“Ташчайнар” деген каймана аты менен белгилүү балбан Нурлан Алишеровду маекке тартып, ден соолугун, учурда эмне иштер менен алек экенин, жаңылыктарын сурадык. Кыргызга таанымал балбандын жашоодо кандай максаты, тилеги бар?
“Врач болом деген кыялыма жеткен жокмун”
– Бала кезде врач, милиция кызматкери болом деген кыялым бар эле. Бирок ал кыялдар ишке ашкан жок. Каражаттын айынан медициналык окуу жайда окуй алган жокмун. Ал эми милициянын окуусуна барганымда комиссиянын текшерүүсүнөн өтпөй калгам. “Бир бөйрөгүң жок турбайбы, үйүңө барагой” деп узатып коюшту. 11-класста окуп жатканымда оорунун айынан 1 бөйрөктөн ажырап калган элем. Мектепте адабий китептерди жантыгымдан жата калып окуйт элем. Ал кезде индиялык кинолор, Брюс Линин фильмдери көп көрсөтүлчү. Ошого таасирленип Чыңгыз деген досум экөөбүз Брюс Лидей болобуз деп чыпалагыбыздын түбүн лезвие менен тилип, ал жерге туз сээп, анан “грушаны” ургулап жинди болор элек.
“Жубайымды күтүүсүз жерден лимузин менен алып келгем”
– Аялым Зарина менен бир эже аркылуу таанышканмын. Сүйлөшүп жүрүп, бир күнү баш кошмок болдук. Ал кезде мен автоунаа оңдоочу жайда иштейт элем. Аны үйгө алып кетер күнү досум машинасы менен келмек эле, 29-декабрь, кычырган кыш, суук. Кеч болуп кетти, досум жок. Бутумда резина өтүк, үстүмдө фуфайка, пахта шым. Кийимим капкара май. Эми эмне болот деп жинденип иштен чыгып, үй жакка баратам. Аңгыча бир лимузин келип жаныма токтоду. Айдоочусу “бир тетик керек” эле деп калды. “Андай тетик бар” дедим, үй жакка жөнөдүк. “Неге маанайың суз?” дешти эле, “бүгүн үйлөнмөкмүн, досум келбей калды” дедим. Анда тигилер “биз бир тойго буюртма алып койгонбуз, бирок акчасын ала алекпиз. Азыр андан баш тартабыз да сага аял алып келебиз” дешти. Ошентип сөздөрүнө туруп, Заринаны алып келгенбиз. Жубайым экөөбүз 2 кыз, 2 уулдуу болдук. Тун уулум 20да, андан кийинки кызым 18 жашта. Андан кийинки уулум 6-класста окуп жатат, эң кичүүбүз кыз.
Жубайымдын токтоолугу, сөз көтөрүмдүүлүгү жагат. Мен буркан-шаркан түшүп барып басылам. Ал үндөбөй “сеники туура” деп жеңет. Тамак-ашты жакшы жасайт, мыкты апа, жакшы жар. Мага “бала кыялсың, ишенчээксиң, ала бармансың, колуң өтө эле ачык” деп калат. Чынында, жаш кезимде өзүмө “өмүр бою бой көтөрбөй, бала кыял болуп өтөм” деп сөз бергем.
“Жол тандабас курап, 10 миң долларга сатпай койгом”
– Техникага жакындыгымдан 2017-жылы жол тандабас курап чыккам. Орусиянын бир телеканалы келип тартып, 10 миң долларга сат дегенде “өзүм айдайм” деп болбой койгом. Ошол машина кийин күрөөканадан алган карызымдын ордуна калып кетти. Андан кийин жол тандабас курабадым.
“Учурда автоунаа оңдоп иштейм”
– Мектепте окуп жүргөндө бруцеллёз, кызыл жүгүрүк, ашказан жарасы ооруларынан да азап тарттым. Ден соолуктан аксадым. Ооруларым өнөкөткө айланып кеткен. Кийин кант диабетине чалдыктым. Буга мени 35 миң долларга алдап кеткен досум себепкер болду. Жубайымдын көзүн дарылатууга деп ичпей-жебей чогулткан акчамды ошол досума алдаттым. Катуу стресске, күйүткө баткандан таптым кант диабетин. Кийин 2 ирет инсультка кабылдым, башымда гематомалар бар. Антсе да жашоо үчүн күрөшүп келем. Учурунда эл дагы, ажобуз дагы материалдык жардам көрсөттү, ыраазымын. Учурда автоунаа оңдойм, темир-тезектен ар нерсе жасайм. Жашоомо топук кылып, нааразы болбой жашоо көчүн улап келем.
“Мага берилчү үйдү башкага берип...”
– Өлкөбүздөгү төңкөрүштөрдүн баарына катыштым. Патриотмун. 2010-жылы Апрель окуясында Таластагы баш аламандыкта колумдан катуу жаракат алгам, аялым көзүнөн жабыркады. Апрель окуясынын жабырлануучусу деп мага да үй бөлүнгөн эле. Бирок аны ошол окуяда оор жаракат алган 1987-жылкы таластык жигитке бердиртип салгам. Ал жигитке караганда менин колу-бутум бүтүн, басып жүрөм деп үйдөн баш тарткам. Эл көргөн күндү көрөбүз, дагы үй салынса берилеттир дегем. Аңгыча “Украина таланттары” телешоусуна чакыруу келди. Ал жактан келгиче менден башкалары үйлүү болуп калыптыр. Ошентип үйсүз калгам.
“Аян түш көргөндөн кийин өнөр көрсөтө баштадым”
– Күч мага генден өткөн эмес, мага күчтү Кудай берген. 2011-жылы 5-майда аян түш көргөм. Түшүмдө Кыдыр ата, Манас, Бакай аталар кирип, “Кыргыздар Манастын урпактары, кыргыз дүйнөсү башкаларга үлгү жана күзгү болушу керек, өзүң жеке жүрбөй 40 чорону топто” деп бата беришкен. Ошентип акырындап күчүмдү сынап, элге көрсөтө баштадым. Мисалы, чиркелген 20 автоунааны (жалпы салмагы 35 тонна) 14 метрге, учакты (35 тонна) 8 метрге, чиркелген 2 унааны кулагым менен сүйрөп, темир отургучка кишини отургузуп, тишим менен көтөргөм, 16 жүргүнчүсү бар лимузинди 162 метрге тарткам. Мендеги күч аздыр-көптүр балдарыма да өткөн окшойт. Чоң уулум ичине картошка салынган 10 килограммдык баштыкты тиши менен көтөргөндө таенесинин эси чыгып, “ташта” деп кыйкырыптыр. Тиштеримдин күчтүү экендиги, мүмкүн, сүт тиштеримдин түшпөй өмүр бою калганынан уламдыр.
“Мени акчага сатып ала албайсыңар дегем”
– 2011-жылдан тартып түрдүү сынак, шоуларга катыштым. 2012-жылы “Германия таланттарды издейт”, 2013-жылы “Украина таланттары” сынактарына катышкам. Украина өлкөсү 300 миң доллар сунуштап “биздин өлкөнүн атынан чык” дешкенде баш тарткам.
Бир жолу бирөө 2 казак ишкерин ээрчитип келиптир. Алар “Жамбылдан 3 бөлмөлүү батир алып беребиз, 100 миң доллар да беребиз, казактардын атынан чык” дешти. Ошондо “мени акчага сатып ала албайсыңар, силерде намыс жок болсо, менде намыс бар” деп баш тарткам. Учурда ижара акысын төлөп батирде жашайм. Буга чейин тапкандарымды жетим-жесир, балдар үйүнө таратып жүрө берген экенмин. Эми балдар чоңоюшту, алардын жардамы менен үйлүү болобуз го деп отурабыз.
“Ооруганыңда дос, тууган иргелип калат экен”
– Жашооңдо жакшы нерсе болобу, жаман нерсе болобу, баары Кудайдан. Бешенеге жазылганы. Дос, тууган дегендер кыйынчылыкка, оор сыноого кабылганыңда өзү эле иргелип калат экен. Кимдин-ким экенин так билип алат экенсиң. Жөнөкөй адамдарды жакшы көрөм. Бой көтөргөн текеберлер жакпайт. Башка чаап-чаап жибергим келет. Өлкөбүздүн жаратылышын, кен байлыктарын туура колдонуп, экологияны булгабай, туризмди өнүктүрүп, ата-салтыбызды карманып, улуттук кийимдерибизди кийип, барктап жашасак дейм. Дүйнө коомчулугу кыргызды жаман жагы менен эмес, жакшы жагы менен тааныса. Учурда Жер планетасын ооруп, онтоп жаткан адамга окшоштурам. Баарын казып, тешип, уулантып, кыскасы, Жер энени кыйнап бүттүк. Адамзат өзүбүзгө ор казып жатабыз, качан эсибизге келебиз, билбейм.
Канымжан Усупбекова