Кыргыз бийлигиндеги жаш, курч жетекчилердин бири. Бишкектин вице-мэри кезиндеги чечкиндүү кадамдары, тагыраагы, мыйзамсыз курулуштарды кеп-сөзгө келбей сүрдүрүп таштаган аракеттери менен көпчүлүктүн көзүнө илинди. Каарманыбыз – Нурдан Орунтаев. “Мыйзамсыз курулуштар көп, аларды бузуу иштерине өзүм катышпаганым менен, иш уланып эле жатат”,- дейт ал.
– Саламатсызбы, Нурдан мырза? Мамлекеттик курулуш агенттигине жетекчи болуп келгениңизге 1 жыл болуп калыптыр, кандай иштерди жасоого жетиштиңиз?
– Саламатчылык. Бир жылдын ичинде көп иштер жасалды. Эң чоң жетишкендик катары курулуш компанияларына берилген лицензия маселесин айта алам. Мурун лицензиялар базарда сатылгандай эле сайттарда ачык сатыкта турчу. Реформанын алкагында ошол нерсени жоготтук. Мурун лицензиялардан жылына 450-500 миң сом гана мамлекеттик пошлина чогултулса, биз акыркы 3 айда эле 40 миллион сом чогулттук. Бюрократиянын баарын жоюп, лицензияны мамлекеттен сатып ал деген реформага бардык. Коррупциялык элементтер көп болчу, андан арылдык. Курулуш тармагындагы 70ке жакын нормалардын жарымынан көбүн бүгүнкү күндүн талабына ылайыктап бүттүк. Башкаруу системинде баш аламандык көп болчу, аны иретке келтирдик. Социалдык объектилер мурун тендер менен гана курулуп келсе, биз атайын мамлекеттик ишкана түзүп, ошол аркылуу иш жүргүзүп жатабыз. Биринчиден, бат курулат, экинчиден, акча үнөмдөлөт. 1 жылдагы өзгөрүүлөр азырынча ушулар.
– Вице-мэр кезиңизде Бишкектеги мыйзамсыз курулуштарды буздуруп, элден жылуу пикир угуп жаткан элеңиз. Азыркы кызматыңыз ал иштерди улантууга жол ачабы же тоскоолдук жаратып жатабы?
– Бишкек мэриясында мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштеринде мен жетекчиликтен келген талаптарды гана аткаргам. Мамлекеттик курулуш агенттиги ошол жумуштун жол-жобосун түзүп берүү саясатын алып барган орган. Азыр жетекчи катары мен талап коём, мамкурулуштун кызматкерлери же жергиликтүү бийлик органдары ал иштерди аткарышууда. Мурункудай өзүм барып бузбай калганым эле болбосо, ал иштердин баарын тиешелүү адамдар аткарып жатышат. 10-15 жыл мурункудай баш аламандык жок азыр, мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу боюнча активдүү иш жүргүзүүдөбүз. Мурун көз жумуп карап отурушса, азыр биз көз жумбайбыз дегендей.
– Парламент менен өкмөттүн мамилесин сурагым келет. Жакында төрага Нурлан Шакиев сизге парламент жыйынында сын айтып, “чолчоңдобой жүрүңүз” деди. Окуянын өзөгү эмнеде?
– Таластын Көпүрө-Базар айылында жаңы курулуп жаткан ооруканага бир депутат барыптыр. Менин орун басарым ал жерге депутат Мамкурулуштун кызматкерлеринин коштоосунда барышы керектигин айтат, анан ушундай түшүнбөстүк чыкты. Мен орун басарыма “эмнеге депутаттар ал жакта биздин кызматкерлерсиз жүрөт?” дегем. Себеби аларды биз коштоп жүрүп, курулуш боюнча маалымат беришибиз керек да. Ар бир нерсенин тартиби болот, адам курулуш жүрүп жаткан жерге барганда башына каска, үстүнө жилет кийип, курларды тагынышы керек, анткени курулуш жүрүп жаткан жер кооптуу деп эсептелинет. Ал эми “чолчоңдобо” деген сөздү биринчи угушум, бирок ага таарынган деле жокмун. “Эркелебе” деген сөздүн синоними окшойт. Эми спикер менден улуу киши, акыл айтса да, урушса да боло берет. Кыргызда “карынын сөзүн капка сал” дейт эмеспи, төраганын айткан сөзүн мен капка салып алдым.
– Кесибиңиз боюнча тергөөчүсүз, укук коргоо органдарында иштегенсиз. Тергөөчүлүк тажрыйбаңыздын азыркы жумушуңузга жардамы тиеби?
– Албетте, тиет. Биринчиден, тартип жок жерде жумуш жылбайт. Тергөөчү дегенде жөн эле милициянын формасын кийген адамды элестетпешибиз керек. Тергөөчү адамдын ичин изилдеп, тергеп аны сыртка алып чыккан адам. Азыркы жумушумда тергөөчүлүк тажрыйбам абдан чоң жардам берет. Кандай кызматтагы адам болбосун же кол алдыңдагы кызматкер болбосун, анын ичин билүүгө, чыныгы оюн байкоого аракет кыласың.
– Учурда мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси талкууда, сиздин оюңуз кандай бул маселе боюнча?
– Тууну өзгөртүшкөндө колдоп чыккам. Гимнди өзгөртүүнүн демилгечилери жакшы эле ойду айтып жатышат. Гимндин тексти эгемендикке жеткенибиз менен эле чектелип калган, ар бир кыргыздын мекенчилдик сезимин козгогон сөздөрдү кошолу деп жатышат. Менимче, бул туура эле нерсе, өзүбүздү чектеп камакка тыга бербешибиз керек да. Эгемендик алганыбызга канча болду, азыр заман башка, башка жетишкендиктерибиз, келечегибиз, өткөнүбүздү даңктап ырдасак деле болот. Мен мисалы, Мирбек Атабековдун “Мурасын” укканда ичимдеги “кыргызым” ойгонуп, мекенчилдик сезимим от алып кетет. Мен курактуу бардык эле жарандар ушинтишсе керек. Сөзү, музыкасы сонун гимн болсо эмнеге өзгөртүүгө болбосун? Мисалы, казактар деле гимнин 2-3 жолу өзгөртүшкөн, азыркысы сонун, уккулуктуу. Эгер жакшы жагына өзгөрө турган болсо, ызы-чуу салбай колдоп гана берсек дейт элем.
– Мурунку жумушуңузда ар кандай коркутуулар болгонун айтып калчусуз, бул жумушуңузда андай нерсе жокпу?
– Бул жакта деле душман арттырган учурлар болот. Көптөр сураныч менен келишет, анткени курулуштагы экспертиза, курулуш иши, көзөмөлдөө, баары биз аркылуу өтөт да. Мыйзамсыз курулуштарга уруксат бербейбиз. “Болбойт” дегенди кээ бири түшүнөт, айрымдары түшүнбөй сени душман тутушат. Акча сунушталган учурлар болот, аларды албетте, албай жолуна салабыз. Эң башкысы – жоопкерчилик албай эле коёюн, кийин мага иш козголуп калышы мүмкүн деп коркпойм. Документке кол койбой коркуп отура берсең, анда маселе чечилбейт. Мамлекетке пайдасы тие турган, мыйзамдуу иш болсо жасай беребиз.
– Кандай принциптер менен жашайсыз?
– Мамлекетке зыян келтирбөө, пара албоо, мыйзамсыз иш жасабоо. Кызматкерлерден жумуштук гана мамилени жана бекем тартипти талап кылам. Биздин жетекчилер деле менден ошону талап кылышат “ким жакшы жыйынтык, натыйжа көрсөтсө гана ишинде калат” деп Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Акылбек Жапаров да айтып жатышпайбы. Менин милдетим – ишимде мыкты натыйжаларды көрсөтүү деп эсептейм.
– Саясаттан тышкаркы кызыгууларыңыз барбы?
– Убакыт деле болбойт. Мурун балык уулоого барчумун, азыр аңчылыкка кызыгып, кээде чыгып жүрөм.
– Ашканада жубайыңызга жардам бересиз?..
– Жардам бериш керек сөзсүз. "Жок, мен эркекмин, аялдын ишин кылбайм" деген жакшы эмес. Үйрөнүп алсаң өзүңө эле жакшы, эртең аялың кетип калса эмне кыласың? Бул бир чети “страховка” да (күлүп). Аялыңа үйдө жардам бергендин уяты жок. Мен чоң энемдин колунда чоңойгом. Айылда камыр жууруп, нан жаап, уй саап эле өскөн баламын.
– Балдарыңызга катаал атасызбы же жумшакпы?
– Эки балам бар, улуусу кыз, кичүүсү эркек. Кызымдын тарбиясы апасынын моюнунда, мен кызыма жакшы сөз айтып, эркелеткенди гана билем. Ал эми балам 5 жашта, 7ге чыксын, анан тарбиялап баштайбыз. Аялымды да көптөр кызыгып сурашат, кайсы жерде иштейт деп. Келинчегим 2018-жылдан бери дары саткан компанияда иштейт.
– Кандай өкүнүч бар сизде?
– Тирүүлүктө ар бир адамдын өксүгү болсо керек. 2008-жылы апамдын көзү өтүп кеткен, мен анда студент элем. Апамдын сый-урматымды көрбөй кеткенине өкүнөм.
– Эл билбеген өнөрүңүз барбы?
– Ырдайм.
– Төрага айтмакчы, сиз ырдаганда куштар учуп кетпейби?
– Жок, музыкага табитим жакшы. 2-3 музыкалык аспапта ойной алам. Гүл өстүргөндү билем. Анан бир мактанып коёюнчу, бир жерге тал тиксем сөзсүз өсүп кетет.
– Баскан жериңизди гүлдөткөн адам турбайсызбы?..
– Ооба, андан тышкары устачылык да жайым бар. Бир нерсени бат үйрөнүп кетем. Курулушта кафель коюп, бетон, кыш куюп иштегем. Бул иштердин баарын бир көрүп үйрөнүп алгам.
Лунара Бекиева