Глицерин – тиричиликте мыкты жардамчы

Глицерин же болбосо глицерол илимий аталышына ээ химиялык заты тууралуу көп эле уксаңыз керек. Бул затты 1779-жылы швед химиги Карл Вильгельм Шееле ачкан, 1836-жылы француз окумуштуусу Пелуз глицериндин химиялык формуласын түзүп чыккан. Учурда глицерин көп тармакта колдонулат: фармацевтика, косметология, тамак-аш продукциясын чыгарууда жана башка. Пайдасы көп глицеринди күнүмдүк тиричиликте кандай колдонсо болору тууралуу төмөндөн окуңуз.

Кездемени жумшартат

Жууганда өзгөчө кам көрүүнү талап кылган кездемелер болот эмеспи, мисалы, жүндөн токулган же болбосо замши материалдан тигилген кийимдер. Мындай кийимдерди кир жууган машинанын “аяр жуу” (деликатная стирка) деген режимине салып жуу керек. Эгер бул режим жок болсо, муздагыраак градустагы сууга жууңуз, ысык такыр болбойт. 3,5 литр сууга 30 миллилитр глицерин кошуп аралаштырып, кир жуучу машинадан алып чыккан кийимдерди даярдалган сууга салабыз. 10-20 мүнөттөн кийин сыгып, кургатып алсаңыз болот. Глицерин суусуна чыланганда кездеме жумшарып, кулпура түшөт.

Айнекти жылтыратат

Терезенин айнегин, күзгү жууган сууга бир нече тамчы глицерин кошуп койсоңуз, айнек жылтырап калат. Анын үстүнө жаандын же суунун тамчыларынын изи көпкө чейин түшпөй, чаң дагы жукпай калат.

Көз айнек тердебейт

Кыш босогодо турат. Бул мезгилдин көз айнек тагынгандар үчүн бир ыңгайсыздыгы бар. Суукка чыксаң же кайра жылууга кирсең көз айнегиң мончодогу бууга отургандай эле тердеп, эч нерсе көрүнбөй калат. Микрофибра кездемесинен чүпүрөккө глицерин тамызабыз да, көз айнекти жакшылап тазалап чыгабыз. Болду, ысык-суукка чыкканда көз айнегиңиз тердебей калат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1145, 14-20-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан