Белгилүү төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шекербек Адылов агабыз менен баарлаштык. Айтыштагыдай эле салмактуу, маңыздуу кеп куруп берди. Төкмөлүк өнөр, залкарлар, турмуштун оош-кыйыш учурларын сүйлөштүк.
– Шекербек ага, концерт берүүнү пландап жатыпсыз. Даярдыктар кандай?
– Кудайга шүгүр, даярдык кызуу жүрүп жатат. “Айтыш” коомдук фондундагы балдар “агай, чыгармачылык кечеңизди өткөрүп берели. Устатыбыздын досусуз, сиз да устатыбызсыз” дешкенинен дем байлап киришип калдым. Концертте айтыштар, термелер, тамашалар, менин сөзүмө жазылган ырлар ырдалат. 10 жылдай изилдеп жүрүп, “Бишкек баатыр” деген дастан жазгам. Манас десе баарыбыз Манас атабызды эстейбиз, Бишкек десе көбү билбейт. Бишкек да баатыр болгон, жерибизди 100 жыл калмактар ээлеп турганда Бишкек баатыр элдин эңсеген тилегин ишке ашырып, каганат курбаса дагы, калмактарды Ысык-Көл, Чүй, Нарын, Талас жергесинен сүрүп чыгарган экен. Жаңы заманда жаңы нерсе жаратышыбыз керек деп “Бишкек баатыр” дастанын жазып, азыраак нускада китеп кылып чыгаргам. Концертте ушундан үзүндү коюлат.
– Жакшы экен. Сизди төкмөлүк өнөргө алып келген жолду баяндап берсеңиз...
– Атам Кубаныч таланттуу, комузду мыкты черткен, жакшы ырдаган киши эле. Кадимки залкар акын Токтосун Тыныбеков бир жолу айылга барып калганда атам саламдашып ырдаса, ал киши “сенин ишиң биз менен экен, мен бул жакты тактап билип анан сени чакырам” дейт. Ал арада атам аварияга кабылып, 22 жашында 1-топтогу майып болуп калат. Үйдө Алымкул Үсөнбаевдин саргыч тарткан, эски китеби, пластинкада Эстебес Турсуналиев атабыз аткарган ыр бар эле. 6 жашымда ошол китептин бетип ачып, пластинкадан Эстекемди уккан боюнча колума комуз алып, черткенди деле билбейм, койгулап эле “анда Током, анда мен” деп калам. Анда атам “оо, Алымкул келип калган турбайбы, ырда” деп койчу. Тамга таанып калгандан баштап “Манасты”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” дастандарын окута баштады. “Мен көрбөйм, сен окуп берчи” дечү. Окуп жатканымда “бул жерин туура эмес окуп кеттиң, кайра окучу” деп жүрүп атам мени ушул руханий жолго киргизди. Баскан-турганда атамды жетелеп жүрүп атам экөөбүз жакын сырдаш болуп калганбыз. Бирок уялчаак элем, мектепте ырдачу эмесмин. Бир жолу Жаңы жылда мектептеги Мурат Батишов деген агайым “жамактап ырдап чыгасың” деп тапшырма жүктөп койду. Биринчи жолу даярданып, ырдадым. Ошондо агайлар, туугандар “оо, акын турбайсыңбы, атаңды тарткан турбайсыңбы” дешсе толкунданып, ошондон тарта кызыгуум артты. Кошунабыздын радиосу бар эле, радиодон Тууганбай Абдиев атабыз ырдап калса, жүгөрү талаасына бекинип алып укчумун.
– Анан шаарга келип, Тууганбай Абдиевдин колунда окуп калдыңыз?..
– Шаарга келип, Кыргыз Эл акыны Амантай Кутманалиевг учурашып ырдап барып, Мурадил Сагыналиев, Элмирбек Иманалиев сыяктуу чыгаандар менен тааныштым. Элмирбек “мен Тууганбай Абдиев атабыздан окуп жатам, жалгызмын, кел, шерик болобуз” деп чакырды. Ошентип Улуттук филармониянын алдындагы студияга тапшырып, Тууганбай атанын колунда 2 жыл окудук. Анда өлкөбүз жаңыдан эгемендик алып, казынада эч нерсе жок, “кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты” деп загара нан жеп калган учур. Ачка-ток калып, шаарды жөө кыдырып жүрүп окудук. Тууганбай ата окууну бүткөндө Таласты бир айдай кыдыртып алып жүрдү. Ал убакта өкмөт план койчу экен, келип “планды ашыгы менен аткарыптырбыз. Эми Тууганбай атындагы топ түзүп, күзүндө түз эле филармонияга келесиңер, ушул жерде иштейбиз” деп сүйүнүп чыкты. Ар бирибизге 400 сомдон карматты, анда стипендия 20 сом. 400 сом эми бизге, о-уу, түгөтө албай койдук (күлүп).
Тилекке каршы, каатчылыктын айынан ал топ ачылбай калды. Тууганбай ата “балдар, бул заман да оңолор, жеңил-желпиге алаксып кетпегиле, кыргыздын нукуралуулугун жоготпогула, акыры бир күнү эл кыргыздын акынын, “Манасын”, дастанын уккан заман келет. Элдин карды тоюнса, кыргыздын канында бар, кайра эле угат” дечү. Билгендей айткан экен, Кудайга шүгүр, азыр мына 2 күндүн биринде тойдо да акындар. “Айтыш” фонду түзүлүп, акындын баары түптөлүп чыкты, айтыштын баркы көтөрүлдү.
– Элмирбек Иманалиевдин “ар бир ырымда өзүм жашайм” дегени бар. Сиз да ырларыңызда жашайсызбы?
– Мен өзүм жашаганды эле ыр кылам. 1993-94-жылдары жазылган термелерим бар. Ошол убакта кандай учур болуп жатканы, койкоюп костюм-шым кийип, сумканы көтөрүп алып жаштарды башка агымга үгүттөп жаткандарды терме кылып жазгам. “Ий, сен эл менен жүргөн турбайсыңбы, эл ичинде саякат турбайбы” деп Тууганбай ата темасын өзү коюп берген. Андан кийин “Заман ырын” жаздым. Андан башка “Тирүүлүк” жана башка ырларым бар. Жазган ырларыма обон чыгарылып, ырдалып да жүрөт. Адам өзүн эле жазат экен негизи, өзүңдү таанып бүтө албайт экенсиң да.
– “Идаят” аттуу ашыктык ырыңыз бар, ушунун тарыхы кызыктырат...
– (Күлүп) Бул эми жаш кезде жазылган. Элмирбек, Сыймык (ред.: Бейшекеев) үчөөбүз ыр жарыш кылабыз, бир күнү Сыймык, бир күнү мен, бир күнү Элмир жазат. Жанагы Элмирдин “Ай секет” деген ыры, Сыймыктын да бир ашыктык ыры ошондо чыккан. Бул “Идаят” да ошондо жазылды. Үчөөбүз бири-бирибиздикин сындайбыз анан. Бул эми жаштык кездеги сырттан карап, жакшы көрүү сезими менен жазылган чыгармалар. Түштүк тарапта ушундай ысымдар бар. Кыргыз Эл баатыры Төлөгөн Касымбековго көп барып, сырдашып калдым. Ал кишиге “ушундай ыр жаздым, темасын айрымдар түшүнбөй жатышат” десем, “абдан жакшы коюпсуң, бул арабча хидаят, баян да, бизге идаят болуп калган” деп бекемдеп берген. Ошол бойдон калды. Идаят деген кызды Шамалды-Сайда 66-кесиптик техникумда окуп жүргөн кезде көргөм. Кийин ырды жазганда ошол атты тандадым.
– Төлөгөн Касымбеков менен туугандык жайыңыз барбы?
– Айылдашпыз, урууларыбыз эки башка. Биздин айылдан чыккан залкар таланттар көп. Аксы районунун Ак-Жол айылынан күү атасы Ниязалы комузчу, Төлөгөн Касымбеков, Темиркул Үмөталиев, Токтосун Тыныбеков, Тургуналы Молдобаев, Тынчтыкбек Нурманбетов, Зайырбек Ажыматов чыккан. Куттуу жер деп айылым менен сыймыктанам.
– Сиздеги талантты өстүрүп-багууда жубайыңыздын да салымы чоң болуш керек?..
– Келинчегимдин аты Чолпон, кесиби боюнча энергетик. 5 кызыбыз бар, улуусу 19га чыгып калды. Кыйын мезгилдер өттү, батирден батирге көчүп, Бишкекти эки айландык окшойт. Ошондой учурда сабыр кылып, мага дем берип турду. 2017-жылы Токтосун Тыныбеков атабыздын 90 жылдыгын уюштурсам, анча-мынча бут тосуулар болуп, таарынып барбай калдым. Ошондо аян түш келип, Токтосун ата кемсели, кемери менен “тур, сен кылбасаң ким кылат?” деп башымдан жумшак колу менен сылап жатат. Көзүмдү ачсам эч ким жок, келинчегиме айтсам “аян келип жатыптыр, колдойт экен, таштаба” деди. Ошентип Аксыда Токтосун атабыздын 90 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленип, чоң айтыш өткөрдүк. Аксакалдар мени кучактап ыйлашып, “Токомду бир оодардың, тирилттиң” дешти. “Бишкек баатыр” дастанын жазганга да келинчегимдин салымы бар. Анын түшүнө Төлөгөн Касымбеков кирип, “ой, тигиге айт, 80-бетти ачсын, ошону карасын, жазсын жүрө бербей” дептир. Төлөгөн Касымбеков Бишкектин атын шаарга берүүгө бирден-бир себепчи болгон киши.
Таянычым, тоом – атам эле. 2008-жылы атам өттү, андан кийин апам ооруп, ал да каза болуп калды. Ошондо айтыштарга катышпай, кадимкидей четтеп калдым. Ошондой учурларда келинчегим дем берди. Ал болбосо чүнчүп жок болуп кетмекмин. Ушундай колдоосу үчүн ага ыраазымын.
Гулийпа Маметосмон кызы