Саясий майданда “бульдозер” атыккан саясатчы, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров менен маектештик. Тема – атасына козголгон кылмыш иши, саясат, шайлоолор... Руслан мырза азыркы бийликти тарыхтан сабак алууга чакырды.
– Руслан мырза, маегибизди атаңыздын ден соолугун суроо менен баштасак, абалы жакшыбы?
– Бизде “абалым жаман” деп айтыш кыргыздын мүнөзүнө туура келбейт го. Атамды өткөн аптада Бишкек шаардык сотуна алып келишкенде көрдүм. “Абалыңыз жакшыбы?” десем, “жакшы” деди, эми жакшы деп коё берет да. Жашы бир топко барып калды, мурункусунда 1 жыл 8 ай абакта отурган эле. Быйыл июнь айында акталып чыккандан кийин тууган-урукту көрүп көңүлү жай алган соң сыркоолоп баштады. Баары бир абактын сыз камералары ден соолукка зыянын тийгизет да. Кан басымы көтөрүлүп, ооруканада дарыланып жаткан. Тиштерине да операция жасаткан эле, толук айыга электе абакка кайра киргизип коюшту. Албетте, ден соолугуна камтама болосуң. Башка түшкөн сыноону сабырдуулук менен көтөрүп жатабыз.
– Азыркы отурган камерасында шарт начар бекен?
– Убактылуу кармоочу жайда, жер төлөдө транзиттик камералар бар. Алардын жанында өмүр боюга соттолгондор отурушат. Атамды ошондой сыз, шарты начар камерада 40 күн кармап отурушту. Бул психологиялык басым деп эсептейм. Бейөкмөт уюмдарга кайрылдым, алар кирип көрүп, абактын жетекчилигине “мындай шартта кармоонун өзү кыйноо, биз эл аралык уюмдарга даттанабыз” деп жатып башка камерага котортушту. Ал жерде иштегендер деле бир байкуштар да, бир нерсе десең “өйдө жактын буйругун аткарып жатабыз, түшүнүп коюңуз” дешет.
– Азимбек Бекназаровду экинчи жолу камоого түрткү болгон кылмыш ишинин жагдайын кененирээк айтып берсеңиз...
– Негизги себеп – атам Убактылуу өкмөттө күч түзүмүн жетектеген. Ошол учурда банк кутучаларынан жоголгон акчалар боюнча айыптап жатышат. Атамдын Темир Сариев менен телефондон сүйлөшүүсүн жүйө келтиришүүдө, ал аудиожазуу интернетке чыккан. 13-сентябрда камакка алышкан, мына, 40 күн болуп калды, тергөөчү эмне иш кылып жатканы белгисиз. 40 күндө жок дегенде бир жолу сурак болуп же беттештирүү иштери жүргүзүлүш керек эле да. Атам жөн эле жатат.
– Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бул иш боюнча үн катышкан жок...
– Жок, эч кимиси үн каткан жок. Алар деле коркуп жатышат да. Убактылуу өкмөт 7 ай гана иштеген, андан кийин "бактылуу" өкмөт келип, анын башында КСДП, “Республика”, “Ата Журт” партиялары турган. Ошондо банк кутучаларынан жоголгон акчалар боюнча атайын комиссия текшерүү жүргүзгөн. Андан кийин Атамбаев да текшерип, атамдын үстүнөн иш козгогон. Эч нерсе табышкан эмес. Анткени атам күч түзүмдөрүн гана жетектеген, каржы жагын Темир Сариев караган. Аудиожазуудан көрүнүп тургандай, Сариев атама чалып “эмне кылалы?” деп кеңеш сурап жатпайбы. Эгер Сариев “мен акчаны бөлүп бергем, кандай иштетилгенин Бекназаровдон сурагыла” десе, анда башка маселе болмок. Анын акча бөлүп бергени тууралуу маалымат жок да. Каржы блогуна атамдын кандай тиешеси бар? Телефондогу сүйлөшүү боюнча чет өлкөдөн экспертиза жүргүзүлүп, “аудиожазуу монтаждалган” деген корутунду чыккан.
– Азимбек Бекназаровдун кармалышынын чыныгы себеби эмнеде анда?
– Атама Нургазы Анаркулов деген журналист чалып “аксакал катары үкөлөрүңүзгө каалоо-тилек айтып койбойсузбу, Эгемендүүлүк күнү майрамдалганы жатат, жаңы Ак үй ачылды” деп калды. Атам макул болуп, текст жазып жөнөттү журналистке. Бирөөдөн корккону үчүн эмес, чын жүрөгүнөн жазды. Ал атам жиберген тексттин айрым жерлерин оңдоп “ушундай кылып жазыңызчы, аке” деди. Оңдолгон текстти карасак, “Кемпир-Абад боюнча биз адашып калыптырбыз, мен документтерди карап чыктым, көрсө, биз утуппуз” деген сыяктуу атам айтпаган сөздөр бар экен. Атам дароо эле журналистке чалып “мынчалык деңгээлге түшпөйлү, сен мага Кемпир-Абад боюнча документтерди алып келип көрсөтө аласыңбы?” деди эле, ал “жок” деди. Атам "эски теманы кайра козгоонун кереги жок" деди, журналист “жок, ушул сүйлөмдү кошо чыгарсаңыз жакшы болот эле” деп туруп алды. Атам макул болбой, өзү жазган текстти баракчасына чыгарды. Эртеси алып барып камап коюшту. Себеби ушунда деп ойлойм.
– Атаңыз ийкемдүүрөк болуп, бийлик менен компромисске келүүнүн жолун караштырса кантет эле?
– Мындан артык дагы кандай компромисске барыш керек? Кемпир-Абад боюнча сот атамды актады. Андан кийин атам “баарына тарых баасын берсин, саясатты токтотолу эми, силер иштегиле” деп бийликке ийгилик каалады. Ак үйдүн ачылышы менен, Камчыбек Ташиевди генерал-полковник чинин алышы менен куттуктады. “Кустурузация” менен көп иштерди кылып жатасыңар” деп иштерине ийгилик каалады да. Башка дагы кандай компромисс бар?
– “Адамдын ким экени сыноолордо билинет” дейт, саясаттагы санаалаштардын мамилеси кандай болууда?
– Өзүбүздү моралдык жактан сындырбаганга аракет кылып жатабыз. Жылдыз Жолдошова атам тууралуу интверью берип, бир да эркек саясатчы айта албаган акыйкат сөзүн айтыптыр. Саясатта ким камалбасын атам биринчилерден болуп билдирүү жасачу эле. Өмүрбек Текебаев, азыркы бийликте тургандар камалганда да “туура эмес” деп атам биринчи айтып чыккан. Өчөшүү жакшылыкка алып барбайт, маселе камоо менен эмес, сүйлөшүү менен гана чечилет дечү. Зулумдуктун сөзсүз жообу болот эртеби-кечпи. Азыркы бийлик тарыхтан сабак алса болот эле, мен деп көкүрөк кага берген болбойт. Тарыхта не деген гана кыйындар болбогон, азыр алар каякта? Ким эле, ким болду деп көз чаптырып койсок жакшы болмок.
– Кеп нугун өзүңүзгө бурсак. Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт, эмнеге талапкер болгон жоксуз?
– Табиятымдан саясатка жакынмын. Бирок убагында пробациялык көзөмөлгө соттошкону үчүн шайлоолорго катыша албайм. Ушинтип чектелип калдык, болбосо Аксынын Кербен шаарынан шайлоого аттансамбы деп жаткам. Соттолгонсуң деп адвокаттык лицензия да бербей жатышат. Негизи мыйзамда пробациялык мөөнөт бүткөндө автоматтык түрдө адамдын соттолгондугу жоюлат деп турат. Болбой эле "жок, сиз соттолгонсуз" деп Юстиция министрлиги бербей жатат. Учурда ушунун үстүнөн даттанганы турам.
– Учурдагы бийликтин жасап жаткан жакшы иштерин да айта жүрүш керектир. Мисалы, көпчүлүк мектеп, жолдордун курулушу активдүү жүрүп жатканын мактап жатышат?
– Өзү биздин эл жалтырак-жултуракты жакшы көрөт. "Фонтан ачылды, Ак үй салынды, жолдор курулуп жатат, сонун жашап жатабыз" дейбиз. Бирок бул мамлекет ансыз деле жасачу иштер да, өкмөттүн түздөн-түз милдети. Мамлекеттин өнүгүп же артка кетип жатканын салыктар, тышкы карыздын көлөмү, элдин турмушу айтып турат. Тышкы карыз мындан 3 жыл мурун 4 миллиард доллар болчу, азыр 7 миллиардга жакындап калды. Салыктын түрүн киргизип жатышат. Мунун баары элдин жашоосун кыйындатып, нааразычылык жарата турган иштер.
Лунара Бекиева