Кыргыздай даанышман эл кантип зер буюмдарга маани бербей койсун. Секелек кыздан тартып, сексенге чыккан энеге чейин жаш курагына жараша түрдүү тагынчактарды тагынышкан. Билген адамга андай тагынчактарда чоң философия, энергия жана бакыт жатат дешет адистер. Белгилүү дизайнер Айдай Асангулова маалымат берет.
Зер буюмдардын коргоо функциясы
– Кыргыз эли көчмөн калк болгондуктан ооруга, жоого, табият кырсыктарына даяр болушкан. Ошол өзүн коргоо тактикасынан улам да аялзатына зер буюмдарды жасашкан. Зер буюмдардын эң негизги касиети – аялдарды суук көздөн, сөздөн, оорудан сактап, анын жан дүйнөсүн аруулоо болуп эсептелет. Кантип деген суроо туулат. Мисалы, билерикти алалы. Аял колу менен суусундук сунганда билегине башканын көзү түшпөсүн деген максатта билерик салынган. Ак билекке бирөө-жарым суктанып койсо, көз билекке эмес, билерикке түшөт деген ишеним болгон. Мисалы, ала тамак, 13-14 жашка чыккан кызга тагылган. Анткени ошол курагында кыздын моюну узарып, акырек бөлүгү назарга түшөт эмеспи. Бул аялдык энергияны сактоонун эң мыкты үлгүсү. Бой тумар, ала тамак, сөйкө, чачпак аялдын ар бир жашоо мерчемине арналып, күч-кубат кошо алган.
5-10 жаштагы кыздардын зер буюмдары
– Наристе кезден баштап картайганга чейин тагынчактардын өз орду бар. Алгачкы функциясы коргоо болсо, кийинки максаты – кооздук. 5 жаштан тарта кыз баланы эркек баладан айырмалоо үчүн асем буюмдарды тага башташкан. Бул курактагы кыздардын жасалгасы топчулар болгон. Чыптамага, топусуна топчу кадап коюшкан. Азыркыдай жөнөкөй топчу эмес, маржан, седеп топчулар тагылчу. Кулагына кичинекөй сөйкө, маржан шуру тагышкан. Маржан ташы кыргыз зер буюмдарынын негизги бөлүгүн түзгөн жана бааланган.
10-13 жаштагы кыздардын зер буюмдары
– Бул курактагы кыздардын зер буюмуна ала тамак, кол тырмооч, үкү топу кирген. Ала тамак – шурудан жасалып моюнду жапкан буюм. Ал кыздардын моюнуна көрк берип, моюндун узун болушуна шарт түзгөн. Топунун функциясы – кыз бала кандай иш кылбасын топуну баштан түшүрбөй денесин түз кармоо. 10 жашта топуда үкүнүн канаты бир-экиден эле болгон. Кыздар чоңойгон сайын үкүнүн канаты көбөйүп отурган. Анткени көп кошуп койсо топуну баш көтөрө албай калат.
Кол тырмооч – кыздардын чачы өсүп, беш көкүл болгондо тагына турган асем буюм. Иш кылып жатканда алдына төгүлгөн чачы ишке тоскоол болбошу үчүн артка жыйып коё турган кооздук. Ар түрдүү мончоктордон жасалганы үчүн далыны кооз көрсөтөт. Кол тырмоочтун дагы бир аты – “аркалык”. Кыздын арка жагындагы кооздук болгон үчүн, балким, ушундай аталып калса керек.
13-17 жаштагы кыздардын зер буюмдар
– Өткөөл курак, бул жашта кыздардын буюмуна шакек кошулган. Сөйкөлөрдүн түрдүүсүн тагына башташкан. Анткени бул куракта жуучу жиберилип, сөйкө салына турган болгон. Сөйкө кыз бала үчүн чоң роль ойногон. Анын кандай сөйкө тагынып жүргөнүнөн улам жуучу жиберилип, бара турган жери дайын болгон кыз же башы бош кыз экени аныкталган. Күмүштөн жасалган асем буюмдар тууралуу айтканда, күмүштүн касиети тууралуу айта кетпесек болбойт. Күмүш – аялдын энергиясын тазалай турган касиетке ээ. Ошол үчүн көп учурда кыргыз аялдары күмүштөн жасалган зер буюмдарды тагынышкан. Алтын күч-кубат бере турган касиетке ээ болгондуктан көп учурда эркектер тагына турган кемерге колдонулган.
18-40 жаштагы аялзаттын асем буюмдары
– Адатта бул учурда кыздарды турмушка узата турган учур. 18 жашкы чыккан кыздарга бой тумар кошулган. Бой тумар – шурудан жасалып көкүрөк тушуна чоң калкан сымал күмүш тегерек орнотулган. Бойго жеткен кыздын, келиндин көркүнө көз тийбесин деген мааниде бой тумар жасалган. Ал эми турмушка чыкканда беш көкүл чач экиге өрүлүп, ак элечек кийгизилген. Аялдар бул куракта чач учтук, сөлкөбай, чачпак тагына башташкан. Үчөөнүн тең функциясы – аялдын тулку боюн түз кармоо, керилип басышына шарт түзүү эле. Сөлкөбай, чач учтуктун учуна күмүш тыйындарды кошуп койгон үчүн ушундай аталган. Сөлкөбайдын санына карата аялдын бай же орто турмушта жашай турганы баамдалган. Чачпак аймактарга жараша ар түрдүү болгон. Баамчыл адам аялдын тагынган чачпагынан эле анын жашын, социалдык абалын, кайсы уруудан экенин билген. Кыргыздын даанышмандыгы ушунда – түз барып суроо салгандан көрө сырткы көрүнүшүнөн билип алган жакшы деп саналган.
40-60 жаштагы аялзаттын асем буюмдары
– 40 жаштан кийин кыргыз аялдары кызыл түстүү маржан шурулардан жасалган жаркыраган зер буюмдарды тагынбай, салкыныраак, олуттуу көрүнгөн буюмдарга басым жасашкан. Убакыттын өтүшү жана бала төрөө менен чач суюлуп, өрүмү кичине боло баштайт эмеспи. Мына ушул көркү кете баштаган чачтар үчүн чач кап ойлоп табышкан. Бул катуу кездемеден тигилип, үстү кооздолуп аялдар чачын ошонун ичине салып жүрүшкөн. Эгерде аял чач кап кийип жүрсө, демек, жашы 50-60ка таяп калганын билдирген.
60-90 жаштагы энелердин асем буюмдары
– Отуруп-туруу жеңил болушу үчүн оор асем буюмдарды, мисалы, бой тумар, оор сөйкөлөрдү, узун чачпактарды тагынышпайт. Мурун бой түзөө үчүн оор чач учтук тагынышса, бул жашта бир аз жеңилирээк чач учтук тагынышат. Кийимдерине ак маржандан жасалган “ак дана” деген топчу тагышкан. Улгайып калган аял асем буюмдарын кыз-келиндерине берген. Таберик катары асем буюмдарын көздүн карегиндей сактоого кыргыз аялдары чоң маани берген.
Нуржамал Жийдебаева