Кандай учурда мээ эрте картайып кетет? Соо адамды майыптыкка жеткирчү илдеттин кантип алдын алуу керек? Макалада энцефалопатия дарты тууралуу кеп кылдык. “Мээнин сергек, саламат болушуна активдүү жашоо образы, туура тамактануу, баш мээден сокку алуудан качуу зарыл”,- дейт нерволог Турат Кадыров.
Оору жаш тандабайт
Энцефалопатия – эл арасында кеңири тараган оорулардын катарына кирет. Медицина буга “баш мээнин ткандарынын иштешинин бузулушу, өлүшү” деген түшүндүрмө берет. Жөнөкөй сөз менен айтсак, мээнин эрте картайышы же клеткаларынын эрте өлүшү. Энцефалопатия мээге кычкылтек жана керектүү азык-заттардын убагында жана толук жетпей калышы өнөкөткө айлангандан келип чыгат. Оору каалаган жаш куракта пайда болушу мүмкүн.
Дарттын тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Келип чыгуу себептерине карата төмөнкүдөй бөлүнөт:
• Жогорку кан басымдык, атеросклероздук, митохондриалдык (тукум куучулук) энцефалопатия
• Мээнин өнөкөт жаракатынан, уулануудан пайда болгон энцефалопатия
• Вернике энцефалопатиясы
• ВИЧ энцефалопатиясы (ВИЧ алжып калуусу) жана башка
Белгиси – унутчаак болуу, кайда жүргөнүн билбей калуу
Оорунун 3 даражасы бар, белгилери да ошого жараша аныкталат. Тубаса түрүнүн белгилери:
• Төрөлгөн учурда бала катуу бакырып ыйлабайт, жүрөгүнүн кагышынын бузулушу, тубаса рефлекстердин жоктугу (эмчек эме албашы) билинет
Кийин пайда болгон түрүнүн белгилери
1-даражада:
• Баштын оорушу жана айланышы
• Кулакка үндөрдүн (чуу) угулушу
• Бат чарчап калуу
• Шалдыроо, уйкусуроо же уйкунун качышы
• Эс-тутумдун начарлашы
Адам кадимкидей эле жүрө берет, болгону унутчаак боло баштайт. Мисалы, ачкычты 1-2 саат мурун кайда койгонун, үтүктү сууруганын же суурубаганын, жакындарынын телефон номерлерин эстей албайт.
2-даражада:
• Эс-тутумдун көбүрөөк начарлашы, ойлордун чаржайыттыгы, унутчаактык. Айрымдарда көп сүйлөп калуу. Бир нерсени анализдеп чечим чыгара албай кыйнала баштайт
• Басканда тең салмакты сактай албай мас кишидей чайпалуу
• Ориентациянын жоголушу. Айрым учурларда кайда жүргөнүн билбей калуу же кыйынчылык менен эстөө
• Кээде көңүлдүн айланышы
• Жашоого болгон кызыкчылыктын жоголушу жана баарына кайдыгер болуу (апатия), болор-болбоско ачуулануу, ыйлактоо
Айтылгандар жашоонун сапатын, эмгекке болгон жөндөмдүүлүктү төмөндөтөт.
3-даражада:
• Агрессивдүүлүк, эмне айтып жатканын өзү түшүнө албай калуу. Айрым сөздөрдү туура айта албайт, майыпка айланат. Айрымдардын көзүнө бир нерселер көрүнөт. Кыскасы, адам дөөрүп, алжып калат.
Жогорку кан басым, мээнин жаракаты себепкер
Оорунун келип чыгышынын себептери көп, мисалы:
• Баш сөөктүн жаракаты. Бул медицинада “соккунун синдрому” деген аталышка ээ. Мындай жаракат спортчулардын арасында, өзгөчө мушкерлерде, америкалык футболдун оюнчуларында көп кездешет.
• Тубаса түрү. Бала курсакта кезде кайсы бир себептерден улам анын мээсине кычкылтектин жетпей калышынан, гендик мутациядан, мээсинин туура эмес түзүлүп калышынан жаралат. Ошондой эле оор төрөттө баланын башы кысылып, гипоксияга туш болгондон да пайда болот. Түйүлдүктүн мээси 28-40 апталык кезинде назик болот. Ушул учурда аял абайлабаса, инфекциялык катуу оору менен ооруса түйүлдүктө аталган дарттын жаралуу коркунучу жогору.
• Атеросклероз. Кан тамырдын ичиндеги май түйдөкчөлөрү кандын жолун бууп, жакшы өткөрбөй, мээге кычкылтек, азык-заттар тийиштүү өлчөмдө барбай калат. Мындан улам кан жетпей калган нерв ткандары өлө баштайт.
• Жогорку кан басым илдети. Мындай оорусу бар адам кан басымды турукташтырып кармап туруучу дары-дармектерди дамамат ичип жүрбөсө, анда кан басымды көзөмөлдөө мүмкүн болбойт. Кан басымдын ар жолку кескин жогору көтөрүлүшү кан тамырлардын ички керегелерин жабырката берип, жукартып, ичкертип жиберет. Ушундан улам кан мээге жетишсиз өлчөмдө барат. Кыргызстанда 20 жаштан ашкан жарандардын 34-47 пайызында кан басым жогору деп айтылат.
• Баш мээнин ткандарынын алкоголдук ичимдиктерден, оор металлдардан, дары-дармектен, уулардан өнөкөт түрдө ууланышы
• Баңгилик, радиация
• Кант диабети, кызыл жүгүрүк, мээнин рак оорусу, боордун жана бөйрөктүн оор дарттары жана башкалар
Диагноз үчүн МРТ зарыл
• Реоэнцефалография, моюн жана баш мээнин кан тамырларынын ультра үндүк доплерографиясы
• Омуртканын моюн бөлүгүнүн рентгенографиясы жана магниттик-резонанстык томографиясы
• Баш мээнин кан тамырларынын магниттик-резонанстык томографиясы
• Жүлүндүн суусу текшерилет
• Кан, зааранын анализдери жана башкалар
Мээге кандын жетишин жакшыртуу зарыл
Дарылоо ооруну жараткан себептерге, оорунун даражасына жана белгилерине карата жекече жүргүзүлөт.
Дарттын 1-2-даражасы менен ооругандар дарылануудан мурда терс сапаттарынан арылуулары керек, мисалы, тамекини, ичкиликти таштап. Көбүрөөк кыймылдап, күч келбей турган кара жумуштарды жасашы зарыл. Бул организмдин кан менен жабдылышын жакшыртып, башка жаңы оорулардын жаралышынын алдын алып турат.
Дарылоо өзүнө камтыйт:
• Дары-дармек менен дарылоо. Сезгенүүгө каршы жана оорутууну басаңдатуучу, уйкуну нормалдаштыруучу дарылар, гормоналдык каражаттар
• Мээдеги зат жана кан алмашууну жакшыртуучу, мээнин клеткаларын жандандыруучу, кан тамырларды кеңейтүүчү дарылар
• Мануалдык терапия
• Дарылык физкультура, физиотерапия
• Операциялык ыкма
Бейтап канчалык эрте дарыланса, ошончолук дарылануу натыйжалуу болот. Дарылануу менен кошо бейтап туура тамактанууга өтүп, ачуу, туздуу, майлуу, таттуу, калориялуу тамактарды азайтышы кажет. Гипертония оорусу барларга кан басымын нормада кармап туруучу дары, атеросклероз дартынан жапа чеккендерге кан тамырлардагы май түйдөкчөлөрүн азайтуучу дарылар, диета кошо чектелет. Диетада курамында холестерин бар азыктарды, мисалы, жумуртка, малдын боору жана ич эттери, майлуу эт, каймак, жаңгак түрлөрүн өтө аз колдонуу сунушталат.
Жүрөк-кан тамыр, кант диабети, неврологиялык, эндокринологиялык оорусу барларга врачтардын кеңеши керек болот. Алар текшерүүдөн толук өткөргөндөн кийин керектүү дарыларды кошуп жазып берет. Айрым сөздөрдү так айта албай калгандар менен логопед иштешет. Дарт мээнин рак оорусунан жаралган болсо, анда операция жасалып, рак алынып, анан дарылоо уланат.
Энцефалопатиянын 1-даражасы менен ооругандарды толук калыпка келтирүүгө болот. 2-даражасында оорунун айрым белгилерин жок кылып, ооруну андан ары өнүктүрбөй кармап турууга аракет жасалат. 3-даражасын айыктыруу мүмкүн эмес. Психиатрдын кеңеши, атайын дарылар керектелет.
Стресстен качсаң дарттын алдын аласың
Энцефалопатиянын алдын алуу үчүн буларды билүү зарыл:
• Ооруну жаратуучу факторлор – стресс, чыр-чатакка жакындык, такай түнкү мөөнөттө иштөө жана башкалар
• Жогорку кан басым, атеросклероз сыяктуу өнөкөт оорулар болсо врач жазып берген дарыларды такай ичип жүрүү зарыл
Канымжан Усупбекова