Миргүл Өмүралиева, мекендеш: «Италиянын Сардиния аралында 3 миңдей кыргыз жашайбыз»

– Миргүл айым, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз. 

– Аты-жөнүм Миргүл Өмүралиева. Балыкчы шаарында туулгам, Бишкектеги 5-мектепти аяктагам. Орусиядагы Курск педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөм. Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында лаборант, турмушка чыккандан кийин Ысык-Көлдөгү райондук гезитте котормочу болуп иштедим. Союз тарагандан кийин Италияга кетишке туура келди, 48 жашта элем. Бул жакта жашап жатканыма 20 жыл болду.

– Чет өлкөгө кетишке турмуш мажбурлады да, ээ?

– Иштеш керек болду, 4 балам жаш, эң кичүү кызым ошол кезде 10 жашта болчу. Бул жакка эмне жумуш кыларымды, тилди да билбей келдим. Алгач Римге келип, ал жерде 13 жыл жашап иштедим. Ал кезде Римде 10 чакты эле кыргыз бар эле. Жумуштун баары украиндердин колунда болчу, алардан арткан жумуштарда иштеп жүрдүк. 2012-жылы Римдеги кыргыздардын уюмун түздүм, активисттер менен бирге Сан-Маринодо кыргыздардын чоң форумун өткөрдүк. 20дай өлкөдөн мекендештер келген. Кийин Сардиния аралындагы тааныштар чакырып, бул жакка келип калдым. Бул жер абдан кооз жер. Эли да абдан меймандос, Римге караганда тынч. Мага климаты абдан жакты. Деңиздин да эң кооз жери экен, ошого кызыгып калып калдым. Бул жакта да кыргыздардын уюмдары бар экен, учурда Kyrgyzstan Unita Sardinia уюмунун жигердүү мүчөсүмүн.

– Сардиния аралында кыргыздар көппү?

– Менимче, кыргыздардын эң көбү ушул аралга топтолду. 3000ге жакын кыргызстандык бар. Учурда Кыргыздын 3 коомдук уюму иштеп жатат. Данияр деген жигитибиз Спорт, маданият деген уюм ачты. Бул уюмда жаштар спорт, маданият жагынан иштерди жүргүзүп турушат.

– Италияга барганда алгач кандай кыйынчылыктарга тушуктуңуз?

– Эң чоң кыйынчылык – тилди билбегеним болду. Экинчиден, үйдө 4 баланы калтырып келиш, мага эле эмес, бул жактагы ар бир мекендешке кыйын эле. Күнү-түнү үйдө калган балдарыңды ойлойсуң. Башында мыйзамсыз иштеп жүрүп, 2007-жылы гана документ алганга мүмкүнчүлүк болду. Анан Кыргызстандан кызымды алып келгенге аракет кылдым. Бир жылдык бюджетиңди мамлекетке “мынча бюджетим бар, кызымды бага алам” деп көргөзүшүң керек. Ага каражат топтоп жүрүп, кызым 15ке чыкканда алып келип, Римдеги лицейдин жогорку классына бердим. Мектепке 6 жашында барган, бул жерде колуңда аттестатың болсо да 18 жашка чыкканга чейин эч кандай университетке кире албайт экенсиң.

– Италиялыктардын эмнесин баса белгилеп айтасыз?

– Биринчи – ашканасы. Байкашымча, туура тамактанышат. Машыгуу залына барып, ден соолукту абдан карашат. Бизде балыкты деле, тоокту деле, малдын этин деле аралаштырып дасторконго коё беребиз го. Буларда андай жок, балык жеген күнү кечке чейин балык эти кошулган тамактарды жешет. Бизге жат көрүнгөн нерселерден, үй-бүлө куруу маселеси. Бизде бир аз сүйлөшүп эле үйлөнүп алышат го, булар жылдап сүйлөшүшөт, 10-15 жыл деле кыз-жигит болуп жүрө беришет. Ал ортодо балалуу да болуп, балдарын чоңойтуп, чогуу бир үй-бүлөдөй болуп жүрө беришет. Мыйзамы да бар ушундай, “бирге жашоо” деп коюшат, расмий түрдө жарандык үй-бүлө катары жашап жатабыз деп коммунага билдиришет. Качан бир чечимге келгенде, 40-50гө чыкса деле баш кошуп алышат.

Римде абдан чоң мүрзө бар. Бир жагында адамдардын, бир жагында үй жаныбарларынын мүрзөсү. Мышыгына, итине да адамдардай эле эстелик коюшат.

Буларда балдары өзүнчө, ата-энеси өзүнчө жашаганды жакшы көрүшөт. Көпчүлүгүндө ата-энесинен калган мурас болот. Үй-жай, акча кийинки муунга мыйзамдуу түрдө өтөт. Аялы менен күйөөсү ажырашып кетсе, аялы иштебей же каражаты жок болсо балдарына эле эмес, аялына да алимент төлөп беришет. Бул жакта мыйзам катуу иштейт. Жол эрежесинин сакталышын катуу талап кылышат. Кокус бир жол кырсыгы болуп кетсе, эки тарапты тең күнөөлөп, эки тарапты тең соттоп таштаган учурлар бар.

Булардын эң чоң майрамы – Рождество. Андан башка да майрамдары бар. Бир жылда 365 күн бою кандайдыр бир ыйыктарынын туулган күнү болот. Ошол күнү туулгандарга көбүнчө ошол ыйыктарынын аттары коюлат. Ар кайсы шаарлардын да майрамдары бар, мисалы, Рим күнү болсо, Римде жашагандар ал күнү иштешпейт.

Кылмыштуулук боюнча, Римде көчөдөн, транспорттон уурулук кылмай, үйлөрдү тоноо көп болчу. Бир жолу менин да сумкамды жулуп кеткен. Ичинде документ ала турган маанилүү кагазым бар эле. Кийин ошол кагазды дарегиме почтадан салып жибериптир. Азыр мен жүргөн аймакта тынч.

– Италияда кандай иштерди жасап жүрөсүз?

– Бул жакта коомдук иштерде жигердүү катышып жүргөндүктөн, былтыр Кыргызстанда өткөн экинчи элдик курултайга делегат болуп катыштым. Европадан барган 6 делегаттын ичинен спикер катары сөз сүйлөдүм. Форумдарга катышып жүрөбүз. Котормочулук мага абдан жагат. Орус тилинен кыргызчага, кыргызчадан орусчага которуп жүрчүмүн, эми итальян тили кошулду. Кыргызстанда котормочулар арасында өткөн сынакка катышып, 2-орунду алгам. Итальян тилинен кыргыз тилине Антония Буиццанын “Курбулар” деген аңгемесин которгом. Кыргыз адабиятында биринчи жолу итальян тилинен кыргыз тилине түз которулган адабий чыгарма болду. Буга чейин орус тили аркылуу которулуп келген да.

Эне тилибизге абдан көңүл бурам. Эне тилин колдоо боюнча аракеттеримди баалап, Мамлекеттик тил комиссиясынан медаль беришкен. Ийгиликтерим ушул, балдарымды окутуп, чоңойтуп, азыр бир кызым АКШда, уулум менен кызым Бишкекте турушат. Кичүү кызым жакында турмушка чыкты, күйөө балам жергиликтүү итальян. Булар эми 3-4 жыл сүйлөшүп жүрүштү, кызым чечкиндүүлүк кыла албай жүрдү окшойт. Эгиз кыздары бар, алар 3 жарым жашка чыгышты. Неберелерим төрөлгөндөн бери булар менен чогуу жашап жатам.

– Кыргызстанга кайтып келип жашагыңыз келеби?

– Италиядан жарандык алгым келген жок, алсам деле болмок деп ойлоп калам кээде. Кыргызстанга, албетте, кетким келет. Акыркы кезде жыл сайын барып турам. Барганда 3-4 ай жүрүп келем. Мекениме барганда кайра кетким келбейт, бул жактан кетип жатканда да ичим тызылдайт. Эки жакка тең тарта берет. Эки жолу келбейм деп кеткем, кайра эле келип алдым. Анын үстүнө ден соолугума бул жак жакшыраак. 

Гулийпа Маметосмн кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1144, 7-13-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан