Кой
(21.03–20.04)
Аптада сизге эски байланыштарыңыз жардам берип, жаңы жолдорду, мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Чөйрөңүз жаңы адамдар менен толукталат. Мурунку кесиптештериңиз менен баарлашып, маанилүү болгон маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Айрым айымдар түгөйлөрү менен пикири келишпей, кастыкка баруулары мүмкүн. Үлгүлүү делген үй-бүлөлөрдө да көйгөйлөр болот. Андайда кандайдыр бир чечим кабыл алуу же пландарды талкуулоо орундуу эмес.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Кошумча киреше булагы пайда болот, бирок чыгашаңыз да ошого жараша өсөт. Бюджетти туура бөлүштүрүп, керек жерде акча үнөмдөөнү үйрөнүшүңүз керек. Эч кимден карыз албаңыз, болбосо кийин кайтаруу кыйын болот. Онлайн таанышуулар реалдуу жашоодо чоң сүйүүгө айланып кетиши мүмкүн. Айымдар ден соолугуна кам көргөндү унутпашы зарыл, “жасаш керек, кылыш керек” деген аягы жок программадан организм да чарчайт. Өзүңүзгө эс алууга да убакыт бериңиз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Баарынан баш тартып басып кетүү сизге оңойго турбайт. Салкын кандуулук менен сизге маанилүү болгонун гана тандаңыз. Акылыңызды керексиз ойлордон тазалаганыңыз жакшы. Мырзалар үчүн апта үй-бүлөлүк чыр менен башталышы мүмкүн. Сүйүктүүңүздүн чыңалыңкы абалын көрсөңүз терс эмоцияларын сизден чыгарып алууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Балдарыңыздын жүрүм-турумуна көз салыңыз, балким, алардан үйрөнө турган нерсеңиз бардыр.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жаңылануу мезгили башталууда. Ызы-чуудан алыс болуңуз, сиз үчүн тынчтык жана жай турмуш маанилүү. Айланаңыздагы ийгиликтүү адамдардан үлгү алыңыз. Сизди алдыда эки сценарий күтүп турат: айланаңыздагы кырдаал турукташат же жеке мейкиндигиңизден башка нерселерге кызыкпай каласыз. Бардык нерсеге кол шилтеп “мага баары бир, буюрганы болсун” деген бет капты кийип аласыз. Кээде жөн эле сейилдөө, кооз табияттын сүрөтүн тартуудан эргүү алсаңыз болот.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Сизди азыркы аба ырайы же коомдогу кайгылуу көрүнүштөр депрессияга түшүрүшү мүмкүн. Туура адамдар менен пайдалуу байланыштарды түзүү убакытты жана чыдамкайлыкты талап кылат. Бирок бул ишке ашса, мамиле узак жана абдан келечектүү болот. Жакындарыңыздын тагдырына таасир эте аласыз. Сүйүүдө кызганыч сезимдериңизди тизгиндешиңиз керек болот, түгөйүңүзгө буюмдай мамиле кылбай көңүлүн таап, туура мамиле кылганды үйрөнүңүз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Тобокелчиликке барчу иштерди жасабай турганыңыз оң. Бардык учурда жеке сезимдериңиз менен кеңешип иш кылыңыз. Мисалы, эгер көңүлүңүзгө жакпаган жигит жолугушууга чакырса, баш тартып коюңуз. Каржылык көйгөйлөрдөн же көрө албастыктын күчөшүнөн улам чыр чыгышы мүмкүн. Келечекте пландарыңызды толугу менен өзгөртө турган жаңылык угасыз. Кыймылсыз мүлк боюнча документтерди бүтүрүңүз же автоунаа сатып алууну пландаштырыңыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Эң биринчиден каржылык абалыңызды калыбына келтирип алганыңыз жакшы. Андан кийин эс алуу, карьералык тепкичтен көтөрүлүү сыяктуу максаттарыңызды ишке ашырсаңыз болот. Эгер сиз башкалардан көп нерсени талап кылсаңыз, анда ал талаптарды өзүңүз да аткарууга даяр болуңуз. Берешен болуңуз, колуңузда болгон нерсенин баарын бөлүшүңүз, кайтарымы сөзсүз болот. Жеке мамиледе убактылуу көңүл ачууну эмес, туруктуу шеригиңизди издегениңиз туура.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Коомдук иштерде билимиңизди, активдүү иш-аракетиңизди көрсөтөсүз. Өзүңүз билген, түшүнгөн маселеде гана ой-пикир айтып, иш баштаңыз, билбеген теманы козгоп уят болуп калбаңыз. Эс алууга, психикалык абалыңыздын туруктуулугуна кам көрүңүз. Азыр кандайдыр бир пайда үчүн эмес, өзүңүздүн жыргалчылыгыңыз үчүн иштей турган мезгил. Сүйүү маселесинде баары туруктуу жана бир нукта жүрүп отурат.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Өз билимиңизди, тажрыйбаңызды башкалар менен бөлүшүүгө ыңгайлуу учур. Азыр кылган ишиңиз келечекте сизге жакшы киреше алып келет. Эмоция үстүндө чечим чыгарып, бир бүтүмгө келүүдөн оолак болуңуз. Кийин ал кабыл алынган чечим үчүн өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Сүйүктүүңүз сиздин биринчи колдоочуңуз болот, кандай иш баштабаңыз жаныңызда мотивация берүүчү, жубатуучу жана сооротуучу ролду ойногон үлгүлүү түгөй экенине ынанасыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жакын адамыңыз эч кимге айтпаган сырын сиз менен менен бөлүшүүсү мүмкүн, туура кеңеш айтып, туура багыт берип коюңуз. Колдооңузга муктаж болгон адамдардын саны арбыйт. Аптада катуу баш оору жана кан басымынын өзгөрүшү менен байланышкан ден соолук көйгөйлөрү болушу мүмкүн. Мындай абалда күч топтоп, ишке киришүү абдан кыйын. Жеке мамиледе сүйүктүүңүздүн баскан-турганын чектеп, талаптарды койбоңуз.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Абдан ишенчээк болбоңуз, бул сапатыңызды өз пайдасына колдонуп кеткен тааныштарыңыз болот. Кичинекей көйгөйлөргө эле капа болуп, кыжырданышыңыз мүмкүн. Каржылык абалыңызды азыркыдан да жакшыртып, туруктуу кирешеге чыккыңыз келет. Бирок ал нерсе оңою менен келбейт, байлык көңүлү ток адамдарды сүйөт. Психоэмоционалдык абалыңызды турукташтырып, өзүңүздү тынчтандырышыңыз керек.
Балык
(20.02–20.03)
Ысырапкорчулукка байланыштуу бир топ тоскоолдуктарды жеңесиз. Запаста акча кармаңыз, бул сиз үчүн мыкты каржылык жардам болот. Жашооңузда оор кырдаалга кептелсеңиз, улуу муундагы кишилерден кеңеш сураңыз. Эгер жакындарыңыз үчүн жоопкерчилик сизде болсо, аны башкага түртүп салбашыңыз керек. Пландарыңызды, максаттарыңызды азырынча эч кимге айтпай туруңуз. Ал пландарыңыздын аткарылбай калышына салымын кошкон адамдар пайда болушу мүмкүн.