Түрктөрдүн популярдуу “Зимородок” сериалындагы Абидиндин образын жараткан актёр Эрсин Арыжыга көңүл бурууга мезгил жетти. Сериалда алгач Корхандардын үй-бүлөсүндө айдоочу, Фериттин досу болуп жүргөн Абидин 3-сезонда өзү Корхан болууга чейин жетти. Сценаристтер дагы эмне жаңылыктар менен таң калтырат, алдыда көрө жатарбыз. Ал эми азыр Эрсин Арыжынын камера артындагы жашоосуна көз чаптырыңыз.
Туулган жери: Түркия, Шанлыурфа
Туулган жылы: 1991-жыл, 7-июль
Жылдыз белгиси: бөйөн
Бою: 186 сантиметр
Кесиби: актёр
Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Морт жашоолор”, “Якамоз 245 суу алдындагы кайыгы”, “Кетпе”, “Зимородок” жана башка
Тарыхый шаарда төрөлгөн
Шанлыурфа. Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан бул шаардын байыркы аты Эдесса, андан кийин Урфа, 1983-жылы француз окупанттарына каршы согушта жеңишке жеткенден кийин Шанлыурфа аталышына ээ болгон. Шаардын тарыхына байланышкан фактылары көп, алардын бири Шанлыурфада еврейлердин башында турган Авраам жашаган делет, андыктан ал “пайгамбарлардын калаасы” деген ишеним бар. Түркиядагы эң ысык делген аймактардан, жайы кургак ысык, кышы нымдуу суук шаарда биздин бүгүнкү каарман актёр Эрсин Арыжы жарык дүйнөгө келген.
Актёрлук эмес...
Ооба, Эрсин кесип тандоодо актёрлукту вариант катары караган эмес, чыгармачылык тууралуу ою да жок эле. Андыктан мектепти бүткөндөн кийин Шанлыурфаны артка калтырып, Стамбулга көчүп келгенден кийин шаардык университеттин коммерциялык бөлүмүнө тапшырган. Студенттик күндөрүндө гана активдүү болуп, ар кайсы иш-чараларга катыша баштайт. Жогорку окуу жайынын дипломун колго алгандан кийин сахнага кызыгып калган жигит Осман Ягмурдерели атындагы Искусство академиясына тапшырган.
Театрга болгон сүйүүсү
Арыжынын театрга болгон сүйүүсү анын киного кечирээк аралашуусуна себепкер. Бирок актёр театрды күнөөлөбөйт, тескерисинче, азыркыга чейин театр сахнасын кинодон жогору коюп, спектаклдерге байма-бай катышып жүрөт. Байкаганыңыздай эле, анын алгачкы иши театрдан башталган. Киного болсо анда-санда тартылып коюп, атактуулукка талпынбайт эле. Кинодогу дебюттук ролу 2016-жылы болуп, кичинекей роль аткарган. Андан кийин деле экинчи, үчүнчү пландагы, эпизоддук ролдорго катышып коюп жүрдү. Анан тагдырын өзгөрткөн роль да жакындады. “Чоң, кичине калп” детектив, драма жанрындагы тасмада Арыжынын талантына баа берген көрөрмандар көп болгон. Анан Эрсин белгилүү актёр Чагатай Улусой менен таанышты...
Достук жана атактуулук
Эрсин Арыжынын өмүр баянында актёр Чагатай Улусойдун чоң орду бар. 2021-жылы ал Чагатай Улусой менен таанышып калат. Чагатай аны өзү продюсерлик кылган “Чымчык” аттуу кыска метраждуу тасмасына чакырат. Андан кийин өзү иштешкен OGM Pictures компаниясына алып келет. Компанияга кошулгандан кийин Эрсиндин карьерасы тездик менен жогорулай баштаган. Анан Чагатайдын сунушу менен режиссёрлор Арыжыны “Морт жашоолор” тасмасына маанилүү каармандардын биринин ролуна чакырышкан. Бул тасмада да чогуу тартылган Чагатай менен Эрсин азыр жакын достордон.
“Зимородок”
Түрктөрдүн хит сериалдарынын катарына кирген “Зимородокто” Эрсин Абидин аттуу токтоо, жөнөкөй адамдын ролунда. 2022-жылы 1-сезону, 2024-жылы болсо 3-сезону экрандан көрсөтүлүп жаткан сериалда Абидиндин жашоосунда да көп өзгөрүүлөр орун алды. Алгач айдоочу, Фериттин жан сакчысы, досу болуп келсе, эми бай Корхандардын бирине айланды, Сейрандын сиңдиси Сунага үйлөндү. Сериалдын башында экинчи пландагы каарман болсо, бара-бара негизгилердин катарынан орун алып жатат. Бул да болсо актёрдун талантынан, көрөрманга каарманын зериктирбей жеткиргенинен болсо керек. Абинин ролу Эрсин Арыжыга дүйнөлүк атактуулук алып келди. Эми анын мындан аркы чыгармачылыгына тыкыр көзөмөл кылган көрөрмандардын саны да арбыды. Баса, “Зимородок” актёрго атактуулук эле эмес, бактысын тапканга да жардам берди десек болот.
Эми бойдок эмес
Сериалдагы Абидин кандай жөнөкөй, токтоо болсо, жашоодо деле Эрсин Арынжы оор басырыктуу, оңою менен чачылып-чайпалбаган адам дешет жакындары. “Зимородок” атактуулукка жеткени андагы актёрдук курамдын жашоосу папараццинин камерасынын бутасына алынган. Тасмадагы сүйүшкөндөр Абидин (Эрсин Арынжы) менен Сунанын (Берил Позам) сүйүүсү жашоодо да ишке ашты деген имиштер улам пайда болуп, кайра басылып калып жаткан эле. Акыры имиштер чындыкка айланды. 2024-жылдын 19-августунда Эрсин Арынжы менен актриса Берил Позамдын үйлөнүү тою өттү. Кандай сонун, ээ, тасмада эле үйлөнбөстөн, жашоодо да үй-бүлө курсаң! Үлпөт тойго эки жаштын жакындарынан сырткары, “Зимородок” сериалына тиешеси бар адамдардын баары чакырылган экен. Тасмада Сунанын атасы Казымдын ролун аткарган актёр Дирен Полатогуллари түгөйлөрдүн никесин каттоочунун кызматын аткарып, Берил Позамды жолдошу Эрсин Арынжынын колуна тапшырып берди.
Азыр, эртең...
Учурда каарманыбыз “Зимородокко” тартылуудан сырткары сүйүктүү театрында да эмгектенип келет. Жайында АКШга барып, белгилүү киностудияларды кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып кайткан. Буюрса, алдыда бул тажрыйбасын иш жүзүндө колдонот деген үмүт бар. Анан албетте, жаңы долбоордо, жаңы амплуада көргүбүз келет. Азырынча сериалдагы Абидиндин жашоосундагы, мүнөзүндөгү өзгөрүүлөргө баам салып туралы.
Асыл Орозбекова