Акыркы жылдары дүйнөдө квадроберлердин саны өсө баштагандыктан, алар үчүн атайын товарлар чыгарылып, сатылууда. Жаныбарлардын бет кабын кийип, куйрук, кулак тагынып, жаныбарча 4 буттап басып, секирип, үн чыгаруу модасы кайдан, качан пайда болгон? Бул балдардын психикасына кандай таасир этет? Эмнеси менен кооптуу?
Кыскача...
• Пайда болгон жылы – 2015-жыл, Япония.
• Тараган жана өнүккөн мезгили – АКШда 2019-жылдан, Орусия, Украина, Беларусь, Казакстанда 2024-жылдан тарта
• Кеңири жайылууда – Европа, Америка, Азияда
• Багыты – спорттук (расмий эмес)
• Квадроберге жакын – териандар, фуррилер
Өзгөчө жүрүм-туруму менен айырмаланышат
Квадроберлер – бул жаштардын субкультурасы. Субкультура – коомдо басымдуулук кылган маданияттан нормалары жана баалуулуктары боюнча айырмаланган топ. Анын өкүлдөрүнүн өз кызыкчылыктары бар, жүрүм-турумдары менен көпчүлүктөн айырмаланышат. Квадробер “квадро” (төрт) жана “аэробика” деген сөздөрдөн түзүлгөн. “Квадробика”, “квадробинг”, “квадроберинг” деген терминдер менен да аталат.
Квадроберлердин өкүлдөрү жаныбарлардын кейпин элестеткен бет каптарды кийип, куйрук, кулак тагып, жаныбарлардын кыймыл-аракетин, үндөрүн туурашат, 4 буттап басышат, секиришет. Кыскасы, кайсы жаныбарды тандап алса, бардык жагынан ошону туурайт.
Япониялык атлет ойлоп тапкан
Квадроберлердин келип чыгуу тарыхына кайрылалы. Япониянын Токио шаарынын тургуну, 1982-жылкы атлет Кенъити Ито тарабынан ойлонуп табылган. Ал шамалдай ылдам чуркаганы менен, өңү серт болгондуктан көптөр кебетесин маймылга окшоштуруп шакабалап, жинине тийип келген. Ал 9 жыл бою жаныбарлардын, анын ичинде Африканын патас маймылдарынын кантип басып, кантип кыймылдай турганына байкоо жүргүзгөн. Бул максатта канча бир убакыт токойдо да жашап, аз жерден аңчынын курмандыгы болуп кала жаздаган.
Ал тазалоочу (уборщик) болуп иштеп, жаныбарлар сыяктуу 4 буттап басуу, чуркоону үйрөнүү максатында полду “4 буттап” жууп жүргөн. Жаныбарларча чуркоонун 6 түрдүү стилин иштеп чыккан. Рекорд жаратуу үчүн патас маймылынын стилинде чуркоону тандап алган. Аталган маймылдар саатына 55 чакырымга чейин чуркай алышат. 2008-жылы Кенъити Ито 100 метр аралыкты 4 буттап 18,58 секундда чуркап өтүп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. 2015-жылы өзүнүн рекордун жаңыртып 100 метрди 15,71 секундда чуркап өткөн. Акырындап Японияда анын жолун жолдоочулар пайда боло баштаган. Ито өзү квадробердин Японияда жаралып, таралуусун бир нече себептер менен түшүндүргөн. 1-себеп – улуттук фестивалдарда жаныбарлардын бет кабын кийип, бийлөө жана ойноо адаты бар.
2-себеп – бир эле маалда булчуңдарды жана чыгармачылык жөндөмдү өстүрөт (Япониянын бир катар мектептеринде “аюу басыш” сабагы киргизилген. Анда 4 буттап басуу техникалары үйрөтүлөт).
Негизинен өспүрүмдөр алектенет
Учурда квадробика менен көбүнчө 8-14 жаштардагы өспүрүмдөр алектенишет. Квадроберлердин саны өсө баштагандыктан көп өлкөлөрдө алар үчүн товарлар чыгарылып, сатылып баштады. Аларга бет кап топтомдору, жыттуу суулар, атайын костюмдар, куйрук, кулактар, каргы, өзүн-өзү боёп алганга боёктор. Көптөгөн ата-энелер жана мугалимдер муну психологиялык көйгөйдүн белгиси (элден, коомдон четтөө) болушу мүмкүн деп жатышат. Ал эми башкалар “мында жаман нерсе жок. Бул балдарды телефон, компьютерден алаксытуу, физикалык активдүүлүккө багыттоо мүмкүнчүлүгү” дешет.
Балдарга коркунучу барбы?
Квадроберлер интернет аркылуу активдүү баарлашышат, жамааттык жолугушууларды да уюштурушат. Көптөрү өздөрүн же башкаларды видеого тартып, интернетке жүктөшөт. Жаңы квадроберлерге базалык көнүгүүлөр техникасын, ошондой эле бет кап, костюмдарды кантип өз алдынча жасап алууга болорун көрсөтүп беришет.
Европалык, орусиялык эксперт, философ, педагогдордун ойлорун бириктирип берсек мындай:
Балдар квадробикага оюн жана спорт катары карашса, анда бул коркунучтуу эмес. Шамдагайлыкка, грацияга үйрөнөт. Кыраакылык, байкагычтык, көңүлдү бир жерге топтой алуучулук жөндөмү өсөт. Башкача айтканда, квадробика денени, мээни өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок экинчи тарабы да бар. Бала жаныбар болуп ойноо менен чектелбей, өзүн жаныбар катары санап, ишенсе, алардын инстинктерине басым жасай берсе, анда психикалык нормадан четтөөгө багыт алышы мүмкүн. Анткени бала көбүнчө оюн менен реалдуулуктун чегин биле бербейт. Мисалы, америкалык өспүрүмдөр көчөдө ит, мышыкка окшоп заара ушатып, сабакта мугалимге сөз менен жооп бергендин ордуна итче үрүп, мышыкча мыёолой башташкан. Стакан, чыныларга тамак жегендин ордуна тамакты ит аякка окшош идишке салып берүүнү талап кылышкан. Көчөгө чыкканда ата-энелеринен моюнуна каргы тагып, жетелеп алууну да өтүнүшкөн учурлар бар. Бала жаныбар болуп ойнобой эле, жаныбар сыяктуу жашай баштаса, бул психиканын бузулушу. Ата-энелер балдардын ошентип “жаныбар” болуп жашап калганынан коркушу керек. "Биз жаныбар эмес, адамбыз, ойноп бүттүң, эми адамдай бололу" деши кажет.
Көптөгөн эксперттер квадоберликти спорт же хобби деп так айта алышпайт. Украина, Орусия, Латвия, Беларусь сыяктуу өлкөлөрдө квадроберлерге чочулоо менен карап, аларга карата терс пикирлер байма-бай жарыяланып жатат. Өзбекстанда буга тыюу салуу маселеси көтөрүлүүдө. Кыргызстан ааламдан четте эмес, бул маселе эртең биздин өлкөнүн да көйгөйүнө айланышы мүмкүн.
Квадроберлердин көбөйүп жатышынын башка себептери
Чет элдик басылмалар мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрүшүүдө:
• Өспүрүмдөр өздөрүнүн индивид экендиктерин көрсөтүү үчүн эксперимент кылышууда
• Ой-кыялдары бир чөйрөдө өздөрүн эркин сезишет
• Ар кандай тыюуларга көрсөткөн каршылыктары
• Үйдөгү уруш-талаш, зомбулуктан качып, аздыр-көптүр көңүлүн ачуу
• Мээримдин жетишпестигинен. Анын ордун квадроберлер менен баарлашуудан, ойноодон алган энергия менен толтурууга аракет кылуу
Минура Саматова, психолог: “Өз денесин кабыл алгысы келбегендер бет кап кийишет”
– Жаныбарлардын костюмун, бет кабын кийүү мурунтан эле бар. Каармандары бет кап кийген фильмдер да бар, мисалы, “Зорро”. Демек, квадроберлик эми эле пайда болуп калган жок, анын уңгусу мурунтан бар. Эми бет кап тагынууга көбүнчө кандай балдар тартылат дегенге келсек. Алар өз денесин, келбетин жактырбай, өзүн кабыл алгысы келбегендер. Бет кап кийгенде “эми мени тааныбай калышты. Мага жакпаган өңүмдү башкалар көрбөйт” дейт да, өздөрүн эркин сезишет. Ошондуктан квадроберлердин ата-энелери балдары эмне үчүн аталган агымга тартылып жатканын анализдеши керек. Мээрим, камкордук, көңүл буруу, баласын уга билүү болбосо, андай кемчиликтерди жоюу зарыл.
Алмаз Карыбеков, юрист: “Ден соолукка зыян келтирсе, жоопкерчиликке тартылат”
– Бул көрүнүш Кыргызстанда жаңыдан пайда болуп келе жатат. Квадроберлер, менимче, ата-энеси, педагогдор тарабынан көңүл буруу, мээрим, колдоо жетишпеген балдар. Ата-энеси баласына көңүл бурбаса, бала ичиндегисин, оюн айта албай каршылык көрсөтүү, өзүнүн бар экендигин эскертүү үчүн да көчө балдарына же ушундай агымга кошулуп кетиши мүмкүн. Жаныбарларды тууроо – оюн, бирок “оюн” бирөөнүн ден соолугуна зыян келтирсе (мисалы, тиштесе, үстүнөн секирип басып калса, үрүп же ырылдап катуу коркутса) юридикалык жактан жооп берүүгө туура келет. Бул жаатта жашы жете элек балдар үчүн жоопкерчилик ата-эненин моюнунда болорун айта кетейин.
Канымжан Усупбекова