйткүм келбейт. Жаңы клип тарта элегиме 2 жыл, жаңы ыр жаздыра элегиме 1 жылдай болуп калыптыр. Жүрөгүмө жаккан, көңүл тоё турган ыр издеп жүрөм. Чыгармачылыкта өйдөгө чыгып кете албай же ылдыйга түшүп кетпей ортолукта жүргөнүмө, балким, үй-бүлө курганым да себептир. Балдарымды өзүм карайм, чоң балам бала бакчага барат, кызым колумда. Азыр кызымды сыркоолотпой чоңойтуп, бастырып алсам деген нерсе башкы максатым. Кудайга шүгүр, 16 жыл чыгармачылыкта жүрүп өз угармандарымды, күйөрмандарымды топтой алдым. Мен жаңы чыкканда азыркыдай интернеттен популярдуу болуу деген жок эле, эгер азыркыдай мүмкүнчүлүктөр ошондо болсо бир топ эле чокуда болмокмун деп ойлойм. Тирүү адамдын чыгармачылыгы токтобойт деп коюшат эмеспи, аман болсок баары алдыда.
– Обончулук да өнөрүңүз бар экен, эргүүлөр келип жатабы?
– 9-класста окуп жүргөн кезимде апам катуу ооруп калган. Ошондо алгачкы “Энекем” деген ырымды чыгаргам, бирок чоң сахнага биринчи “Сага” деген ырымды аткарып чыктым. Угармандар “бул ырды сүйүүдөн азап чегип жүргөндө чыгарган болуш керек” деп ойлошот экен. “Саганын” обонун тээ 2006-жылы жазгам, анда каяктагы сүйүү, каяктагы азап чегүү? Болгону ырдын тексти абдан жагып калгандыктан обон жараткам. Адегенде ырдын тексти жүрөгүмө жагыш керек, анан ошого жараша обондор чыга берет. Эргүү мага көбүнчө үн жаңырган бөлмө же имараттарда келет. Анан жан дүйнөм тынч, бейкапар жүргөн учурларда обон жаралат.
– Сахналаштардын арасынан кайсы ырчылардын ырлары жагат?
– Азыркы чыгып жаткандар аракет кылып жатышат, эмгектерин баалайм. Бирок “вау” деп суктана турган обондор жок, чынында. Менин көңүлүмдү толтуруп ырдаган ырчылар саналуу эле. Султан Садыралиевдин аткаруу чеберчилигин баалайм, ар бир ырдын обонун, текстин сезип, чучугуңа жеткире ырдайт. Алтынай Нарбаева эжекем да лирикалык ырларды мыкты аткарат.
– Маектериңиздин биринде “Элмирбек Иманалиев ырдабай эле үй-бүлөңдү алып кетчи деп кеңеш берген” деп айткан экенсиз...
– Ооба, Элмирбек байкем экөөбүз чогуу көп иш-чараларга катышып калдык. Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө да экөөбүз барган элек. Кээде телефон чалып, ден соолугумду сурап турчу. Бир жолу жолдошум экөөбүз Сокулукка ата-энемдикине бара жатсак чалып калды. Аны-муну сүйлөшүп, анан “карачы, жакшынакай жолдошуң, мотурайган балаң бар, мыкты ырдайсың, таланттуусуң...” деди. “Ии, эми мындан ары чыгармачылыгыңды улант, аракет кыл, иште” деп айтат го деп күтсөм, “бирок, карындашым, менин бир кеңешим, ырдабай эле үй-бүлөң менен бирге болчу” дебеспи. Анан бир аздан кийин “телефонду жолдошуңа берчи” деп суранды, күйөөм менен сүйлөштү. Элмирбек байке менен эмне деп сүйлөшкөнүн күйөөм азыркыга чейин мага айтпайт. Элмирбек байке айткан кеңештин түпкүрүн түшүнүп турдум, чынында. Үй-бүлөмдүн бекем болушун каалап мага ошол кеңешин айтты болуш керек. Чыгармачылыкта кылдын үстүндө баскандай жүрөсүң да, сени бирөө жок жерден каралап, жолдошуң ишенгидей калптарды айтып, үй-бүлөңдү бир заматта ажыраштырып салышы мүмкүн. Элмирбек байкенин айткандары азыр деле жүрөгүмдө. Ал эми жолдошум чыгармачылыгыма каршы эмес, тескерисинче, колдойт.
– Кыздын багы келин болуп барган жерине да байланыштуу деп айтылат эмеспи, кайын журтуңуз менен мамилеңиз кандай?
– Кыз киши үчүн кайын журтунун, күйөөсүнүн жакшы чыкканы – жарым бактысы. Мага экөөнөн тең Кудай берген. Кайнатам, кайненем экөө тең бриллиант адамдар. Турмушка чыкканыма 7 жыл болду. Жолдошум мээримдүү, боорукер, комкордугунан жаза элек. Аябай чыдамкай, ооруп жатсам үй жыйнап, тамак жасап коёт. Балдарды менден жакшы карайт, "бул аялдын иши, бул эркектин иши" деп бөлбөйт. Ал жанымда кезде эч нерседен коркпойм, чоң бир колдоону, таянычты сезем.
– Кыялыңыз эмне?
– Адам тойбойт да, болгон сайын дагы болсун дей берет. Мисалы, жолдошум экөөбүздүн үйүбүз жок эле, жакында үйлүү болдук. Эми ошол үйдү чоңойтолу деп аракет кылып жатабыз. Негизи жутунган адам эмесмин, барга шүгүр, жокко каниет кылып эле жашайм. Максаттар ишке ашкан сайын жаңы максаттар пайда боло берет экен.
– Жолдошуңуз тапканын сизге береби же үйдө “каржы министри” өзүбү?
– Айлыгын алып келип эле мага карматат, анан кайра “жол киреге акча берчи” деп сурайт (күлүп). Жолдошумдун акчасын үнөмдөп колдоном, ал эми өзүмдүн тапканымды бат эле чачып жок кылып салмайым бар.
Кыска-нуска
– Сиз баргыңыз келбеген өлкө?
– Согуш болуп жаткан өлкөлөргө баргым келбейт. Сирия, Ооганстан, Иран жана башкалар.
– Сизге жакпаган ырчы?
– Учурда Пи Диддини аябай жек көрүп жатам (күлүп).
– Эмнеден жийиркенесиз?
– Көчөдө какырып-түкүрө берген адамдардан.
– Эмнени эксперимент кылып көргүңүз келет?
– Чачымды дайым кара түстө алып жүрөм, эксперимент катары ачык түскө да боёгум келип жүрөт.
– Стресс, депрессия абалынан кантип чыгасыз?
– Жашыкмын, көбүнчө ыйлап эле чыгарып алам.
– Көп алданасызбы?
– Болуп турат. Ишенчээк болгонум үчүн бир жолу бирөөлөр клип тартып беребиз деп алдап кетишкен.
– Эмнеден коркосуз?
– Бөөдө кырсыктан, оорудан.
Лунара Бекиева