(Башы өткөн сандарда)
Самат уулун карап турду, анын баары бир бул жолдон кайтпашын билет. Өжөрлүгүн жактырат уулунун, бирок ошол эле кезде такыр кабыл ала албаган сапаты да ошол кашкөй мүнөзү. Алинин апасы өтө жоош, алпейим, кишиге эч жамандык санабаган, жүрөгү таза киши эле. Өмүрү бир адамга катуу айтып, каршылык көрсөткөн эмес. Самат дагы ийилчү жерден ийилип коё берет, муну өөн көрбөйт. Бул Али кайдан чыкты?
– Колума бир сүрөт тийди. Балдарым жоголгондон эки күндөн кийин тартылган экен.
– Ии?
Али сүрөттү атасынын алдына койду. Эки бала. Неберелери. Самат бир топко карап туруп, баласынын эмнеге көңүл бурганын байкады. Арткы фондо машине турган экен, машиненин номери сүрөткө түшүп калыптыр.
– Кой эй, бул тамчыны дарыядан издечүдөй болгон бир нерсе. Мындан эч нерсе чыкпайт.
– Чыгат,- деди Али атасына.
– Мен азыр баарынан кол үзгөм, билесиң.
– Билем, сен кааласаң 20 жыл мурун өлгөн адамдын тарыхын таап алдыма жайып коё аласың. Тааныштарың да бар, акылың али да болсо мыкты. Далайды артка таштайсың.
– Арадан канча жыл өттү. Мындан эч бир нерсе чыкпайт.
– Сен мага ушуну таап бер, калганын өзүм...- деди да Али чыгып кетти.
ххх
Элес машинада зымыраган жолду карап ойлуу бара жатты. Жума сайын ушинтип шаар сыртына чыгарып, жолдошу эс алдырып келет. Күзгү жалбырактардын кооздугу, шаар сыртындагы керемет мейманкана да Элестин көңүлүн ача албады.
– Сага эмне болгон?- деди жолдошу Азим.
– Эмне болуптур?
– Бир топ убакыттан бери кызыктай абалдасың го. Же сүйлөшпөйсүң, же күлбөйсүң. Сени капалантчу бир нерсе кылдымбы? Же таарынып калдыңбы?
– Жок.
Кыска жооп берди Элес, кайра эле жолду телмире тиктеп бара жатты. Андан башка эмне деп айта алмак? Кээде жаныңда бир жаздыкты жазданып, бир төшөктү чогуу жамынган адамың да түшүнө албаган, же ага айта албаган жагдайлар болот тура. Болбосо Азим көзүнүн агы менен тең айланып турат. Кыздуу болгондон кийин күрп тооктой болуп экөөнү айланчыктады да калды. Мурункудай туш келди баспай, бизнесин илгерилетүү менен гана убара. Кеч жолукпадыбы Элеске. Элести анын аялы болуп калат деп ким ойлоптур? Көрсө, тагдырдын ташы кээде ушинтип айкүрүнөн түшүп калган учурлар болот тура. Өтмүштү экөө тең чукулабай, артка такыр кылчайбай жашашкандары да ошол себептен болсо керек.
– Айсулуунун бала бакчасын сүйлөшкөн жоксуңбу?
– Жок, эмнеге?
– Эми кызыбызды бала бакчага берсең, сен бир аз өзүң сүйгөн иш менен алек болсоң кандай болот дегеним да. Үйдө камалып эле отуруп калдың.
– Жок, бакчага азыр эрте.
Элес кесе сүйлөдү. Мунун да себеби бар. Сыртынан мерез, эч нерсе менен иши болбогон аял көрүнүшү мүмкүн. Бирок ичинде кандай бороон-чапкын жүрүп жатканын эч ким билбейт эле. Башкаларга окшоп эмоциясын чыгарып жибере албаган, сырларын бирөө менен бөлүшпөгөн аял. Көздөрүн бакырайткан, периштедей болгон кызын карап алып ичи муздап кетти. Эртең бул кызы да бир нерсе болуп кетсе эмне болот дегендей коркунуч боюн каптады. Өзүн токтотуп, башка нерселерге алаксыганга аракет кыла баштады. Азим анын ичиндеги коркунучту сезбеди.
– Ата, апам бир киши менен парктан жолукту...- деди Айсулуу эмнегедир. Алини айтып жатканы эле. Атасы кызын карап калды.
– Кызым, ким экен ал?
– Билбейм, бирок мени мына минтип карады. – Айсулуу көздөрүн чоң ачып, Алинин кебетесин туурады. Элес калпы кармалгандай кызара түштү. Машина айдап бара жаткан Азим анын жүзүн байкабады.
– Ошондой болдубу, ээ, кызым? Апаң менен паркка бардыңбы? Каруселге түштүңбү?
Атасына эркелеген кызы дагы бир нерселерди жобурап жатты. Элес “өх” деди ичинен. 5 жылдан бери Алини көрө элек эле. Көргөндө асман-жери кулап, алаканына түшкөндөй сезилди. Өзүнөн деле мындай реакция күтпөгөн. “Өтмүш өтмүштө калды, Азим менен кызымды бактылуу кылсам болду” деп ойлочу. Бирок Алини көргөндө жан дүйнөсү ала салды да калды. Баарынан да анын “балдарымды баары бир табам” деген өжөрлүгү, көзүнөн көрүнүп турган кусалыгы, жашоодо ордун таба албай караңгыда багытын жоготуп алгандай жалгыз калганы жанын кейитти. Мындай болот деп ойлогон эмес. Жашап кетет дечү. Унутат, жаралардын баары жабылат дечү. Бирок Алиники жабылбаган экен. 10 жыл мурун кандай жаны куйкаланып “балдарым” десе, азыр да дили өрттөнүп балдарын издеп жүргөнүн билди. Билген жок, так көкүрөгү менен сезди. Андан да кыйыны – анын “балдарымды өмүрүм өткүчө издейм” деген сөзү эле. Эмнеге? Анткени ал Али. Башкалар, мисалы, өзү бул дарбазаны жаап, башка дарбазаны ачып, бакытты издеп кетиши мүмкүн эле. Али андай эмес. Сүйүүгө болобу, достукка болобу, аталыкка болобу, терең караган жан. Алини ойлоо Элеске кыйын болчу. Унутуп коё албай, акылынан сызып, жүрөгүнөн биротоло чыгарып салып мурункудай жашап кете албай түйшөлө берди. “Баары жакшы болот, Элес” деди өзүнө өзү. Бирок качан? Жаралар качан карттанып, качан айыгары бир Кудайга маалым эле...
ххх
– Али, билем, досум, көп ишиң бар, бирок мага жардам бересиң деп ишенем...
– Али, бүгүнкү көрсөтүүгө даярдандыңбы?
– Байке, подкасттарды качан даярдайбыз?
– Менин материалым качан чыгат, уулум?
Алинин иш күнү дал ушул сыяктуу сөздөр менен коштолот. Элге керектүү адам болуу керек. Бул Алинин бузулбаган эрежелеринин бири. Ушундай көп иштердин арасында атасы телефон чалып калды. Жүрөгү болк этти. Эгерде тишке илине турган бир нерсе таппаса атасы ага телефон чалбайт эле. Демек, тапты. Демин ичине алып бир саамга туруп калды. Тутканы ала албай, албай да коё албай жүрөгү дүкүлдөп кетти. Бир азга өзүн токтотуп турду да алды.
– Кандайсыз?..
– Жакшы... - атасы күймөнүп тургандай сүйлөбөй токтоп калды.
– Бир нерсе болдубу?
– Сен үйгө келчи кечинде.
Атасы телефонду коюп койду. Али дендароо болуп туруп калды. Кечинде атасынын каршысында отурду.
– Мен сенин суранычыңды аткардым. Эми сен дагы менин суранычымды аткар,- деди атасы. Алинин тынчы кете түштү. Атасы базарлык кылып, баягы эски досторунун бирин мактап-жактап “колдоп бер” дебесе болду деди ичинен. Бирок бул темага кайрылып кайра кайткыс болушкан. Ал эч качан сатылма журналист, бирөөнү мактап ошонун “акырынан” тамак жеген адам болбой турганын атасы билгендей болду эле. Кайра баштадыбы? Атасын шектүү тиктеди.
– Сура,- деди супсак гана. Атасы мыйыгынан жылмайды. Али эмнени ойлоп турганын билбей калмак беле. Билет.
– Али Акай мырза...
– Ии?
– Мен билгенден сенин фамилияң башка эле, туурабы?
– Анан?
– Али Акай кайдан чыкты?
– Сен өзүң билесиң Али Акай кайдан чыкканын...
– Мындан ары кайра менин фамилияма өтүшүңдү каалайм.
Али жылмайып алды. Чоң атасынын эмес, таятасынын ысымын алып Али Акай болуп алган эле. Атасын ошол нерсе кыжалат кылган экен.
– Менин фамилиям сен үчүн маанилүү деп эч ойлогон эмес элем.
– Карып баратсам керек,- деди атасы күңк эте.
– Жок, мен эми кайра... Кечирип кой. Бул мүмкүн эмес.
– Уулум!
(Уландысы кийинки санда)