Грузин ашканасына саякат

Хинкали, хачапури, харчо, шишкебектер, даамдуу шорполору менен грузин ашканасы дүйнө элине белгилүү. Буга өз өлкөбүздө эле грузин ашканасына басым жасаган тамактануучу жайлар ачылып, өз кардарларын таба алгандыгы мисал. Биз сыяктуу эле этти, сүттү, ун азыктарын жактырган грузин ашканасындагы рецепттер сизди кайдыгер калтырбайт деп ойлойм. Биз менен бирге жасап көрүңүз. 

Хачапури

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 400 грамм

Сүт – 125 миллилитр

Суу – 125 миллилитр

Жумуртка – 1 даана

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Ачыткы –  1 чай кашык

Кумшекер – 2 чай кашык

Туз – 1 чай кашык

 

Толтурмасы үчүн:

Моцарелла сыры – 200 грамм

Адыгей сыры – 250 грамм

Каймак май – 100 грамм

Жумуртка – 5-6 даана

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Суу менен сүт жылуу болушу керек. Аларды бир идишке куюп, кумшекер, ачыткы, 2 аш кашык ун салып аралаштырабыз да, үстүн жаап жылуу жерге 15 мүнөт коёбуз. Көбүктөр бетин каптап калганда туз, май, жумуртканы чегип аралаштырып, эленген унга куюп камыр жууруйбуз. Камыр алгач колго жабышчаак болот. Бирок 10 мүнөттөй ийге келтирип жуура берсеңиз жабышпай калат. Үстүн аба кирбегидей жаап, 1 саатка жылуу жерге коёбуз.

2. Бир сааттан кийин ачып жакшы ийлеп, кайра жаап дагы 1 саат күтөбүз.

3. Ага чейин толтурмасын даярдайбыз. Ал үчүн сырларды сүргүчтөн өткөрүп, жумшак каймак майды кошуп аралаштырабыз.

4. Ачыган камырды 5-6га бөлүп алабыз да, тоголоктоп, жукалыгы 3-4 миллиметр болгон жайымдарды жаябыз.

5. Жайымдын эки четине узатасынан толтурмадан 1 аш кашыктан салып, эки четин 2-3 жолу оройбуз да, берки эки четин чымчып бекитебиз. Кайыкка окшош форма даяр болот.

6. Ичине дагы толтурмадан салып, 220 градуста ысып турган  электр мешине салып 20-25 мүнөт бышырабыз.

7. Бышканга 5 мүнөт калганда жумуртканы ортосуна чегип, кайра электр мешине салабыз. Жумуртка агы агарып, сарысы өтө бышып кетпеген абалда чыгарып алабыз. Даамдуу болсун!

Тоок этинен шкмерули

Керектелүүчү азыктар:

Тооктун сан эти – 1 килограмм

Сарымсак – 3-4 тишче

Өсүмдүк майы – 80 миллилитр

Коюу сүт (сливки 20%) – 400 миллиграмм

Укроп, петрушка – 3-4 талчадан

Паприка – 1 чай кашык

Ачуу кызыл калемпир, туз – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этин 2-3кө бөлүп, туздайбыз. Сарымсак менен ашкөктү майдалайбыз.

2. Көмөч казанга май куюп, ысыган кезде тоок эттерин салып,  эки тарабынан тең кызартып чыгарабыз.

3. Ушул эле майга сарымсакты салып кууруп жиберебиз да, үстүнө коюу сүттү куюп, туз, паприка, калемпир салабыз. Кайнап чыкканда тоок эттерин салып, капкагын жаап, жай отто 20 мүнөт кайнатабыз.

Жумшак сүт татыган тоок эттери даяр!

Чихиртма шорпосу

Керектелүүчү азыктар (4-5 порция үчүн):

Тоок эти – 1,5 килограмм

Суу – 2,5 литр

Пияз – 2 даана

Жумуртка – 3 даана

Ун – 2 аш кашык

Каймак май – 30 грамм

Шарап уксусу – 2 аш кашык

Сарымсак – 3 тишче

Жалбыз – 1-2 талча

Кинза – 4-5 талча

Туз, калемпир – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Тоок этинин терисин сыйрып салса шорпо тунук болот. Сыйрыган соң муздак сууга жууп, суу куюп, бир жолу кайнаганда суусун төгүп, кайра 2,5 литр муздак суу куюп кайнатабыз. Чий көбүгүн алып, бир баш аарчылган пиязды салып капкагын жаап, жай отто 40-60 мүнөт кайнатабыз.

2. Шорподон этти чыгарып коёбуз. 2 чөмүч шорпо куюп алып муздата беребиз. 1 жумуртканы толук, 2 жумуртканын сарысын кошуп чалабыз да, муздап калган шорподон 2 чөмүч куюп, бир массага келтирип аралаштырабыз.

Ысык кезде куюлса жумуртка бышып иримдеп кетет.

3. Бир пиязды майда туурап, ысып турган көмөч казанга салабыз да, бир чөмүч шорпо куюп аралаштырабыз. Жай отто пияз жумшарганча бышырабыз. Үстүнө ун, каймак май, шарап уксусун кошуп аралаштырабыз. 2-3 мүнөт куурулганда шорподон 100 граммды аз-аздан куюп суюлтуп чыгарабыз.

4. Эми мискейдеги  шорпого пияз аралашмасы менен жумуртка аралашмасын куябыз.

5. Муздаган этти сөөктөрүнөн ажыратып, кол менен бир нечеге бөлөбүз. Шорпого салабыз.

6. Шорпону отко коюп, кайнагана калганда майдаланган сарымсак, кинза, жалбызды кошуп аралаштырабыз.

7. Бир борк дегенде оттон чыгаруу керек. Болбосо жумурткасы бышып кетет. Шорпобуз даяр, тамагыңыз даамдуу болсун!

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1145, 14-20-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан