КОЙ
(21.03–20.04)
Лотерея утуп алуу же же жакын адамыңыздан белек алуу мүмкүнчүлүгү бар. Таасирдүү адамдардын колдоосу менен карьералык тепкичтен көтөрүлөсүз. Кесиптик чөйрөдө, коммерциялык жана чыгармачылык ишмердүүлүк үчүн эң сонун мезгил. Иш чөйрөңүздү кеңейтүүгө байланыштуу сапарлар, жолугушуулар жана жаңы бизнес каалаган натыйжаларды берет. Руханий трансформация, адеп-ахлактык жактан тазаланууга убакыт табыңыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жаңы таанышуулар сиздин дүйнө таанымыңызга олуттуу таасир этиши мүмкүн. Мырзалар өз максаттарына жетүү үчүн чечкиндүү болушу керек, керектүү деп эсептеген нерсени жасаңыз, кесепеттери жөнүндө кабатыр болбоңуз. Айымдар, азгырыктарга каршы активдүү күрөшөсүз. Кандай азгырык сизди тоорубасын, аялдык алсыздыкка алдырбаңыз. Ишиңизге же ден соолугуңузга таасирин тийгизе турган окуялар орун алат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Көптөн бери сизди кыйнап келген чечимди кабыл алууга убакыт келди. Айланаңызда жоопкерчиликсиз, ишенимсиз адамдар көбөйөт, алардан акырындан арылыңыз. Жаңы бизнес баштап жатсаңыз, сабырдуу жана тырышчаак болуңуз. Жумушта компромисстик чечимдерди кабыл алууга туура келет. Сүйүүдө түгөйүңүзгө милдеттенме, жопкерчиликти үйө бербеңиз, мамиле бекем болуш үчүн эки тараптан тең аракет болгону жакшы.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Өзүңүзгө канааттануу тартуулай турган нерсени жасаңыз, мисалы, жакындарыңызга чакан кече уюштуруп, балдарыңыз менен баарлашып отуруу сизди өзгөчө кубантат. Сүйүүдө эки жээкте ойнобоңуз, биринчисин бүтүрүп, экинчисин баштаганыңыз туура. Өтмүшүңүздөгү кайсы бир жагымсыз окуяларды коё бергенди үйрөнүңүз, антпесе жаңысына жол ачылбайт. Сиз өткөн күндөрүңүзгө жабышкан сайын сизге келечектеги жолуңуз жабыла берет.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Өзүңүздү сыйлатуу үчүн бирөөлөрдү мажбурлай албайсыз, эгер оюңуздагыдай кадыр-баркка ээ болбой жатам деп ойлосоңуз, демек, мамилелердин үстүндө дагы иштешиңиз керек. Аптада сиз адамдарга эмес, адамдар сиздин жардамыңызга көбүрөөк муктаж болушат. Үй-бүлөдө майда чыр-чатактар болушу мүмкүн. Сүйүүдө түгөйүңүз үчүн ички эркиндик маанилүүрөк, анын бул сапатын туура түшүнүшүңүз керек.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бир эшик жабылса, экинчи эшик сөзсүз ачыларын унутпаңыз. Эгер эмгегиңиз бааланбай, алган маянаңызга көңүл тойбой жатса каалганы жаап кетсеңиз болот. Ар кандай эс алуу сапарлары ийгиликтүү болот. Айымдар күтүүсүз кабар укканга даяр болушу зарыл, кош бойлуулук тууралуу жаңылык, турмушка чыгуу жөнүндө сунуштар түшүшү мүмкүн. Балалуу бийкечтер алардын өзгөчө талант, жөндөмдөрүн ачканга аракет кылуусу керек.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бул мезгил бизнес көйгөйлөрүн чечүүгө, пландаштырууга, стратегияларды иштеп чыгууга, өнөктөштөр, кардарлар жана жетекчилик менен байланыштарды жана жолугушууларды түзүүгө ыңгайлуу. Жеке мамиледе жакшы да, жагымсыз да өзгөрүүлөр күтөт, башкысы, чечимдериңизге жана иш-аракеттериңизге жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз. Үйдөгү эмоционалдык маанайды жакшыртууга көмөкчү болуңуз, антпесе ич ара түшүнбөстүктөр, келишпестиктер орун алышы мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Ар кандай иш-аракеттер, байланыштарды издөө, мамилелерди түзүү үчүн жагымдуу мезгил. Эмоцияларыңыз басымдуулук кылышы мүмкүн, андыктан алтынчы туюмуңузга ишенбеңиз, бардык чечимдерди акыл-эске таянып кабыл алганыңыз туура. Бойдоктордун сүйкүмдүүлүгү артып, карама-каршы жыныстагы адамдардын кызыгуусун жаратат. Туруктуу мамиле курууга ашыгып жүрсөңүз, аптада сизге ийгилик жылмаят.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Уюштуруучулук жөндөмүңүз ойгонот, жумушта болобу, туугандар арасындабы, иш-чара же кече уюштуруу иштери сизге жүктөлөт. Кесибин алмаштырууну ойлоп жүргөндөр аптада аракетин баштаса болот. Алдыда боло турчу бардык кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарды жеңүүгө сизге эмоцияларыңыз жолтоо болот, андыктан өзүңүздү колго алып, сабырдуу болуңуз. Романтикалык мамилелерди курууга ыңгайлуу учур. Аптада башталган мамилелер узак жана бекем болот.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Ишиңизде демилгени, жалпы ишке берилгендикти көрсөтүңүз. Жардам сураңыз же кесиптештериңизге өзүңүз жардам бериңиз, ошону менен күчтүү команда түзүңүз. Бизнеске креативдүү мамиле жасаңыз, көбүрөөк туюу сезимиңизди угушуңуз керек. Жаңы киреше булактарын ачышыңыз ыктымал. Достук мамиледе сизди өз кызыкчылыгы үчүн колдонгусу келген адамдар болот, андыктан этият болуңуз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Өзүңүздүн өжөрлүгүңүзгө болгон ишеним, интеллект жана оптимизм сизди коомдук ишмерге айлантат. Мырзалар өз чөйрөсүнө көңүл бурууга татыктуу адамдарды гана киргизиши керек, антпесе бизнесте кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Аптада сатып алынган товарлар же кызматтар жогорку сапатта болуп, сизге узак убакыт кызмат кылат. Сүйүү же жумушту тандаш керек деген тандоо турса, анда өнөктөшүңүздүн пайдасына тандоо жасаганыңыз жакшы.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Эгер ойлогон оюңуз биринчи аракеттен ишке ашпай жатса, кол шилтеп таштап салбаңыз. Сизге ыңгайсыз болгон адамдар менен баарлашууну токтотуңуз. Чакан саякат сапарларын баштасаңыз болот, бул нерсе кээ бир нерселерди жаңыча кароого мүмкүндүк берет. Айымдар, жашооңузду өзгөртө турган чечим кабыл аласыз. Спорт менен машыгыңыз, бул нерсе физикалык жана моралдык абалыңызга жакшы таасирин тийгизип, энергияңызды жакшыртат.