«БҮРКҮТТӨР ТАЗА, КИЙИКТЕР БООРУКЕР БОЛУШАТ». Табият дүйнөсү егердин көзү менен

Табият сырларын жакшы билгендер – егерлер. Жашоосу жаратылышка, жаныбарларга тыгыз байланышып, жайы-кышы тоо-ташты аралап жүргөн адистердин бир күнү экинчисине окшобойт. Жети-Өгүздөгү Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругунун егери Өмүрбек Курманалиев бизге курган маегинде кызыктуу фактыларды айтып берди. 

«Корукта 7 миң гектар жерге мен жоопкермин»

– Егерь болуп Сарычат-Ээрташ коругу түзүлгөн күндөн тарта – 29 жылдан бери иштеп келе жатам. Коруктун жалпы аянты 149 миң гектарга жакын. Менден тышкары 14 егерь иштейт, ар бирине орточо 7 миң гектардан аймак бөлүнгөн. Деңиз деңгээлинен 4-5 миң метр бийиктиктеги ашууларды ашып, ар ким өзүнө тиешелүү аймагын жайында 1 айда 4, кышында 2 жолу кыдырып чыгат. Коруктун өзүнүн аттары бар, ошолорду минип алып кыдырабыз. Бул жерде кышында түкүрүк жерге түшпөй тоңо турганчалык суук болот. Кар көп жаагандыктан күрткү басып, аттарды кыйнайт. Карды жиреп бир нече чакырым жол басыш керек дегендей. Муздан тайгаланып кулап же аскадан учуп кетүү коркунучу да бар. Бийиктикке көнбөгөн адамга бул жакта жүрүү кыйын. Кээде кышкысын топ-топ болуп чыгабыз, анткени жалгыз жүрсөң карышкырлар кол салышы мүмкүн. Аркар, илбирс, аюу, жору, карышкыр сыяктууларды жакындан көп эле жолу көргөнбүз.

«Биздин корукта 3 миңдей аркар бар»

 – Биздин жумуш – жаныбарларга, канаттууларга, өсүмдүктөргө жана алардын жашоосуна байкоо жүргүзүп, коруп, санап, байкагандарыбызды жазып, маалымат чогултуп турабыз. Браконьерлерден жаратылышты коргойбуз. Жаныбарлар суу иччү жерлерде таш кулап тоскоолдук жаратса, ал жерди тазалайбыз. Кайсы тилкеде кайсы жаныбарлар байырлап, канча гектар аймакка ээлик кыларын, карышкыр жеп кеткендеринин санын да билүүбүз зарыл. Келгин куштардын кайсылары кайсы айда келип-кеткенин, жаныбарлардын төлдөрүн да каттайбыз. Айрымдарынын балдары туулгандан тарта телчиккенге чейин биздин көз алдыбызда чоңоюшат. Жаныбарларды коргоо жана санын эсептөө багытында көбүнчө илбирстерге, ар кайсы жерлерге “фотоловушкаларды” коюп турабыз. Андай камералар биздин корукта 100дөй бар, 2 апта мурун эле 40 жерге койдук. Илбирстердин терисиндеги темгилдердин түзүлүшү бири-бириникине окшошпойт, ошондуктан камералардагы сүрөттөргө карап илбирстин санын тактоого мүмкүн. 1997-жылы корукта 600 аркар болсо, учурда 3 миңден ашат. Ошол жылдары илбирстерди көрчү эмеспиз, изин да тапчу эмеспиз. Азыр саны акырындык менен өсүп жатат.

 

«2002-жылы май айында 2 метр кар жаап кийиктер кырылган»

– Биздин корукта өсүмдүктөрдүн 293, жаныбарлардын 20дан ашык, канаттуулардын 89, балырдын 20, козу карындардын 25, мохтордун 15,
эңилчектердин 40ка жакын түрү кездешет. Алардын ичинен Кызыл китепке киргизилгендери – семёнов жапайы пиязы, кашкар бөрү карагаты, сызгыч чегендер, кыргыз тыйынчанагы, соссюрея, ак маңдайдай, жаныбарлардан – илбирс, аюу, бүркүт, жору, сүлөөсүн, аркар-кулжа жана башкалар бар. Суур, тоо эчкиси, чөө, карышкыр, түлкү, коён сыяктуулар көп. Корукта табигый шор жерлер бар, ошондуктан жаныбарларга туз чачпайбыз. Туз мүйүздүн өсүшүнө зарыл болгондуктан кийиктерге, анан бооз жаныбарларга өзгөчө керек. Негизи эле жапайы макулуктарга туз минерал катары иммунитетинин чың болушу үчүн зарыл.

Чөп да чачпайбыз кышында, анткени күнгөй беттеги карлар эрийт, кар алдында калган чөптөрдү жешет. Анын үстүнө чөп чачканда деле тоо башындагы жаныбарлар чөп жейбиз деп ылдыйга түшүп келишпейт.

Канаттуулардын жазгы, күзгү миграция кезинде коруктун үстүнөн каркыра, жапайы өрдөк-каздар учуп өтүшөт. Корукта көл, көлмөлөр жок болгондуктан чанда гана конушат. 2002-жылы 29-майдан тарта бир топ күн токтобой кар жаап, калыңдыгы 2 метрге жеткен. Ошондо кар астында калып аркар, эчки-текелердин бир тобу кырылып калган.

«Кийиктер ылдыйласа жамгыр жаап, куштар ылдыйласа шамал болот»

– Жаныбарлардын жашоосуна байкоо жүргүзүп жүрүп көп нерсени билдим. Кийиктер үйүр-үйүрү менен тээ бийиктен ылдыйга түшүп келишсе, демек, кар же жамгыр жаай тургандыгынын белгиси. Зоолорду байырлап жүргөн канаттуулар ылдыйлай башташса катуу шамал болот. Жапайы болгону менен, кийиктердин төлдөөгө даярдануу инстинкти жакшы өнүккөн. Мисалы, шамал көп тийбеген ылымта жердин чөптөрүнө тийбей, башка жактан оттошот. Анткени бооз кийиктер төлдөгөн соң ошол аймактан алыс кетпей баласын ээрчитип оттогонго ыңгайлуу.

Бүркүттөр жыл сайын бир эле уяны уялай беришпейт. Бузуп, эскисин четке жылдырып, башка уя салышат. Жылуу болсун деп жүн, эрмен, шыбак сыяктууларды ташып келишет. Эрмен, шыбак бар үчүн уяга бүргө жолобой, балапандары жүдөбөй, арыктабай, сергек чоңоюшат. Бүркүттөрдүн ушундай табигый акылмандыгы да бар. Балапандарына ташып келген сөөктөрдүн артканын өзү жеп, калдыктарын алыс алып барып таштап келет. Анткени жакын жерге таштаса, сасып, курт-кумурска басып кетерин билет, ошого уясынын тегерегин таза кармайт.

Аркар ооруп же башка себептен өлсө, энесиз калган козучарын башка аркар эмизип, бала кылып асырап алат. Ушинтип энесиз калган козучар ит-кушка жем болбой, аман-эсен жетилет. Бул аркарлардын боорукердиги, энелик инстинктинин мыкты өнүккөнү десе болот.

«Колго түшкөн браконьер егерди мылтыгы менен коркуткан»

– Кудайга шүгүр, браконьерлик азайды. Буга егерлердин тынбай жакшы иштеши, жаныбарларды аткан, кармагандарга салынган айып пулдун суммасынын өсүшү да салым кошууда. Бир жолу корукка жакын жайгашкан айылдын бир тургуну аркарды мыйзамсыз атып өлтүргөн. Аны егерь кармап, окуяны видеого тартып алат. Бирок тиги тургун егердин телефонун тартып алып, андагы видеону өчүрүп, куралы менен 3 саат коркутуп кармап отурган. Ушинтип жоопкерчиликтен кутулуп кетем деп ойлогон. Бирок кийин егердин телефонунан өчүрүлгөн видеону программисттер калыбына келтирип, тигил адам жоопко тартылган. Акыркы жылдары коруктун өзүн, жаныбарларды, өзгөчө илбирсти көрүүгө кызыккан чет элдиктердин саны өсүүдө. 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1141, 17-23-2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан