Эрасыл Нурматов, ырчы Тотомидин Жолдошовдун уулу: «Атамдын жолун жолдогум келет»

“Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген сөзгө дагы бир далил, окурман. Белгилүү ырчы Тотомидин Жолдошовдун уулу Эрасыл Нурматов да музыканы тандап, талантын таптап, чыгармачылык жолду самап турган учур. Шылдырак аспабын бир башкача “импровизация” менен кагып көзгө илинген жигиттин маегине назар салыңыз.

– Эрасыл, адегенде өзүңдү окурмандарга тааныштырсаң...

– Атым Эрасыл, 2012-жылы төрөлгөм. Тотомидин Жолдошовдун баласымын, учурда 6-класста окуйм. “Чемпион” деген киного тартылгам. Байкем аккордеон ойноп, мен шылдырак кагып жарамазан айтып интернетте хит болгонбуз. Азыр мектептен сырткары Бишкектеги чайканалардын биринде Арген деген байке менен ырдайм.

– Келечекте ким болгуң келет?

– Атамдын жолун жолдогум келет, атамды кубантып, “Таалай элеси” тобу деген атты өчүргүм келбейт. Анан актёр, режиссёр болгум келет.

– “Таалай элеси” деген аталыш эмнеден улам коюлганын билесиңби?

– Ооба. Атама гитара үйрөткөн бир агайынын атынан коюлган. Атам кичинесинен ырчылыкка кызыгып, ырдаса Улар деген акеси уруша берчү экен. Бирок атамды эч нерсе токтотпоптур, атам өзү бир нерсе баштаса аягына чыгат. Кийин ошол Таалай (ред.: Бектурганов) агайына жолугуп, аны ээрчип жүрүп гитара черткенди үйрөнүптүр. Ошол агайы каза болуп калганда “Таалай элеси” тобун ачып, “Жол карап өттү күндөр” деген ырды ырдап чыгышкан. Азыр атамдын ошол агайынын гитарасы биздин үйдө, аны “сен Таалайдын жолун жолдодуң” деп эжеси атама бериптир.

– Кайсы музыкалык аспаптарда ойной аласың?

– Пианиного кызыгам. Атам башында кичине үйрөтүп, калганын өзүм үйрөнүп кеттим.

– Атаңдын мүнөзүн сүрөттөп берчи...

– Атам жакшы адам. Тойлорго чыкканда атам чарчап калбасын, кыйналып калбасын деп жардам берем. Тойдун ортосунда мен да чыгып ырдайм. Үйдө пианинодо отуруп ыр жазат. Эргүүсү келип калса, саат 3тө баштаса, 10го чейин отура берет. Атам үйдө бизди ойнотот, коркутат, тамашакөй. Анан жини келгенде каштары, беттери кызарып кетет. Дароо эле билинип калат. Бирок жөн эле нервдене бербейт. Жолдо унаада баратканда атам аябай көңүлдүү жүрөт. Бизге “эч качан уялба, чынчыл, жоопкерчиликтүү бол” деп көп айтат.

– Атаңа кошулуп гастролдорго да чыгып калдыңбы?

– Ооба, кээде барып калчумун. Бир жолу 10 жашымда Казарманга барганыбыз эсимде. Кыйын экен. Гастролго акча үчүн гана эмес, эл үчүн барасың да. Казармандын жолдору жаман экен, чукул бурулуштар бар экен, коркком. Концертке абдан көп адам келген, ушунча көп көрүүчү келеби деп таң калгам.

– Сен өзүң сахнада биринчи жолу качан ырдадың эле?

– Биринчи жолу жарамазан айтканбыз. Байкем экөөбүз сүйлөшүп ырдап, анан жарамазан айталы дедик. Кадырбек (ред.: Мураталиев) деген шылдыракчы агайымдын видеолорун көрүп, ыкмаларын үйрөнүп, анан байкем экөөбүз чыктык. Күн сайын акча таап жаттык. Үйгө азык-түлүк алып келе баштадык. Ошол кезде биздин видеолор интернетке тарап кетти. Акча чогултуп, кийин апама автоунаа алып бергенбиз. Негизи апамды сүйүнткөндү жакшы көрөм.

– Үйдөгү иштерди ким кылат?

– Апам, мен, анан байкем.

– Бир туугандарың жөнүндө айтып берчи.

– Төрт бир тууганбыз. Эң кичүүбүз Созай 10 жашта. Андан чоңу мен, анан байкем 16 жашта, учурда 1-курста окуйт. Эң улуубуз Аяна эжем, 22де, 3-курста окуп жатат, байкем экономикалык факультетте окуйт, эжемди билбейм кайсыда окуйт. Аяна эжем өзү иштеп, өзү менен өзү жүрө берет. “Күнүм мындай өттү” деп мактанып Инстаграмга видео тартып калат.

– Бир туугандарың менен мамилең сонунбу?

– Сонун. Байкемди абдан жакшы көрөм, жарамазан айтканда жанымда аккордеон ойногон байкемди айтып жатам. Азыр деле кээде тойлорго экөөбүз чогуу чыгабыз. Байкем жаман адаттардан башканын баарына уруксат берет. Анан мени дайыма ээрчитип алат. Кээ бир байкелер “эй, кал үйдө” деп өзүнөн кичүүлөрүн калтырып коюшат го. Жанасыл байкем антпейт, “Эрасыл, жүр барасыңбы, мен бул жакка барганы жатам” деп ээрчитип алат. Байкем менен жүрүп түшүнүгүм кеңейди окшойт. Бир жолу бир байке, “эй, тамеки чегесиңби?” дейт, “жок” десем, “бар, сушнякка барып келчи” деп жатпайбы. “Байке, өзүңүз эле барып келиңизчи” десем “эй, айтканды укпайсыңбы” деп ичке чапты. Байкеме чалсам, бир мүнөттө жетип келип, мени үйгө алып барып, кайра кеткен. Ошондо кайра барып тигини урушуптур. Жарамазан убагында да коркунучтуу окуялар болгон. Фучик районундагы балдар биздин райондогу балдарга атырылып, уруш чыккан. Колумда 50-60 телефон, кучактап машиненин ичинде отурам. Байкемдер мага карматып коюшкан. Карасам балдар катуу мушташып жатышат, бир эже арачы түшүп, шыпыргы менен уруп жатат балдарды. Апама чалып айтсам, милиция чакырыптыр, келишти. Милиция келгенде балдардын баары качты. Бир байке келип телефонун сурады, бети-башы бүт кан болчу. Ошондон кийин этияттап калгам. Ошондо эң жаман күнүм болгон.

Экинчи жаман күнүм, жолдо калып калганбыз. Атам, байкем үчөөбүз Чаткалдан Бишкекке Талас аркылуу жолго чыкканбыз. Ал жактын жолу таштак, жолдо баратып дөңгөлөк жарылып калды. Ал жерден кен казып иштеген кишилер алмаштырып беришти. 3-4 чакырым айдагандан кийин кайра жарылып калды. Атам аскердик кийимчен кишилер менен кетип, дөңгөлөктү жаматып келди. Андан ары баратканда бир жерде авариялык кырдаал жаралыптыр, атам мен өлсөм да балдарым аман калсын деп ойлогон окшойт, бизди “түшүп, карап тургулачы, туура эмес жолго кирип кеттим” деп алдап түшүрүп, өзү айдап жөнөдү. Тайып барып жарга сайылды да, машине кырданып туруп калды. Ал жакта алтын казган байкелер бар экен, ошол жакка жатып, эртеси алар машинени чыгарып беришти. Андан ары баратсак кайра дөңгөлөк жарылып калса болобу. Ошондо ыйлагам. Курсагыбыз ач. Атам дөңгөлөктү Таласка барып жаматып келди. Бизге тамак ала келиптир, ошондо атам өз колу менен тамак жедирген бизге. Ошол күндү такыр унутпайм. Үйгө унаанын бамперлери түшүп, эптеп жеткенбиз.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1145, 14-20-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан