Иштин көзүн таап алгандай биздин каарман. Анткени ал тарткан комедиялык тасмалар көрүүчүгө жагып, жылуу пикирлер айтылууда. Мисалы, жакында “Аяш-4” тасмасы жарыкка чыгып күйөрмандарды кубантты. Маек төрүбүздө актёр, режиссёр Бакыт Осмонканов мырза.
– Бакыт мырза, мындан 3 жыл мурун "Аяш" тасмаңыз жарыкка чыкканда маектешкен экенбиз. Убакыт шуулдап өтүптүр, азыр ал тасманын төртүнчү бөлүгү чыгып отурат. Тасма кандай кабыл алынууда?
– Ооба, 3 жыл мурун “Аяш-1” чыкканда маектештик эле. Кудай буюруп, төртүнчү “Аяш” чыгып жатат. Элдин кабыл алуусу абдан сонун, өзүбүз жыргап отурабыз. Анткени биринчиси жакшы болду, экинчиси да, үчүнчүсү, төртүнчүсү да жакшы болду. Төрт бөлүк тең жакшы болот, жакшы кабыл алынат деп биз деле күткөн эмеспиз. Болгон аракетибизди кылдык, буюрса, элдин пикири жакшы. Өзгөчө 4-бөлүккө өтө чоң эмгек кетти, абдан кыйналдык. Ак эмгегибиз акталып жатат, буюрса.
– Тасманы бул жолу Индиядан тартып келипсиздер. Кандай кызыктуу, коркунучтуу учурлар болду?
– Адашпасам, Индияда 1 жарым миллиард адам жашайт. Тасманы байлар эмес, кембагалдар көбүрөөк жашаган аймактардан тарттык. Ал жакта криминал күчтүү экен, бизди дайыма полиция кызматкерлери коштоп жүрүштү. Бир районго барсак, заматта эле 500дөй адам чогулуп калды. Баары бизди ээрчип, телефондорубузду карап жатышты, бир чакырым жолду жөө бассак, ошонун баары ээрчип, бизди инопланетяниндер келгендей эле карашты. Жол кыймылы такыр эле хаос, жол чырактарды карашпайт деле экен. Тамак-аш жактан да көп кыйналдык. Ооруп калбайлы, бирдеме жуктуруп албайлы деп чочулап эле жүрдүк. Дагы бир кызыктуу окуя, бир эпизодду пилдердин сарайында тарттык. Ушунчалык сасыйт экен ал сарай. Жыт тим эле каңылжаарды жарат, араң чыдадык.
– “Аяш-5”, “Аяш-6” деп кете береби?
– Жок, андай ой жок. Бул жолу чын эле чекит коюлду. Эми башка жанрларда, башка актёрлорду тартып, башкача сценарий жазып көрөлү деп жатабыз.
– Маектериңиздин биринде "мен акча үчүн тасма тартпайм" деген экенсиз. Бирок “Аяш” тасмаңыздан улам социалдык тармактарда сизди “акча үчүн тартууда” деп сындагандар жок эмес...
– Айрымдар ошентип ойлошу мүмкүн. Мындай болду, мен биринчи бөлүктү тарткандан кийин эл сурап калды уландысын, бул биринчиден. Экинчиден, өзүмө өзүм “мен мындан да жакшы тартам, мындан дагы көбүрөөк көрүүчү келет” деп максат коюп экинчи бөлүктү тарттым. Ал кирешеси жагынан биринчи бөлүктөн ашып кетти. Үчүнчү бөлүктү өзгөчө кылайын деп казактын белгилүү актёрлору менен, төртүнчүнү Индиядан тарттым. Ар бир бөлүктө тасманы жаңы деңгээлге чыгарайын деген максат коюп жаттым. Мисалы, көп кинолордун 2-3-бөлүктөрү анча болбой калат. Мында, байкасаңыз, ар бир бөлүктө кинотеатрларда эл толо, сонун пикирлер. Демек, дагы чоңураак, дагы бийигирээк деңгээлге өтөйүн деген максатым орундалды. Бул кайрадан эле өзүмө, биздин студияга чакырык болду. Эми алдыга башка максаттарды коёбуз.
– Жакында бизге берген маегинде кесиптешиңиз Жаныш Майр кинодо сандан сапатка өтүүгө мезгил келди деди. Кошуласызбы?
– Сөзсүз түрдө. Азыр кино абдан көп, бирок көбү сапатсыз. Жанагы он күндө сценарий жазып, он күндө тартып, он күндө монтаждаган режиссёрлор, эми алар сөз ким жөнүндө айтылып жатканын өздөрү билишет, ошолор башкалардай киного кылдаттык менен мамиле кылып, даярдыкка көп убакыт коротуп, анан тасмасынын үзүрүн көргөндөн кийин же сапатка өтүшөт же бул рыноктон, киноиндустриядан кетишет. Каалайбызбы, каалабайыбызбы, кино сөзсүз түрдө сандан сапатка өтөт. Бирок бир нерсени айта кетиш керек. Голливудда азыркыга чейин толтура кино тартылат. Бизге анын 5-10 пайызы гана, эң сапаттуулары жетет.
– "Эл кинотеатрга эс алыш үчүн келет, ошондуктан комедия жанрына басым жасайм" деген элеңиз...
– Ал маекти берген учурда чынында эле ошондой болчу. Бирок ошол комедиялар элдин киного баруу маданиятын көтөрдү. Мисалы, биз дүкөнгө барып азык-түлүк алабыз го, эл да театрга жан дүйнөсүнө азык алуу үчүн барып калды азыр. Көрүүчүдө акырындан “эми бул жанрды да көрөлү” деген сонун ой пайда болду, тагыраагы, өзүнө жанрларды тандай баштады. Анын үстүнө элдин жашоо деңгээли акырындап болсо да өсүп жатат.
– Жеке режиссёрлук куржунуңузда канча тасма бар?
– 13 тасма бар экен. Кызыгы – жарымы “Аяшка” тиешелүү кинолор экен (күлүп). Төртөө кыргызча, анан “Родной” деп эки тасманы Казакстанда тартканбыз.
– Башка өлкөлөргө көп барып жүрөсүз. Кайсы өлкө, кайсы шаар өзгөчө таасир калтырды?
– Жалпы 28 өлкөдө болуптурмун. Мага жаккан 4 өлкөнү айтайын. Япония – өзүнүн маданияты, салты, калктын өзүн алып жүрүү эрежеси менен өзгөчө. Андан кийин АКШ – муну түшүндүрүштүн деле кереги жок, эң алдыңкы өлкө. Испания мага аябай жакты, эли такыр саясат менен иши жок, дайыма жыргап эле жүрүшөт экен. Анан Сингапур жакты, абдан заманбап өлкө.
– Уул-кыздарыңыз чоңоюп калышкандыр?..
– 2 уулум, бир кызым бар. Кичүү балам 4кө чыгайын деп калды, улуу балабыз 10до, кызым 8де. Буюрса, аман-эсен чоңоюп жатышат, ата-энесинин бактысы. Ошол балдарым, үй-бүлөм үчүн эле жашап жүрөм, алар дайыма мага мотивация берет.
– Өзүңүз тууралуу 3 факт айтыңызчы...
– Биринчи факт – мен диета, спорт менен 77 килограммдан 56 килограммга чейин арыктадым. Бат арыктаганым үчүн азыр менде “эмне, ооруп жатасыңбы?” деген суроо популярдуу. Экинчи факт – мен ашлям-фу жаралган айылдан болом, дунгандардын айылы, өзүм кыргызмын. Үчүнчү факт – боюм кичинекей болсо дагы мектепте баскетбол курама командасында ойночумун (күлүп).
– Режиссёр катары өзүңүздөгү 5 өзгөчөлүктү атап берсеңиз...
– Биринчиси – жоопкерчилик. Эгерде бир ишти баштасам, толугу менен жоопкерчиликти моюнума алам. Экинчиси – пунктуалдуулук. Жумушка командадан эрте келем, командадан эрте кетем. Үчүнчүсү – актёрлор менен иштөө жөндөмдүүлүгүм, актёрлор менен жакшы иштешем. Төртүнчүсү – монтаж. Режиссёр тасманы тартып гана тим болбой, монтажда да отуруп, окуяны туура байланыштырып, туура монтаждап, элге туура жеткириши керек. Бешинчиси – амбиция. Режиссёр катары дайым өсүүнү самайм, менде абдан көп пландар, амбициялар, кыял-максаттар бар.
– Кичинекей Бакыт кандай бала эле? Эмнени кыялданып, эмнеден коркчу?
– 12 жашка чейин абдан токтоо бала элем. Кийин эле активдүү болуп кеткем. Жакшы окучумун, бирок бейбаш элем. Кандай гана чөйрөдө болбосун, тарыхта кала турган инсан болсом деп кыялданчумун. Ал кыялыма жете элекмин, буюрса, аракет кылабыз. Анан коркконум, курт-кумурскадан азыр деле корком, атүгүл кээде аялыма “тээ тиги чиркейди кубалап салчы” деп калам (күлүп).
Гулийпа Маметосмон кызы