Чуулгандуу окуялар, алардын жыйынтыктары

Буга чейин гезит бетине жарыяланган чуулгандуу окуялардын жыйынтыгы боюнча маалымат берели. “Сот иши кандай жүрүп жатат?”, “Кылмыш ишинде жаңы жагдайлар барбы?”, “Кылмышка шектелген адам канча жылга соттолду?” деген суроолоруңуз болсо, макаладан жооп табасыз.

Зордукталган майып кыздын апасы “эми пикетке чыгам” дейт

Гезитибиздин №1132 санында Каракол шаарынын Кыял Темирбекова аттуу тургуну "быйыл июль айында 25 жаштагы майып кызымды белгисиз жигиттер уурдап кетип, кашарда мал бактырып, бутун сындыра сабап, кезектешип зордукташкан" деп айтып берген эле. Каарманыбыз майып кызды зордуктады деп шектелген 2 жигиттин бири “президенттин иниси болом, билгениңди кыл” деп кылмышты моюнуна албай жатканын баса белгилеген. Сот иши тууралуу сурап Кыял Темирбековага байланышканыбызда буларды айтты:

– 3 айдан бери тергөө жүрүп жатат, жыйынтык нөл. Мен кичине ызы-чуу чыгарсам күбөлөрдү сурамыш болуп коюшат, болбосо тергөө ордунан жылбай эле турат. Президенттин иниси болом деген Майрамбек аттуу шектүү жаран дагы деле эркиндикте, кызым менен беттештирип баарын бетине коюп берсек да моюнга алган жок. Бул жерде кызымды ошол жигиттер менен тааныштырган Альбина деген кыздын да күнөөсү бар. Менин кайрылбаган жерим калган жок, айлам калбай калды, мамлекеттик органдар “тигиге бар, буга бар” деп ар кимге жөнөткөнүн койбойт. Кызым ошол окуядан бери тез-тез ооручу болду, тергөө иши бүтпөй же кызым толук айыкпай ортодо чайналып жүрөм. Келерки жумада пикетке чыгам, шектүүлөрдүн баары камалышы керек, адилеттикке жетмейинче жөн койбойм.

25 жаштагы келиндин өлүмү боюнча иш кайсы этапта?

Гезитибиздин №1128 санында 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын шаарыбыздагы №4 клиникалык ооруканада каза болгонун жазганбыз. Маркумдун апасы Гүлшайыр айым кызы үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгонун билдирип, анын өлүмүнө кайын журтун жана жолдошу Тилек Нарбековду күнөөлөгөн эле. Сот ишинин жүрүшү боюнча жабырлануучу тараптын адвокаты Жанат Гүлжигитов буларды айтып берди:

– Октябрь райондук сотунда маркумдун жолдошу Тилек Наркуловдун үстүнөн козголгон кылмыш иши каралып баштады. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси тагылып жатат. Биринчи отурумда күбө катары Айтургандын апасы суралды. Дагы 10 чакты күбө бар. Айыпталуучуга коюлган берене боюнча ал 10 жылга чейин соттолушу керек. Айтургандын өзүн-өзү өлтүрүүсүнө күйөөсү жеткирген, биз буга толук далилдерди, экспертизаларды көрсөтө алабыз. Кийинки сот отурумдарында толук маалымат чыгат.

Жарандык никедеги аялынын өлүмүнө шектүү күнөөсүн моюнга ала элек

Гезитибиздин №1121 санында Роза Жекшенова аттуу жаран "кызым Айжан Алыкулова жарандык никеде жашаган абьюзер күйөөсүнүн курмандыгы болду" деп айтып бергени тууралуу макала чыккан. Ал "Кирилл аттуу жаран кызынын ишенимине кирип, үстүнө кирип жашап, баңгизат чегип алып аны мыкаачылык менен сабап өлтүргөн" деп билдирген эле. Ошондой эле шектүүнүн “Билимкана” мектебинде директор болуп иштеген апасы уулунун кылмышын жашырууга аракет кылууда деген пикирин билдирген. Сот ишинин жыйынтыгы боюнча маркумдун эжеси Айнура Алыкулова буларды айтты:

– Ар бир сот отуруму ызы-чуу жана биз үчүн чоң стресс менен коштолуп жатат. Биринчиден, тергөө иши чала-була болгон. Окуя болгон жердеги көп далилдер жок кылынган. Биз шектүү тараптын жакындары башында эле тергөө менен кызматташып акча сунуштаган болуш керек деп ойлоп жатабыз. Анткени экспертиза, күбөлөрдүн сурагында шектүүнүн жазасын жеңилдетүүгө абдан аракет жасалып жатат. Мындан улам кылмышка шектүү жеңил жаза алып кутулуп кетеби деген кооптонуу бар. Кылмышын толук моюнуна ала элек, “жарым-жартылай гана моюнга алам” деп жатат. Адвокаттарын улам-улам алмаштырууда. Апасынын “баламды өзүм милицияга кармап бердим, жазасын алсын” деп айтканы суу кечпей калды.

Тергөөчү ишти тергөөдөн баш тарттыбы?

Гезитибиздин №1134 санында Талас облусунун тургуну Динара Шамбетова 33 жаштагы уулунун өлүмү боюнча “тергөөчүлөр баламды ат сүйрөп кетип каза болгон деп жатышат, бирок кылмыш ишинде шек жаратуучу далилдер көп” деп айтып маек берген эле. Анда каарманыбыз уулун ат сүйрөп кетпей эле, “киши колдуу болгонун”, тергөөчүлөр ишти эртерээк жабыш үчүн ушундай кадамга барышты деген божомолун айткан. Кайрадан Динара айымга байланышканыбызда буларды айтты:

– Ишти кайра тергеп бергиле деп Башкы прокуратурага, Камчыбек Ташиевге да кайрылдык. Сокулук РИИБинин тергөөчүсү ишти тергөөдөн баш тартыптыр. Прокуратурадан азырынча ушул эле жооп келди. Эми ал тергөөчү баш тартса, башкасы тергей бериш керек да, бакыйган РИИБде бир эле тергөөчү иштебейт да. Мына, жакында баламдын ашы болот, биз анын өлүмүнүн чыныгы себебин дагы деле биле элекпиз. Биздин максат – эптеп эле күнөөлүүнү таап аны түрмөгө отургузуу эмес. Эгер тергөө биз ишене турган далилдерди келтирип берсе, мен деле көңүлүм тынчып, Кудайдын буйругу экен, өлгөн балам өлдү эми деп калмакмын. Бирок жан дүйнөм тынчыбай турат, балам тынбай түшүмө кирет, бир нерсе айткысы келет же мен аны түшүнбөйм.

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1144, 7-13-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан