“АЛТЫН ТОП-2024”. “Реалдын” жылдызы сыйлыксыз калды 

Дүйнөлүк футболдо сенсация! Быйыл “Алтын топ” сыйлыгын “Реал Мадриддин” бразилиялык чабуулчусу Винисиус Жуниор алат деп күтүлүп жаткан. Бардык критерийлер боюнча Вини төгөрөгү төп талапкер эле. Бирок сыйлык тапшыруу аземине саналуу сааттар калганда “Алтын топтун” ээси башка адам экени жарыяланып, бул жаңылык көпчүлүктү таң калтырды.

“АЛТЫН ТОП” ЖАНА РОДРИ

28-октябрда Париждин атактуу Шатле театрында “Алтын топ” сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Аталган сыйлыкты “Манчестер Ситинин” испаниялык оюнчусу Родри “ортодон чыга калып” илип кетти. Чынында, мындай бурулушту көпчүлүк күткөн эмес, ошондуктан сыйлык тапшырууга саналуу сааттар калгыча футболчулар да, футбол эксперттери да букмекерлерге таянып “Алтын топтун” болочок ээси катары Винисиус Жуниорду куттуктап жатышты. Анткени “падышалык клубдун” оюнчусунун жеңишке коэффициенти ишенимдүү эле. Бирок расмий жыйынтык көпчүлүктү бир толкутту, жеңүүчү - “Манчестер Ситинин” жарым коргоочусу – Родри! 

“РЕАЛ” БОЙКОТ ЖАРЫЯЛАДЫ

Мындай жыйынтык “Реал Мадридди” кыжырдантты, европалык ЖМКлар жазгандай, оюнчусу сыйлыкка илинбей калганын клуб алдын ала билген. Ошондуктан нааразычылык билдирип, сыйлык тапшыруу аземине бойкот жарыялады. Аземге “падышалык клубдан” эч ким келген жок, Вини да, клубдун президенти Флорентино Перес да, башкы машыктыруучусу Карло Анчелотти да, добуш берүүдө көп добуш алган башка футболчулар да...

РОДРИ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Алган жаракатынан улам сахнага балдакчан чыккан Родри сыйлык алгандан кийин мындай комментарий берди:

– Бүгүн мен үчүн керемет кеч. Бул жеңиш мен үчүн эмес, бул жеңиш жалпы испан футболунуку. Көптөгөн испаниялыктар “Алтын топко” татыктуу болуп, бирок ута алышкан эмес. Бүгүн көп досторум мага “футбол утту” деп жатышат. Адатта, жарым коргоочунун иши байкалбай калат, а бүгүн ал ачыкка чыкты.   

ВИНИСИУС ЭМНЕ ДЕЙТ?

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин “Реалдын” чабуулчусу социалдык желе аркылуу пикирин билдирди. “Мен муну керек болсо 10 жолу да жасоого даярмын. Алар мындайга даяр эмес”,- деди Винисиус. Бул табышмактуу билдирүүнү “эртеби-кечпи “Алтын топту” баары бир алам” деген мааниде айтты деп чечмелешти чет элдик ЖМКлар. 

ЖӨНӨКӨЙ ЖАШООНУ СҮЙГӨН РОДРИ

Родри (толук аты-жөнү Родриго Эрнандес Касканте) 1996-жылы Мадридде жарык дүйнөгө келген. Бала кезде күнү-түнү телевизордон футбол көрүп, машыктыруучулардын тактикалык жүрүштөрүнөн бери байкап отурчумун дейт.

“Мени футбол көрүүдөн ырахат алуу эмес, футболдун өзүн түшүнүү көбүрөөк кызыктырчу. Көптөгөн оюндарды көрүп, оюнчу оюн талаасында канчалык терең ойлоно аларын билип койчумун”,- деген Родри.

Спорттук карьерасы жаштардын “Райо Махадаондо” деген жупуну клубунан башталган. Андан кийин “Атлетико”, “Вильярреал” клубдарында ойнойт. 2015-жылы “Вильярреалдын” негизги курамында дебют жасап, анда өзгөчөлөнө алган. 2018-жылы Родри 5 жылдык келишим түзүп, “Атлетикого” кайтып барып, бирок көпкө кармалган эмес. 2019-жылы аны “Манчестер Сити” 70 миллион еврого сатып алган. Мындан кийин “Атлетико” ага кымбатыраак келишим сунуштап, бирок Родри баш тартканы айтылат. 

Родри анан “шаардык” клубдун алмашкыс оюнчусуна айланды. 2022-жылы клуб аны менен келишимди 3 жылга узартты. 2023-жылы Чемпиондор Лигасынын жооптук жарым финалдык беттешинде “Манчестер Сити” “Реалды” 4:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган. Финалда Родринин жалгыз голу менен “Манчестер Сити” клубдун тарыхында биринчи жолу Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аталганы белгилүү. Айтор, “Алтын топ” үчүн ат салышта Винисиус менен Жуд Беллингемди артка калтырган футболчунун деле көрсөткүчтөрү жаман эмес.

Жеке жашоосу... Родрини “футболго башка планетадан түшкөн адам” деп айтышат. Анткени анын жашоосунда кымбат автоунаалар жок, социалдык желеден баш тарткан, өзгөчө чач жасалганын ээси эмес, денесинде татуировка жок. Футбол жылдызы үйлөнө элек.

“Мен жөнөкөй адаммын. Комфорт үчүн мага көп нерсенин деле кереги жок, айланамда карапайым, жакшы адамдардын жүргөнү жетиштүү” дейт ал. 

“АЛТЫН ТОП-2024” СЫЙЛЫГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

“Алтын топ” – Родри

Мыкты футболчу айым – Айтана Бонтами (“Барселона”)

Мыкты машыктыруучу – Карло Анчелотти (“Реал Мадрид”)

Мыкты команда – “Реал Мадрид”

Мыкты чабуулчу – Харри Кейн (“Бавария”), Килиан Мбаппе (“Реал Мадрид”)

Мыкты дарбазачы – Эмилиано Мартинес (“Астон Вилла”)

Мыкты жаш футболчу – Ламин Ямаль (“Барселона”)

“АЛТЫН ТОПТУН” ТАРЫХЫ

Эң престиждүү “Алтын топ” сыйлыгы 1956-жылдан бери жыл сайын France Football журналы тарабынан тапшырылат. 1956-жылдан 2006-жылга чейин сыйлык ээси футбол журналисттеринин добуш берүүсү аркылуу тандалып келген. 2007-жылы улуттук курамдын машыктыруучулары жана капитандары да добуш берүү укугуна ээ болушкан. Башында “Алтын топ” европалык оюнчуларга гана берилчү, 2007-жылдан тарта дүйнөнүн каалаган футболчусу ала алат. 2003-жылдан бери быйыл биринчи жолу сыйлыкка талапкерлердин катарына Лионель Месси менен Криштиану Роналду кошулган жок. Аталган 2 футболчу “Алтын топту” көп жолу утушкан. 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1143, 31-октябрь-6-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан