Адам жашоосунда жыттын түрү көп. Мисалы, гүлдүн, тамак-аштын, арча-карагайдын, атырдын, жаныбарлардын жыты. Адамдар да белгилүү бир жытка ээ. Жыт аркылуу жаныбарлар бири-бири менен табышкан сыңары эркек менен аял да жыт аркылуу табышса бактылуу болот дешет адистер. Жыттар бир туугандарды өз ара жакындатып турарын билет белеңиз?
Адамдагы жыттын 3 курамы
Адамдын жытты мурун көңдөйүндөгү жыт кабылдагыч вомероназалдык орган аркылуу сезет. Аталган орган мурун көңдөйүн экиге бөлүп турган тосмонун тегерегинде жайгашкан. Анын канчалык өөрчүгөнүнө жараша адамдар жытты жакшы, орточо же начар сезишет. Адамдын өзүндөгү жыт денесиндеги тер, май бездери бөлүп чыгарган заттардын жыйындысынан жаралат. Тер бездери терди, май бездери майлуу затты бөлүп чыгарып, бул экөө биригип адамга тиешелүү жытты жаратат. Жыттын курамы 3 нерседен турат: Биринчиси – адамдын гени менен байланышкан жекече жыты. Экинчиси – адамдын ичип-жеген тамак-ашына байланыштуу жаралган жыт. Үчүнчүсү – адам колдонгон парфюмериянын жыты.
Жыттын 1-курамы эч качан өзгөрбөйт жана ар адамга өзгөчөлүк берип турат. 2-3-курамдагы жыт сапаты жана өлчөмү жагынан өзгөрүп турат. Мисалы, тамак-ашка кескин жыттуу татымалдарды көп колдонгондо, бөйрөк ооруганда, күн ысыганда жыт кескин өзгөрөрүн айтсак болот. Адамдын жеке жыты кийимге, бут кийимге сиңип, анда узакка сакталат. Мисалы, жаңы бут кийимге адамдын жыты 1 сутка кийилген соң сиңет. Карга, топуракка адам жыты бат сиңип, анда канча бир убакытка кармалып турат.
Колтук – жыттын негизги булагы
Адамдагы күчтүү жытка дененин айрым бөлүктөрү: колтук, жука чурай, көкүрөктүн үстүңкү бөлүгү (аялдарда эмчегинин алды кошо) ээ. Ар адамга тиешелүү жекече жыт тердин курамындагы валериан, капрон, каприл, май жана башка кычкылдардын өлчөмүнөн да көз каранды. Колтук – жыттын незизги булактарынын бири. Андагы апокриндик бездер тер менен кошо феромендерди да бөлүп чыгарат. Жекече жыттын сакталышында жана чөйрөгө тарашында колтуктагы жүндөр башкы ролду ойнойт. Жүнү аз өскөн колтукта жыт азыраак чыгат.
Изилдөөлөргө таянсак, эркек менен аял өзүнө ден соолугу чың жан шерикти табигый инстинктине таянып жыт аркылуу издешет. Анткени адамдын жыты менен иммундук системи тыгыз байланышта болот. Ошондуктан жыт аркылуу табышуу иммунитеттердин шайкештигин жаратат деген түшүнүк бар. Жыйынтыгы иммунитети күчтүү, саламаттыгы чың балдардын төрөлүшүнө жол ачат деп айтылат.
Кыргыздар жолугушууга чыккан кыз-жигиттерди бекеринен “жытташып турушат” дебейт. Анткени адамдар жыт аркылуу табышса бактылуу болорун ата-бабаларыбыз илим изилдей электе эле билишкендей. Ата-энесин, баласын, жан шеригин сагынып кайткан эркекпи, аялбы, алгач алардын жытына маашырланып, жолукканда “жытыңды сагындым” дегени да муну далилдеп тургансыйт.
Ала жипти аттаган адамдын жыты өзгөрөт
Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, сүйүү менен эмес, байлык же башка кызыкчылык үчүн баш кошкондордо балалуу болбой калуу тобокелдиги көбүрөөк. Анткени алар бири-бирин тартып туруучу жытка ээ эмес дешет. Тескерисинче, алар өздөрү сезбегени менен, аларды карама-каршы жыттары бири-биринен алыстатып жатканын организм сезип, түйүлдүктүн жаралышына тоскоолдук жаралат деген пикир бар. Изилдөөдө ошондой эле жаш бойдок эркектердин жыты үйлөнгөн, жашы 40тан ашып калган эркектердин жытына караганда алда канча күчтүү болору аныкталган. Анткени бойдоктордо тестестерондун деңгээли жогору, феромендик жыты күчтүүрөөк болот. Чыгыш элдеринде “эгер эркек аялынын жытына толук канааттанса, анда анын көзүнө чөп салбайт. Эгер күйөөсүнүн же аялынын жыты өзгөрүлүп баштаса (оорудан же жеген тамагына байланыштуу эмес учурда), анда ал көзгө чөп сала баштаган болушу мүмкүн. Ошондой учурда жыты кескин өзгөрөт” деген сөз айтылат.
Феромен деген эмне?
Феромен – айрым жаныбарлардын, адамдардын денесиндеги атайын бездер бөлүп чыгарган зат. Ал зат бир түркүмдөгү жаныбарлардын, адамдардын жүрүш-турушуна, табышышына, көбөйүшүнө, маанайына таасир этет.
Андростенон – эркектердин феромени болуп саналат жана тердин курамында болуп, тер менен бөлүнүп чыгат. Аялдардагы феромен “копулиндер” деп аталат, жыныс кынындагы безден бөлүнүп чыгат. Бул зат этек кир циклинин фолликулярдык фазасында, башкача айтканда, бойго бүтүү ыктымалдуулугу эң жогору учурда бөлүнүп чыгат. Ал феромен эркектер үчүн жагымдуу жана таттуу жыт болуп сезилип, дүүлүктүрөт. Жыныстык феромендердин жытын сезүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылган эркек жыныстыкк жактан шалга айланат.
Адамдагы феромендер
Адамдын жашоосунда жыныстык жыттар башкы ролду ойноп, сексуалдык жактан аял менен эркектин бири-бирине тартылып турушун шарттайт. Сырткы келбети, жүрүм-туруму башкалардан айырмаланбаган айрым адамдар өзүнө карама-каршы жыныстагыларга көп жагарынын себеби алардын фероменинин жытында. Мисалы, англиялык жазуучу Гербери Уэллс атактуу жазуучу боло электе эле аялдар арасында популярдуу болгон. Бир жолу анын таанышы Уэллсти жактырып калган аялдардын бирине “анын эмнесине кызыгасың? Эмнеси тартып турат?” деп сураганда аял көзүн жуумп, жыргап “ал бал жыттанып турат” деп жооп берген.
Наполеон атырдын эмес, дененин жытын артык көргөн адам болгон. Кезектеги жортуулунан кайтып келе жатканда аялы Жозефинага “баратам, жуунбай тур” деп кат жазып, чабарманы аркылуу өзүнөн мурда жиберип турганы айтылат.
Айрым изилдөөлөрдө бир бөлмөдө узакка чогуу болгон адамдар бат чарчашары аныкталган. Анткени бөлмөдөгү аба адамдардын бөлүп чыгарган жыттарына, феромендерине толуп, мээнин жыныстык кумарданууга жооп берүүчү бөлүгү ал жыттардан алсырап, чарчап калат. Ушул эле нерсе бир төшөктү жамынып, баш кошкондоруна көп жыл болгон жубайларда кездешет. Анткени экөөнүн жыты, феромендеринин жыты дайыма бөлмөдө турат, кетпейт. Ошого мээнин жогоруда айткан бөлүгү ал жыттардан “жадайт”. Бул жыныстык кумардануунун төмөндөшүнө себеп. Андыктан жубайлар убак-убагы менен бири-биринен алыс аралыкта болуп турушу керек. Мисалы, иш сапарында же саякатта. Ошондо мээ биринин жыты жок болгонунан сергийт, жубайлар бири-бирин сагыныша түшөт.
Эне-бала, бир туугандардын жыты
Адамдар жакындарын да жыты менен тааныйт. Төрөлгөнүнө 2 күн болгон бала энесинин, энеси баласын жытынан таанып калат. Балдар 3-6 жаштарында бир туугандарын жытынан ажыратып калышат. Бул алардын коюндаша жатып, бирге ойноп чоңойгонунан. Бири-бирине жыты сиңишип калгандыктан, бири-бирине күйүмдүү болушат. Туугандар сапардан келгенде кучакташып, моюндарынан жытташып көрүшүшөт. Мында да жыт алардын ого бетер жакындашуусуна салым кошот.
Канымжан Усупбекова