Ашкабактын сезону: Менюда кайталангыс даамдар

Ашкабактан бир нерсе жасоодо кайсы азыктар менен жакшы айкалышарын билип алганыңыз эп. Анткени бири-бири менен айкалышкан азыктарды кошкондо алар жаңы тарабынан ачылып берет. Бул жолку дасторконубуздун “коногу” болгон ашкабак сырдын түрлөрү, өсүмдүк майы, малдын майы менен да жакшы айкалышат. Ошондой эле жумуртка, бал жана татымалдардан мускат жаңгагы, корица, тимьян, укроп, розмарин, базилик менен өзгөчөлөнүп ачылат. Сарымсак, козу карын, балыктар да булардын катарында экенин унутпаңыз. 

Эмесе, бул айкалыштардын кээ бирин алып, төмөнкү рецепттерди сизге сунуштадык.

АШКАБАКТАН БЕЛГИЛҮҮ АМЕРИКА ПИРОГУ

Ыраазычылык айтуу майрамында Америкада сөзсүз дасторконго коюла турчу пирог. Жумшак, өтө таттуу эмес даамы менен негизи эле бардык майрамдардын көркү да болуп алган бул даамды сиз да жасап көрүңүз, кайдыгер калтырбайт.

Керектелүүчү азыктар

(6-8 порция үчүн)

Камыры үчүн:

Ун – 320 грамм

Каймак май – 120 грамм

Жумуртка – 1 даана

Туз – 2-3 чымчым

 

Толтурмасы үчүн:

Ашкабак – 1 килограмм

Коюу сүт (сливки 33%) – 250 грамм

Жумуртка – 3 даана

Кумшекер – 6 аш кашык

Бал – 4 аш кашык

Упаланган имбирь, корица 0,5 чай кашыктан

Упаланган мускат жаңгагы,

Гвоздика – 1/4 чай кашыктан

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Муздаткычтан каймак майды алып чыгып, майда бөлүктөргө бөлөбүз да, туз себеленген унга кошуп үбөлөйбүз. Үстүнө жумуртканы чегип, камыр жууруйбуз. Колдун жылуулугун өткөрбөй бат-бат жууруу керек. Ошондо бышканда катуу болбой, оозго саларың менен үбөлөнгөн жумшак камыр даяр болот. Камырды целлофанга ороп, жарым саатка муздаткычка салабыз.

2. Ашкабакты чарчы туурап, түбү калың мискейге же көмөч казанга салабыз. Үстүн көмгүдөй суу куюп, отко 20-25 мүнөт коёбуз. Бышкан ашкабакты вилканын жардамы менен эзебиз да, көзү майда сүзгүчкө же дакиге салып, ашыкча суусунан арылтабыз.

3. Тыныккан камырды алып жука жайып, майланган электр табасына салабыз. Камыр капталдарына да чыгышы керек. Вилка менен бетин сайгылап,
180 градустагы электр мешине
10 мүнөт салабыз.

4. Бул убакта толтурмасына керектелүүчү бардык азыктарды бир идишке салып, миксер менен чалабыз. Акырында ашкабак пюресин салып аралаштырып, электр мешиндеги камырдын үстүнө куябыз. 180 градуста 40 мүнөттө бышат.

5. Бышкан кезде формадан чыгарбай муздаганча күтөбүз. Үстүн коюу сүттөн (33%) чалынган крем, жаңгактар менен кооздоп узата берсеңиз болот.

 

АШКАБАК МЕНЕН ВИНЕГРЕТ САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар (2-3 порция үчүн):

Картошка – 200 грамм

Сабиз – 100 грамм

Кызылча – 100 грамм

Ашкабак – 100 грамм

Маринаддалган козу карын – 50 грамм

Ачытылган капуста – 50 грамм

Жашыл буурчак –
30 грамм

Кызыл пияз – 10 грамм

Горчица даны – 1 чай кашык

Өсүмдүк майы – 20 миллилитр

Шарап же алма уксусу – 1 аш кашык

Туз, татымал – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач эле ашкабакты чарчы туурап, татымалдардан себелеп, бир аз май куюп аралаштырабыз да, 180 градуска электр мешине 15-20 мүнөт коюп бышырабыз.

2. Калган жашылчаларды сууга бышырып алабыз да, тазалап, чарчы туурайбыз. Козу карынды чоңураак, пиязды болушунча майда туурайбыз.

3. Буурчакты кайнаган сууга салып, 5 мүнөт кайнатабыз. Бышкан соң жашыл түсүн сактап калуу үчүн муздак сууга салып алып чыгабыз.

4. Өсүмдүк майына татымалдарды, горчица жана уксусту кошуп бир массага келгенче аралаштырып соус даярдайбыз.

5. Бардык азыктарды соус менен аралаштырсак өзгөчө салатыбыз даяр болот.

 

АШКАБАКТАН РАВИОЛИ

Керектелүүчү азыктар (4-5 порция үчүн)

Камыры үчүн:

Ун – 350 грамм

Жумуртка – 4 даана

 

Толтурмасы үчүн:

Ашкабак – 300 грамм

Рикотта сыры – 200 грамм

Жумуртканын сарысы – 1 даана

Туз, мускат жаңгагы – татымына жараша

 

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Ундун төрттөн бир бөлүгүн алып, калганына жумуртканы чегип камыр жууруйбуз. Алып калган унду керектелгенине жараша улам кошуп ийлеп камыр жууруйбуз. 20 мүнөт тыныктырып коюу керек.

2. Ашкабакты аарчып, туурап, электр мешине 30 мүнөт салып бышырып алабыз. Бышкан соң эзип, рикотта сырын, жумуртка жана татымалдарды кошуп аралаштырабыз.

3. Камырды жука жайып, тик бурчтарды кесип алабыз да, жарымына толтурмадан 1 чай кашыктан салып, жарымы менен жаап бекитебиз. Чекелерин фигуралуу бычак менен кесип койсоңуз болот.

4. Кайнап жаткан сууга туз татытып, 5-7 мүнөт бышырабыз. Сыр менен ашкабактын мыкты айкалышындагы равиолибиз даяр! Тамагыңыз даамдуу болсун!

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1141, 17-23-2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан