Эл катары турмушка чыгып, бирок үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандан улам ажырашып кетиптир каарманым. Учурда 4 баласы бар, аларды карап-багуу түйшүгүн жалгыз тартып келе жатканын айтат. Өзүнүн да, 1 уулунун да майыптыгы бар.
«1 айлыгымда атамдын колунда калыптырмын»
– Мен Калдыбай кызы Карылгач (ред.: Карлыгач эмес), учурда 30 жаштамын. Нарындын Кеңеш айылында туулгам. Апам биринчи күйөөсүнөн 1 кыз, 1 баласы менен ажырашып, менин атама баш кошкон экен. Тилекке каршы, мен туулгандан 1 айдан кийин атам менен да ажырашып, мени таштап кетиптир. Ошентип атамдын колунда, анын биринчи аялынан калган 4 баласы менен чогуу чоңойдук. Атам кийин аял алган жок. Бизди багам деп сугатчы, чабан болуп иштеди. Мектепте 3 эле жыл окуп, уланта алган жокмун. Анткени 5 жашымда аттан жыгылып, жерге башым катуу тийген. Ошондон талма оорусун тапкам, учурда 2-топтогу майыпмын. Оорукчан экениме карабай эс тартканымдан баштап кир жууп, мал багып, айтор, тиричиликке быштым. Атам кийин каза болуп калды.
«Апамды таптым, бирок кызым деп бооруна кыскан жок»
– Сураштырып, 18 жашымда апамды таптым. Турмушка чыгыптыр, бирок балдары жок экен. Мени чоочун бирөөдөй суз кабыл алды, “кызым” деп бооруна тарткан жок, жактырбады. Менин көңүлүм үчүн да жакшыраак мамиле кылууга жарабады. “Апам табылса мага жөлөк-таяк болор” дечүмүн, оюм оңунан чыккан жок. Айла жок, ичтен сызып, өкүнүп кала бердим.
«Күйөөм кызыл камчы чыкты»
– Ак-Талаалык бир жигит менен таанышып, ага баш коштум. Талма оорум күтүүсүз кармап калгандыктан мени эч жерге ишке алышчу эмес. Балдарды карап үйдө отурууга туура келди. Күйөөм да, кайын журтум да мени оорукчан, издеп алары жок дешип кемсинтишчү. Күйөөм алгачкы кош бойлуу кезимде эле кол көтөрүп баштаган. Кылдан кыйкым таап, колуна тийген нерсе менен уруп салчу. Кийин “оорукчансың, жетимсиң. Сени бир жакка ээрчитип баргандан уялам. Кет, жогол!” дей баштады. Талмам кармап калса эсиме келтиргендин ордуна тээп өтүп кетчү. Бети-башым, денем көгөрүп, шишип, ордумдан тура албай жатып калган күндөрүм көп болду. Урганы аз келгенсип үйдөн сыртка түртүп чыгарып да койчу. Кетип калайын десем, 2 балам менен кайда барып жан багам деген ой токтотчу, чыдап жашадым. Таянар жакының болбосо кыйын экен. Кайнатамдар болсо баласын “кой, токтот” деп койгонго жарашчу эмес. Жок дегенде чиедей 2 баланын жүрөгү түшөт, акыл-эсине доо кетет дешсе болот эле да.
«Өгөй агам да сабады»
– Акыры күйөөмдүн токмогуна чыдабай калдым. Ажырашып, кабыл алгысы келбесе да 2 баламды жетелеп апамдыкына бардым. Апамдын биринчи күйөөсүнөн төрөгөн менден 8 жаш улуу баласы үйүндө экен. Көпкө турбадым ал жерде, "кет, жогол" деп жатышты. Бир жолу ошол баласы мени темир менен чаап, сабап салды. Эсим ооп калса, ооруканага алып бармак түгүл, “Тез жардам” да чакырышпаптыр. Өзүмө келсем жерде жатыптырмын. Эптеп кыбыраганга жарап калганымда күйөөмдү телефон аркылуу чакырып, “кел, жарашам” деп аны менен кошо кеттим. Башка айлам жок эле...
«Күйөөм үйлөнүп алыптыр, алимент төлөбөйт»
– Акыры кайнатамдар “бөлүнүп, өзүнчө жашагыла” дешти. Нарын шаарынын четинде бир жер төлөдө жашай баштадык. Бул арада дагы 2 балалуу болдук. Сыз, муздак бөлмөдө ачка-ток жүрүп 3 жыл жашадык. Күйөөмдүн сабаганы токтогон жок, 4-балама 1 ай болгондо биротоло ажыраштым. Балдарым менен ар жерде күн өткөрүп, кайра баягы жер төлөгө барып 1 жыл жашадым. Ар кимден тамак-аш, кийим, дары сурап, өлбөстүн күнүн көрдүк. 2022-жылы январда Жамал деген эже биздин жашообузду байкап калып, Сокулукка караштуу, Казакстандын чек арасына жакын жердеги ушул айылга алып келип, бир батирге убактылуу киргизип койду. Ажырашканыбызга 2 жыл болду, күйөөм бир да жолу кабар алган жок. Башка аял алып алыптыр. “Алимент албайт” деген маалымкаттын негизинде 4 баламдын ар бирине 1200 сомдон жөлөк пул алам. Бул акча эч нерсеге жетпейт. Жамал эже азык-түлүк, кийим алып келип берип каралашат. Анын да өз үй-бүлөсү, балдары бар. Түшүнөм, мындан аркы жашоомду өзүм алып кетишим керек.
«Иштейин десем, балдарымды караган киши жок»
– Тун балам Рамазан да 2-топтогу майып, башында киста бар. Киста бар экени быйыл, 6 жашында билинди. Мектепке бара элек, сүйлөбөйт. Оорусу кыйнаганда бакырып ыйлайт, “ооруп жатат” деп колу менен башын көрсөтөт, оозунан көбүк чыгып, калтырап-титиреп жатып калат. Врачтар "кистаны байкоого алып турабыз, өлчөмү чоңойсо бала 9га чыкканда операция жасайбыз" дешкен. Башын убак-убагы менен компьютердик томографияга тарттырып туруш керек экен. Ага да каражат жок. Буюрса, башына операция жасатып алсам, анан дудуктардын мектебине киргизип окутсам дейм.
Калган балдарым 4, 3, 2 жашта, алар да сүйлөбөйт, бирок угат, айтканыңды түшүнөт. Врачтар “күйөөңдүн сени сабашы балдардын психикасына доо кетирип, ошондон сүйлөбөй калышы мүмкүн” дешкен. Каржы табылып врачтарга текшертип, дарылатсак, балким, сүйлөп калышаттыр, ким билет?! Түндө баарына такма жалаяк кийгизип жаткырам, ансыз болбойт.
Өзүмдүн ден соолугум дагы начар. Көп токмок жедим, балдарды багам деп азап-тозок тарттым, ысык-суукта жүрдүм. Азыр бөйрөгүм, белим, буттарым ооруйт. Денемди псориаз каптап баратат, айрымдар муну “катуу стресстен болду” дешүүдө. Дарыланганга акчам жок, балдарды үйгө таштап иштейин десем, буларды караганга эч ким жок. Тамак-ашыбыз, кышкы кийимибиз, төшөк, идиш-аяк, үй жылыткычыбыз жок, оорусак дарыбыз жок кыйналып жатабыз. Бул түрүбүз менен кыштан кантип чыгабыз деп санаа тартып отурам. Урматтуу калайык-калк, абалыбызды түшүнүп жардамга кол сунууңуздарды суранам. Менден кайтпаса Кудайдан кайтар. Мага болбосо да балдарыма боор ооруңуздар.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
Мбанк (банк картасы):
4177 4901 9446 3560
Мбанк (телефон номери):
996 501 110 926
Айыл Банк:
9417 6994 4067 7232
Канымжан Усупбекова