АВТОУНААНЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУ: 2 айдан кийин айдоочуларга айып салына баштайт

2025-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү камсыздандыруу полиси жок автоунааларга айып пул жазыла баштайт. Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы билдиргендей, айып пулдун суммасы жеке жактарга 3000 сомду түзөт. Ал эми юридикалык жактарга мыйзамдын талабы 2025-жылдын 1-апрелинен тарта иштеп баштап, айып пулдун суммасы 13000 сомду түзөрү айтылды. Мыйзамдын максаты түзүк болгону менен, ансыз да кымбатчылыктын азабын тартып жаткан элдин капчыгына кайрадан күч келгени турат. 

Кыскача тарыхы...

Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, күчүнө кирген. Бирок коомчулуктагы нааразычылыктан, социалдык чыңалуу жаралат деген коркунучтан улам мыйзамдын талаптары толук аткарылган жок. Тагыраагы, автоунааны камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө болуп, камсыздандырбагандарга айып пул салуу нормасын иштетүү улам артка жылдырылып жатты. Мисалы, 2023-жылы “2024-жылдын 1-январынан тарта камсыздандыруу полиси жок автоунааларга айып салына баштайт” деп расмий жарыяланып, бирок кийин 1 жылга артка жылдырылган эле.

ОСАГО БОЮНЧА КИМ ЭМНЕ ДЕГЕН?

Садыр Жапаров, президент, 2023-жыл:

– Мыйзам азыр чийки. Анан бул долбоорду мамлекет өзү колго алышы керек, эч кандай жеке жактарга бергенге болбойт. Эл азыр жеке жактарга (ред.: жеке менчик камсыздандыруу компаниялары) ишенбейт, ошон үчүн каршы чыгып жатат да. Ошондуктан бул долбоорду өзүм көзөмөлгө алып, бышырып, эл өз эрки менен кире тургандай кылам. Камсыздандыруу туура, адилеттүү, калыс иштеши керек.

Тазабек Икрамов,

экс-депутат, 2023-жыл:

– Эл ансыз деле кыйналып жатат. Камсыздандыруу ыктыярдуу түрдө болушу керек, сөзсүз камсыздандыр деген туура эмес. Ким кызыкдар болсо унаасын камсыздандыра берсин. Болбосо элде нааразычылык күчөйт. 

Нуржигит Кадырбеков, экс-депутат, 2023-жыл:

– Камсыздандыруу компаниялары барсаң эле дароо каттай койбойт. Эң кызыгы – унаанын ээсинен ишеним кат алып кел дейт экен. Минте берсек, социалдык чыңалуу күчөп, кийинки митингдер ошол камсыздандыруу компанияларынын алдында болуп калышы мүмкүн. Унаа кырсыкка кабылса жардам алуу оор, “тигиге бар, буга бар” деп, аягында “өзүң күнөөлүү экенсиң” деп койсо айдоочу эч нерсе кыла албайт экен”.

ЖЕКЕ КОМПАНИЯЛАРДЫН КОЛУНДА КАЛУУДА

Президент Садыр Жапаров былтыр “камсыздандырууну жеке компанияларга бербеш керек” деп айткан. Бирок учурда унааларды камсыздандырып жаткан 15 компания болсо, анын 14ү жеке менчик. Демек, камсыздандыруу иши кайра эле жеке фирмалардын колунда калууда. Коомчулукта болсо ишенбестик дагы деле күчүндө, камсыздандырууну бизнес, жеке компанияларды байытуу деп түшүнгөндөр четтен чыгат.

МҮЧҮЛҮШТҮК ШАШЫЛЫШ ОҢДОЛДУ

Өкмөт “2024-жылдын 1-сентябрынан тарта автоунааны кайра каттоодо камсыздандыруу полиси милдеттүү түрдө талап кылынат” деп жарыялаган. Ага ылайык, унаасын сатып жаткан да, унааны сатып алып жаткан тарап да камсыздандыруу полисин алууга тийиш эле. Бул көрүнүш коомдо нааразычылык жарата баштаганда өкмөт мүчүлүштүктү түзөтүүгө аргасыз болду. Эми унаасын сатып жаткан жаран камсыздандыруу полисин алууга милдеттүү эмес, унаанын жаңы ээси камсыздандырат. Ал эми унаа мурда эле камсыздандырылып, келишимдин мөөнөтү өтө элек болсо, унааны сатып алган жаран камсыздандыруу полисин өзүнө акысыз өткөрүп ала алат. 

КАМСЫЗДАНДЫРУУ КЫМБАТПЫ?

Базалык тариф – 1680 сом. Бааны аныктоодо унаанын кыймылдаткычынын көлөмү, унаа ээсинин жашы, айдоочулук тажрыйбасы, унаанын диагностикалык картасынын бар же жоктугу эске алынат. Мисалы, кыймылдаткычынын көлөмү 2000-3000 сантиметр куб унааларга 2400 сомдун тегерегинде төлөнөт. Камсыздандыруу полиси 1 жылга берилет, андан аз мөөнөткө алса да болот. Камсыздандыруучу компания
450 миң сомго чейинки чыгымды төлөп берет, чыгым андан ашып кетсе калганын күнөөкөр өз чөнтөгүнөн төлөйт.  

 

Автоунааны милдеттүү камсыздандыруу талабын колдойсузбу?

Замирбек Камилов, 43 жашта:

– Негизинен колдойм, бирок камсыздандыруу полисин жеке менчик эмес, мамлекеттик камсыздандыруу компаниялары гана берсе туура болмок. Эң башкысы – эми мамлекет жеке менчик компаниялардын жабырлануучуларга өз убагында чыгымын төлөп жатканын көзөмөлгө алышы зарыл. Болбосо, айрым компаниялар үчүн бул процесс кезектеги акча табуу махинациясы эле болуп калат.

Сагын Маматов,
70 жашта:

– Мен каршымын, камсыздандыруу полисин алгыла деп мажбурлоо – бул элдин жон терисин сыйрып байлык топтогонго барабар. Аталаш тууганымдын үйү табият кырсыгынан урап калган болчу, 6 жылдан бери камсыздандырып жүргөн. Ошол компания эң акырында 50 миң сомго сертификат берип кутулуптур. Ошол кантип болсун, камсыздандырдыбы, чыгымын толук төлөп берсин да.

Раимбек Жалил уулу, 52 жашта:

– Милдеттүү камсыздандырууга элдин баары эле каршы, чынын айтканда. Бир таанышым автоунаасын сатып жатып камсыздандырды, берки сатып алган адам да өзүнүн атына камсыздандырды. Ошондо бир эле машинаны эки жолу камсыздандырып жатышпайбы, саткан адам да, сатып алган адам да. Бул туура эмес, саткан адам “мен унаа айдабайм болду” деп жатса эмне кереги бар ага полистин?

Сардарбек Нуркашов, 25 жашта:

– Камсыздандыруунун максаты – күтүлбөгөн жагдайлардан, тобокелдиктерден өзүңдү коргоо. Бизде жол кырсыгы болуп кетсе көбүнчө кыргызчылык менен бүтүрүп алышат. Мисалы, Орусия, Казакстанда андай жок, жол кырсыгы катталса МАИчилер менен бирге камсыздандыруучу компаниялардын өкүлдөрү сөзсүз келишет. Келтирилген чыгымды төлөп беришет. Эгер бизде да ушундай шартта кирип жатса, мен колдойм.

Семетей Талас уулу, 44 жашта:

– Негизинен, бул мыйзам бизге керек. Буга чейин эки автоунаа жол кырсыгына кабылганда, күнөөлүү айдоочулар ар кандай шылтоолорду айтып чыгымды төлөп бербей, сот аркылуу төлөтүүгө аракет кылышчу. Сот айдоочунун эмгек акысына, келтирилген чыгымды бөлүп төлөөгө милдеттендирчү. Чыгымды төлөө мөөнөтү көптөгөн айларга бөлүнүп, жабырлануучу тарап көп учурда өз унаасын өзү оңдотчу. Ушул жагдайдан алып караганда, камсыздандыруу полиси керек.

Курстанбек Кадыров, 43 жашта:

– Элге пайдасы тийсе мен каршы эмесмин. Бирок бул мыйзам жабырлануучу тарап үчүн гана иштейт экен. Жол кырсыгына, мисалы, адам өзү күнөөлүү болсо, автоунаасын өз каражатына оңдотот турбайбы. Менимче, чет өлкөдөгүдөй кылып кырсыкка кириптер автоунааны дагы камсыздап берүү жагы каралса жакшы болмок. Бирок алардын акысы кымбат болсо керек.

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1142, 24-30-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан