Дүйнөдөгү эң коркунучтуу өлкө – Түштүк Судан

Эл аралык International SOS консалтинг компаниясы 2024-жылга карата дүйнөдөгү эң кооптуу делген мамлекеттерди тизмектеди. Анын сап башында Түштүк Судан турат. Мамлекеттер төмөнкү критерийлер боюнча тандалган: коопсуздук (саясий, аскерий), медицина, жаратылыш кубулуштарындагы өзгөрүүлөр жана башка. Эмне үчүн Түштүк Судан туристтер үчүн эң коркунучтуу деп эсептелет? Жоопту макаладан табасыз.

Расмий аталышы: Түштүк Судан Республикасы

Жайгашкан жери: Чыгыш Африка

Көз карандысыздык алган күнү (Судандан): 2011-жыл, 9-июль

Расмий тили: англис

Борбору: Жуба

Аянты: 644 329 чакырым квадрат

Калкынын саны: 13 058 117 (2016-жылдагы санак менен)

Валютасы: Түштүк Судан фунту

Башкаруу формасы: Федеративдүү президенттик республика

Президенти: Сальваторе Киир

Чектешкен мамлекеттер: Эфиопия, Кения, Уганда, Конго, Борбордук Африка, Судан

Эх, согуш, согуш

Судан менен Түштүк Судандын бөлүнүү тарыхы көп убакытты алган. Өлкөдөгү 20 жылдан ашык созулган жарандык согушта 2 миллиондон ашык карапайым калк набыт болгон делет. 2011-жылы гана референдум өткөрүлүп, натыйжада Судандан бөлүнгөн Түштүк Судан көз карандысыз республика аталган. Андан бери деле эки мамлекеттин ортосунда чыр чыгып турат. Түштүк Судан көз карандысыздык алганы менен, мамлекеттеги бир нече уюшкан куралдуу күчтөрдүн, этностордун арасында кагылыштар кайрадан жарандык согушка алып келген. Согуш кесепетинен өлкөдө массалык жакырчылык, ачарчылык, кылмыштуулук күчөгөн. 2017-жыл өлкөдөгү массалык ачарчылык каптаган убакыт болуп эсептелет. Жарандык согуш 2020-жылы гана токтогон. 2011-жылы көз карандысыз республика аталган Түштүк Судан дүйнөдөгү жаш мамлекеттердин катарына кирет.

Токойлуу өлкө

Түштүк Судан токойлорго оролгон мамлекет десек болот. Токойлор муссондук (тропикалык) жана экваториалдык болуп экиге бөлүнөт. Ошол эле учурда мамлекеттерде чоң аянтты саз жана чөл ээлейт. Жаан-чачындан үзгүлтүк болбойт, болгону кыш мезгилинде жаан-чачын токтоп 2-4 айга чейин кургакчылык капташы мүмкүн. Жапайы жаныбарлардын миграциясы боюнча Түштүк Судан дүйнө жүзү боюнча экинчи орунда турат. Бул мамлекет конгони, коб, топи сыяктуу антилопа түрлөрүнүн, буйвол, пил, акыра, носорог, арстан жана башка жырткычтар үчүн мыкты шарттарды түзүп бергенге аракет кылат. Өлкөнүн президенти жапайы жаныбарлардын популяциясын сакташ үчүн улуттук коруктарды салып, жаратылыштын тазалыгына көңүл буруп, техникалык-тиричилик таштандылардан арылууга, токойлордогу өрттөрдүн алдын алууга жана албетте, браконьерлик менен күрөшүүгө болгон күч-аракеттер жумшаларын айткан. Токойлуу өлкө демекчи, бул жакта флора менен фаунанын көп түрдүүлүгү да сакталган.

Негроид расасы

Калкынын басымдуу бөлүгү негроид расасына кирет. Анын ичинен нилот элине тиешелүү динка, нуэр, азанде, бари, шиллук жана башка 60тан ашык этнос жашайт. Расмий тили катары англис тили эсептелгени менен, түштүк судандыктардын дээрлик көбү нилот, борбордук судан, динка жана башка өз тилдеринде сүйлөшөт. Калктын басымдуу бөлүгү христиандар, ошол эле учурда салттуу африкалык анимистик диндерди тутунгандар да бар. Ислам дининдегилердин саны аз, бирок бар. 

Мунай

Түштүк Судандын экономикасы таянган негизги ресурс – мунайзат (нефть). Экономикалык жактан мамлекет Кытайдан көз каранды. Анткени мунайды иштетүүгө демөөрчү болгон, мунайды жана алтын сатып алган да Кытай. Андыктан бул мамлекет Түштүк Судандын негизги соода өнөктөшү болуп эсептелет. Мамлекетте андан сырткары айыл чарба тармагы да бар. Мал, дыйкан чарбачылыгы менен алектенгендер бар.

Абалы оор

Статистика боюнча калкынын 80 пайызы жакырчылыкта жашайт делгени менен (бул цифра мамлекеттин бийлиги тарабынан көрсөтүлгөн), чын-чынына келгенде 93 пайыздан ашык эли өтө жакырчылыкта жашайт дешет. Бул көрсөткүч Түштүк Суданды жакырчылык жактан да биринчи сапка чыгарат.

Түштүк Судан эгемендүү өлкө болгонуна карабастан, учурда дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кырдаалда жашап жатат. Өлкөдө жарандык кагылышуулар, экономикалык туруксуздук жана азык-түлүктүн жетишсиздиги, калктын масштабдуу жер которуусуна алып келүүдө. Миллиондогон түштүк судандыктар өлкө ичинде жер которуп же коңшу мамлекеттерде качкын катары жашап жатышат.

Билим берүү, медицина тармагы 0дө

Өлкөдөгү жакырчылык инфраструктуранын өнүгүшүнө, билим берүү системине жана ден соолук тармагына да терс таасирин тийгизген. Элинин 27 пайызы гана окуп-жазганды билет, бул цифра Түштүк Суданды агартуу тармагы арттагы мамлекеттердин лидерлик сабына чыгарат. Мамлекеттин бул катачылыкты жойгонго даремети жетпейт. Мектептерди курууга, билимдүү мугалимдерди чакырууга, окуу куралдары менен камсыздоого каражат жок. Ушул эле маселе медицина тармагына да тиешелүү. Малярия, холера жана башка вирустук ооруларды жеңүүгө чет мамлекеттер салым кошкону менен, “мышык ыйларлык” абал сакталып келет. Айыл чарбачылыгын өнүктүргөнгө жаратылышы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берген, бирок кайрадан баары экономикага келип такалат.

Кыскача фактылар...

* Африкадагы эң көп тилде сүйлөгөн мамлекеттердин катарында. 

* Кылмыштуулук күч. Мындан бир нече жыл мурун эле Түштүк Суданда кулчулукка адам сатуу фактылары кадыресе көрүнүш болчу. Азыр мындай фактылар ачык жүргүзүлбөгөнү менен, жоголгон адамдардын саны көп. Аларды эч ким издеп убара да болбойт. Уурулук, зордук-зомбулук да өтө өнүккөн. Бул жерге барсаң баарын жоготушуң мүмкүн, керекпи, өзүңдү да.

* Уй. Түштүк Судандыктар үчүн уй маданий жана социалдык мааниге ээ. Биринчиден, бул жаныбар адамдын коомдогу абалын билдирет, бай же кедей деп. Экинчиден, ыйык жаныбар катары санап, уйга атайын ысым ыйгарып, ал үчүн ырдап-бийлеп токчулук-молчулукту чакыр деп суранышат.

* Түштүк Судан боюнча 30 чакырым гана жолго асфальт төшөлгөн.

* Бүтпөгөн жарандык согуштун натыйжасында өлкө геноциддин чегинде турат.

* Түштүк Судандын борбору Жубанын инфраструктурасы чатыры камыш менен жабылган, тегерек ылайдан курулган үйлөрдөн жана 2-3 кабаттуу кирпич имараттардан, дүкөндөрдөн турат. Борбор калаанын көпчүлүк көчөлөрүнө асфальт төшөө аракети көрүлгөн эмес. Суу түтүктөрү жок, ичүүчү сууну цистерна менен алып келип таратышат. Борбор шаары ушундай болсо, калган аймактардын абалын элестетүү кыйын. Учурда мамлекеттин ортосунан орун алган Рамсель деген башка шаар курулууда. Келечекте Рамсель Түштүк Судандын борбору болот.

 Дагы кайсы мамлекеттер кооптуу жана коопсуз?

Түштүк Судан менен катарлаш кооптуу өлкөлөрдүн катарына Ливия, Ооганстан, Борбордук Африка, Сомали, Йемен, Сирия, Ирак, Конго, Венесуэла жана башка мамлекеттер кирет. Бул тизмекте Кыргызстан да бар. Кыргызстан кылмыштуулуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарында. Эл аралык World Population Review уюмунун изилдөөсүндө ,биздин мамлекет 2023-жылдын эсеби менен 136 өлкөнүн ичинен 31-орунга жайгашкан.

Ал эми туристтер үчүн дээрлик коопсуз делген мамлекеттердин тизмегинде Норвегия, Финляндия, Дания, Исландия, Швейцария, Словения сыяктуу өлкөлөр алдынкы сапта.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1145, 14-20-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан