Камчы Сарыбаев, актёр: “Эл эптемей ырчыларга эмес, театрга агыла баштады”

Таланттуу актёр агабыз Камчы Сарыбаев менен көптөн бери маектеше элек болчубуз. Кеп кылуучу темабыз көбөйүп калыптыр, чыгармачылык боюнча майын чыгара баарлашып отурдук. 

– Саламатсызбы, Камчы ага? Алгач президенттин колунан наам алышыңыз менен куттуктайм. Бул сиздин канчанчы сыйлыгыңыз?

– Саламатчылык, рахмат! Сүйүнүп жаткан учурум. Менин эң биринчи сыйлыгым жилик болгон. Беш жашымда "Манас" айтып, айылдагы чоң аталардын колунан устукан алгам. Экинчи сыйлыгым – өзүм туулуп-өскөн “Ак-Сай айылынын эң мыкты атуулу” деген сыйлык. Үчүнчүсү – футбол ойноп, президенттин колунан “Эң мыкты дарбазачы” деген сыйлык алып, Алтын мээлейдин ээси болгом. Эми минтип президенттин колунан Ардак грамота алып сүйүнүп отурам.

– Күтүп жүрчү белеңиз?

– Элүүгө деле таяп баратабыз, болду эми, бербейт деле болуш керек деп кол шилтеп калгам. Сыйлык күтүүсүз болду, Аскат экөөбүз (ред.: Сулайманов) тең абдан сүйүндүк.

– Негизи наам, сыйлык дегенге кандай карайсыз? Сыйлык стимул болобу же мурдагыдай баркы жокпу азыр?

– Ишенсең, наам ала турган адамдан да анын жанындагыларга керек нерсе окшобойбу (күлүп). Жек-жаат, дос-тууган аябай күтөт экен муну. Жеке мага – стимул. 25 жылдан бери театрда жүрөбүз Аскат экөөбүз. Эмгек кыла берсең эртеби-кечпи баары бир бааланат экенсиң деп ого бетер шыктанып калдык. Мурун дароо эле ырчыларга берилип, биздей актёрлорго кезек жетпей калчу. Себеби ырчылар той-топурга, иш-чараларга көп барат эмеспи. А биз эмне, жүрөбүз театрда даярданып. Чыныгы эмгек бааланган заман келди окшойт, бизге да бериле баштады. Мен тааныбаган эле адамдар чалып куттуктап жатышат. Иттей жыргайт экенсиң.

– Кут болсун! Буюрса, Эл баатыры наамына да жетиңиз!

– Оозуңа бир карын май (күлүп).

– Сиз айткандай, учурда эл театрга агыла баштагандай. Бул тенденциянын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Азыр көрүүчүлөрдүн талабы башкача, ошолор көрө турган, кызыга турган спектаклдер коюлууда. Эл ар бир спектаклдеги каармандан өзүн көрүп, терең ойлор келе баштады. Мурункудай эптемей ырчылар, даңка-даңк, дүңкү-дүңк мода болбой калды азыр, эл тажады, а балким, өстү. Экинчи бир себеби – режиссёрлор азыр бири-бирине атаандашып мыкты деңгээлде спектаклдерди коюп жатышат. “Бул мындай койду, мен минтип салайын” деп жаңычылдык издеп... Мурун ата-энеси айылдан келсе концертке сүйрөп барчулар, эми театрга алып бара башташты. Жаштардын агымы көп, анткени концерттен эмес, театрдан бир нерсе үйрөнсө болорун сезип калышты окшойт. Кыскасы, сандан сапатка өтүп жаткан учур.

– Анын үстүнө театрлар да оңдолуп, көрүүчүгө шарттар түзүлүптүр. Бул дагы түрткүбү?

– Жүз пайыз кошулам. Оңдоло электе театр суук эле. Репетиция учурунда тоңуп калчубуз. Көрүүчүлөр да 5-10 жыл мурун залда күрмө, пальто кийип отурчу. Азыр жыпжылуу, күрмөлөрүн чечишет, жакшы маанайда отуруп спектакль көрүшөт. Мамлекет колдон келишинче шарт түзүп жатат, мурун облустарга гастролго такыр чыкчу эмеспиз. Азыр чыгып жатабыз, чет өлкөгө чейин барып, алдынкы сыйлыктарды алып келип жатышат. Эми маянабыз көтөрүлөт дешүүдө. Андай болсо такыр эле жыргадык.

– Бири кем дүйнө... Таланттуу театр актёру, досуңуз Азиз Мурадиллаевдин жоктугу билинет. Үч дос “тригада” аталып жүрчү элеңиздер, тагдырга баш ийиш оор болду да баары бир...

– Театрга жаңы келгенимде бир аксакал актёр айтты эле. “Жакшы дос экенсиңер, катарыңар кемибей жүрсөңөр болду” десе кулакка суук угулган. Көрсө, тагдыр деген ушул экен, ажал жашка карабай алып кетет тура. Аскем экөөбүз Азиз кеткени жаман болдук. Ошол эле учурда бири-бирибиздин баркыбызды да билип калдык. Азыр экөөбүз мурункудан да жакынбыз. Тез-тезден кабарлашып турабыз. Азиздин телефон номери телефонумда сакталуу боюнча турат. Чала албайм, сурай албайм, тунжурап карап туруп калам. Жакындарына барып куран окуп, сүйлөшүп бугубузду чыгарабыз. Орду толбойт, аябай жоктойбуз. Жашоодо акча дос, арак дос, көңүл дос болуп кете берет. Ал эми чыныгы достун орду башка. Ичиңде эмне болуп жатканын көз карашыңдан эле билип койгон достор болот, Азиз ошондой дос эле. Жыл өткөн сайын “чыныгы” деген нерсени жакшы түшүнүп баштайт экенсиң.

– Жаш өткөн сайын деп калдыңыз, жылдар сизди кантип өзгөрттү?

– Мени курчуткан, тебелеп өтүп кеткиси келгендер болду. Бирок аларды жаман көрбөйм, анткени алар болбосо азыркы Камчы болбойт элем. Тескерисинче, мени колдогон, жакындарыма, досторума дагы ыраазымын. Алар болбосо да ушул нерселерге жетпейт элем. Жаш өткөн сайын психолог болуп калат экенсиң. Адамдын асылы ким экенин билип, баалап калдым. Чындыкты билип туруп, сага калп айтып жаткан адамдарды деле сезип калат экенсиң. Жылдар өткөн сайын кыраакы болуп калдым. Эми азыр деле жашмын деңизчи (күлүп). Аябай ойго чөмүлүп алыптырмын го. Көргөндөн көрө элегим көп дагы деле.

– Балдарыңыз менен турмуш сабагы боюнча ой бөлүшүп турасызбы?

– Азыр жаштар башкача. Бизден акылдуу, бизден көрөгөч, бизден эркин муун келе жатат. Көз караштары да такыр башка. Мен балдарыма эмес, балдарым мага үйрөтүп койгон учурлар болот. Биз бир рамканын ичинде сыгылып тарбияланып калган муунбуз. “Ал болбойт”, “бул болбойт” “андай кылба” дегенди көп уктук. Башында менин тарбиям деле ошондой болчу. Балдарды рамкага сала берчүмүн. “Эй, сен мындай кийинчи, мындай басчы, адамга салам айтканда көзүнө карап салам бер” деп оңдой берчүмүн. Бирок менин рамкама алар батпай турганын түшүнгөндө коё бердим. Эркиндикке чыгардым. Төрт бала болсо, төртөөнүн төрт кыялы бар. Эч окшошпойт. Ошого жараша мамиле кылам. Кээде алдайм, кээде атайылап алданам. Кеңешчи, кээде акылдаш кылып алдым балдарымды. Ээрчитип алам көп жерге, алар менин эмгек кылганымды көрүп чоңоюшту. Тажрыйбаны айтып эмес, көрсөтүп чоңойттум го дейм. Нан оңой келбей, табылбай турганын билишти. Эң башкысы ошол. Бирок такыр эле бош коё бербейм, катуу кармачу жерден катуу элемин. “Алдагы кылыгың болбойт” деп эле кесе айткан учурларым бар.

– Ата үчүн кызды тарбиялоо өзгөчө дешет көптөр...

– Үч эркек, бир кызым бар. Кызга такыр башка мамиле, башка сүйүү болот экен. Кызы турмушка чыкканда ыйлаган аталарды көрүп жактырчу эмесмин. Азыр кызым кичине, турмушка чыгып кетерин ойлосом туйлап жиберем. Кызым төрөлгөнү менде чыныгы аталык сезим ойгонду. Кыздын атага болгон сүйүүсү да башкача болот экен. Жароокер, сүйкүмдүү, түздөөчү кыз бала болот тура. Үйдөн чыгып баратсам кийимдеримди оңдоп, туфлимди тазалап, чимирилип кетет. Уулдарымды катуу урушуп жатканда кызымдын “ата” дегенин уксам эле эрип токтоп калам (күлүп).

– Жакшы, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн рахмат!

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1145, 14-20-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан