Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук 24 пайызга өскөнү айтылды
Өлкөбүздө үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны өсүүдө. Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, 2024-жылдын 8 айында эле 10 567 зомбулук катталды. Бул 2023-жылдын 8 айындагы көрсөткүчкө салыштырганда 24,1 пайызга көп. Жыл башынан бери 9425 адам үй-бүлөлүк зомбулуктан убактылуу коргоо ордерин алса, мунун ичинен 8976 жаран аял, 449 жаран эркек. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча 2611 протокол түзүлүп сотко жиберилгенин билдирет ИИМ.
Жыйынтыгында сот чечими менен 933 жаран коомдук жумуштарга тартылып, 1285 жаран камакка алынганы айтылды.
Убактылуу коргоо ордери – үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ.
Айта кетсек, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргеликте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы резолюция даярдап, документ жакында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин кезектеги сессиясында бир добуштан колдоого алынды.
“Үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн чечүүгө багытталган резолюция БУУнун аталган кеңешинин жыйынында биринчи жолу талкууланып, колдоого алынды” деп билдирди Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги.
Эски үлгүдөгү доллар колдонуудан чыгарылдыбы?
Кыргыздын Улуттук банкы “эски үлгүдөгү доллар жүгүртүүдөн чыгарылды” деген маалыматты төгүндөдү. Маалыматка таянсак, Улуттук банкка “ак доллар” деп аталган валюта колдонуудан чыгарылды, коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар андай акчаларды албай жатат” деген маалымат тарап жатканын айтып кайрылгандар көп болууда. Улуттук банк муну “жалган маалымат” деп атап, Улуттук банктын чет өлкөлүк валютаны, анын ичинде АКШ долларын жүгүртүүдөн алып салууга укугу жок экенин билдирет.
Тактай кетүүчү жагдай – “ак доллар” деп 1996-жылдан 2006-жылга чейин чыгарылган АКШ доллары аталып жүрөт. Ал ачыгыраак түсү менен “жаңы” доллардан айырмаланат.
– “Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк накталай акча менен операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, чет өлкөлүк валютаны сатууда, сатып алууда же алмаштырууда банктар жана акча алмаштыруу жайлары кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө, төлөм каражаты катары күчүн жогото элек валютанын статусуна жана чыгарылган жылына карап ар кандай курстарды коюуга укуксуз,- деп билдирет Улуттук банк.
Эски үлгүдөгү долларын алуудан баш тарткан учурда жаран Улуттук банкка кайрылса болот.
Төө-Ашууда кар жаап, 1000дей унаа тыгында калды
16-октябрь күнү түнү Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жолунда 129-132-чакырымдарында кар жаап, жол тайгак болгондуктан жол тыгыны жаралган. Мындан улам ашууда 1000ге жакын унаа токтоп, жүргүнчүлөр таң аткыча жолдо түнөшкөн. ӨКМ оор жүк ташуучу унаалар жайкы дөңгөлөктү алмаштырбагандыктан жолду тосуп калып, болжол менен 4-5 чакырым узундукта жол тыгыны пайда болгонун айтты. Мындан улам Транспорт жана коммуникациялар министрлиги оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө койду. Окуя болгон жерде ӨКМдан 66 куткаруучу, 14 техника тартылып, "Арал" жана "Сосновка" өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Мындан тышкары куткаруучулар жол тыгынында калган жарандарга ысык тамак таратып беришкен. 16-октябрь күнү түштөн кийин бир тарапка унаалар өткөрүлө баштап, жеңил унааларга коюлган чектөө алынган.
Эстеликтер эми баары жыгачтан жасалат
Кыргызстанда кымбат баалуу мүрзө таштарын коюуга мындан ары тыюу салынды. Президент Садыр Жапаров “Сөөк коюу жана сөөк коюу жөрөлгөсү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда президент документтин мазмунун “Азыркы кыргыз коомчулугунда маркумдун жакындары таштан, граниттен, мрамордон жасалган эбегейсиз чоңдуктагы күмбөздөрдү курууда, ал мүрзөлөр кымбат металл тосмолор менен курчалган, бул ашыкча ысырапкорчулук. Биз бул жарлык менен маркумду акыркы сапарга узатуу салтын, жерге берүү үрп-адаттарын иретке келтирип, социалдык теңдикти камсыз кылууга аракет кылдык” деп түшүндүргөн. Ошондой эле президент Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына эстеликтерди орнотууга жана таш, гранит, мрамор жана металлдан тосмолорду орнотууга тыюу салган фатваларды берүүнү тапшырды. Жарлыкка ылайык, мүрзө таштарын эми жыгач материалдардан гана жасоого болот жана алардын бийиктиги 70 сантиметрден ашпашы керек.