Турдизинин активдүү каармандарынын катарына кошулду Догукан Гүнгөр. “Клюква шербети” сериалындагы баш каармандын ролу менен өзүнүн карьералык жылдызын жандырган актёрдун чыгармачылык чыйыры, өмүр жолу күйөрмандарга кызык болсо керек.
Туулган жери: Түркия, Анкара
Туулган жылы: 1996-жыл, 1-июль
Жылдыз белгиси: бөйөн
Бою: 176 сантиметр
Кесиби: актёр
Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Клюква шербети”, “Зымырык куш”, “Эч нерсеге карабастан”, “Садык Ахмет” жана башка
Үй-бүлөлүк тарыхы
Догукан Гүнгөр Түркиянын баш калаасы Анкарада жарык дүйнөгө келген. Атасы немис филологиясын бүтүрсө, апасы социолог кесиби боюнча билимдин ээси. Атасы бир убакта Анкара парламентинде консультант кызматында иштеген. Ата-энеси Догукан 7 жашка чыкканда ажырашуу чечимине келишет. Бала апасы менен чогуу Измир шаарында жашаган таята-таенесинин колуна барса, атасы Германияда жашаган ата-энесине кетет. Догукан деле жылына 3-4 ай Германияга чоң ата-чоң эне, атасы менен чогуу жашап келчү. Көп өтпөй атасы кайрадан үйлөнүп, экинчи никесинен да уулдуу болуп, Догуканды инилүү кылат. 2015-жылы болочоктогу актёр атасынан айрылып калган. Анын жашоосунда дагы бир чоң жоготуу бар. Актёр эле эмес, адам катары калыптануусуна салым кошуп, тарбиялап, колдоп, кеңешчиси болгон таенеси каза болгон. Ал өмүр бою орду толгус адамдардын бири болорун актёр маектеринин биринде айтканы бар. Догукан Гүнгөрдүн кыскача үй-бүлөлүк таржымалы мына ушундай.
“Зымырык куш”
Кино карьерасынын башаты 2017-жылга келип такалат. Бул жылы ал “Жоокер” жана “Мерьемдин махабаты” аттуу сериалдарда эпизоддук ролдорго тартылган эле. Көпчүлүккө, тагыраагы, өз мекенине тааныткан “Зымырык куш” (“Птица Феникс”) сериалы болду. 2020-жылы экранга чыккан долбоордо Догукан Хамит аттуу жигиттин ролун ойногон. Экинчи пландагы роль болсо да көрөрмандын көзүнө көрүнө алган. Анын үстүнө сериал популярдуу болуп, андагы актёрдук курамга болгон кызыгуу да жогорулаган эле. Андан кийин 1-2 сериалга тартылды, бирок болбоду, анысы аз келгенсип рейтинги төмөн деп бири ортосуна келгенде жабылып, тартуу иштери токтоп да калган.
Догуканды Догукан кылган “Клюква шербети”
Буга чейин бул сериал тууралуу кенен макала жазганбыз. Бүгүн болсо сериалдын башкы жылдызы Фатих Юнал же болбосо аны элге тааныткан Догукан Гүнгөр тууралуу кеп кылып жатабыз. 2022-жылы күзүндө “Клюква шербети” экранга чыккандан баштап Догукан атактуу болуп ойгонгон, болгондо да дүйнөнүн ондогон мамлекетине таанымал болуп. Алгачкы атактуулук, алгачкы кино сыйлыктар, арасында Туркияда эң абройлуу деп саналган “Алтын көпөлөк” сыйлыгын да жеңип алган (Доганын ролун аткарган өнөктөшү Сыла Түркоглу менен биргеликте). Болгон окуялардын негизинде тартылган, тагыраагы, психиатрдын ишмердүүлүгүнөн алынган окуялар сериалга айланып, миллиондогон күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапты.
Фатихтин ролуна байланыштуу Догуканга берилген суроолор:
– Фатихтин ролуна кантип даярдандыңыз?
– Албетте, ар бир ролго даярдануу керек. Алгач каармандын башынан эмнелер өтөт, мүнөзүндө, жашоосунда эмне өзгөрүүлөр болот, каарман өзү өзгөрөбү, ошонун баарын билип алыш керек. Сериалды көрсөңөр билесиңер да Фатихтин өзгөргөнүн. Башында кандай шайыр, жөнөкөй адам эле. Анан жашоосундагы сыноолор кандай кылып өзгөрттү.
– Негизи эле эмоционалдык же физикалык жактан аткарууга оор учурлар болдубу?
– Сериалдын бардык сезонунда эле эмоционалдык чыңалуу, стресс менен келе жатабыз. Фатихке байланышкан бардык окуялар, мисалы, Доганы университеттен колунан сүйрөп чыккан учур, ачуусун токтото албай күзгүнү жерге чапкан көз ирмем, Доганын Фатих анын көзүнө чөп салганын айтып жаткан учур, баарынан оор Фатих кызына болгон укукту соттон утуп алып, апасынан ажыраткан сцена болгон...
– Фатих менен Догуканда окшоштук барбы?
– Негизи экөөнүн денеси бир эле, Фатихти деле, Догуканды деле бир дене башкарат дегендей. Бирок адам катары, албетте, эки башкабыз. Фатихтин мүнөзүндөгү кызуу кандуулук менде да бар, бирок мен өзүмдү башкара алам. Окшоштугубуз ушул эле. Мени таң калтырганы – адамдардын Фатих менен Догукандын жашоосун айырмалай албаганы болду. Көчөдөн тынч баса албай калган күндөрүм болду. Позитивдүү маанайда эмес, негитивдүү окуялардан улам. Алдымдан жолуккандардын бири “эшек, сен жакшынакай Дога турса башка кыз менен жүрүп кетесиң” деп сөксө, экинчиси “баланы энесинен ажыратпачы” деп тилдегендер болду. Кызыгы, кээ бир тыңдар атайын сайт ачышыптыр, анда спецэффектердин жардамы менен Фатихти жаакка чапкан визуализация бар экен. Бул кызматты пайдалангандардын саны
62 миллиондон ашат дейт. Мынчалык агрессия болот деп күткөн эмесмин, бирок бул мен ролумду жакшы аткарганымдын белгиси болсо керек деп өзүмдү жубатып коём.
Жеке жашоосу
Быйыл “Клюква шербетинин” 3-сезону экрандан кетип жатат. Демек, Догукан Гүнгөргө болгон суроо-талап да активдүүлүгүн жогото элек. Жашоосунда актёр активдүү, спортту таштабаган, саякаттаганды, китеп окуганды жактырган адам. Бош убактысын достору, туугандары менен өткөргөндү баалайт. Жаныбарларды да жакшы көрөт, бир ити, бир мышыгы бар. Татуировкаларга да кызыгат, чоң эмес, майда, тыкан сүрөттөрдү денеге түшүргөнгө даяр.
Жеке жашоосунда да активдүү. Актриса Суде Зүлал Гүлер менен кыз-жигит болгону маалым. Калган папараццинин кылтагына илинген сулууларды “доспуз” деп гана кутулуп келет. Ошентсе да анын жанынан модель, актриса, ырчы айымдарды көп көрсө болот.
Асыл Орозбекова