Кой
(21.03–20.04)
Канчалык тоону томкоруп жибергиңиз келгени менен, күчүңүз жана энергияңыз жетиштүү болбойт. Андыктан агым менен агып, күндөлүк иштер менен алаксып, болуп жаткан окуяларга, чөйрөдөгүлөргө кылган мамилеңизге, келечекке койгон пландарыңызга анализ жүргүзсөңүз туура болот. Чакырган жерге барбай эле койгонуңуз оң, ал жакта сиз жактырбаган адамдар болушат. Кенен отура албай өзүңүздү ыңгайсыз сезишиңиз мүмкүн.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Өзүңүздүн кылган иштериңизге, жүрүм-турумуңузга, башыңыздан өткөргөн окуяларга баа берип, талдайсыз. Бирок өзүңүздү ашыкча сындап, жей бербеңиз, идеалдуу адам жок экендигин, ар ким жаңылыша тургандыгын эске алыңыз. Жашоодо жаңы ийгилик тилкелери ачылат, болгону качан, каерде болуп калуу керектигин сезип, керектүү адамдарга жакын болууну унутпаңыз. Жумушуңузда өзгөрүүлөр болот, андан коркпоңуз, сизге пайдалуу сунуш түшөт.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жеке жашоодо тил үйрөнүү же билимди жогорулатуу жаатында ийгиликтер коштойт. Келечекте бизнесте же бир долбоор боюнча чогуу иштешүүчү адам менен таанышасыз. Үйдө балдар менен тил табышуу кыйындайт, аларды акырындап түшүндүрүү жолу менен эпке келтирүү керек. Мурдагыга салыштырмалуу кирешеңиз көбөйөт. Жетекчилик менен жакшы мамилеңизди орой сүйлөөнүн же жумушка кечигип келүүлөрдүн айынан бузуп албаңыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Негативдүү адамдардан, сизди колдонуп ишин бүтүрүп алгысы келгендерден качыңыз. Чыгармачылык эргүү келип, жаңы иштерди баштоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бөйөндөр үйүн кооздоп, иреттеп, ыңгайлуу кылууга аракет кылышат. Бирок каражат тартыштыгынан улам 1-2 бөлмөнү гана жаңылоого жетишиши мүмкүн. Кирешелери көбөйөт. Айрымдар мураска ээ болушат же карыздарын өндүрүшөт. Акчасын көбөйтүү үчүн бизнеске салгандар анын үзүрүн көрө башташат.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Аптада агрессияга жакын болуп чыга келесиз. Өз көз карашыңызды жактап, башкалардын ой-сунуштарын четке кагуудан карманыңыз. Эмоцияңызды ичке жутуп, чыдамдуу болуп койсоңуз, кылган ишиңиз, элге мамилеңиз жайында болмокчу. Креативдүү идеяңызды жетекчиликке сунуштоодон коркпоңуз, колдоо, аны менен бирге киреше табасыз. Сиз ишенген адамдын чыныгы жүзүн билип, аны менен мамилени улантуу же үзүүнү чечесиз. Керексиз буюмдарды сатып алуудан качыңыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Аптада үй, үй-бүлө, кыймылсыз мүлк жаатындагы маселелер башкы орунга чыгат. Үйүңүздүн коопсуздугу үчүн бир топ иштерди жасайсыз. Айрымдар иш сапарына чыгып, жаңы идеяларга байып келет. Үйдө ким көп тапты, ким эмнеге жетишти деген талаш-тартыштын жаралышына жем таштабаңыз. Болбосо, чыр тереңдеп, үй-бүлө мүчөлөрүнүн тынчы кетет. Жумушта буга чейин чоло тийбей жүргөн айрым иштерди бүтүрүүгө аргасыз болуп чарчашыңыз мүмкүн.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Айрымдар билими жетишсиз болуп жатканын, адамдар анын ой-пикири менен мурункудай эсептешпей калганын туюшат. Андыктан жаңы ыкмаларды үйрөнүп, билимди жогорулатууну ойлонушканы оң. Үйгө, жер тилкесине жетүү үчүн кыйналып иштеп жүргөндөрдүн мээнети акталып, ушул жумада үйлүү же жер тилкелүү болуп кубанышат. Эксперименттерден коркпогондордун, тобокелчи адамдардын иши алдыга жылат. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз гармонияда болот.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Апта башында чөйрөдөгүлөр менен баарлашуу, тил табышуу кыйындайт. Анын үстүнө жаңылыктар көп болот, документ иштери менен чуркап чарчайсыз. Энергияны, убакытты бошко кетирбей, сизге пайда алып келбеген иштерди, жолугушууларды жыйыштырууну ойлонуңуз. Жыл аяктаганы калгандыктан бүтпөгөн иштерди бүтүрүп, аласа-бересеңизди тактаңыз. Үйдөгүлөр чогуу саякатка чыгууну же буюм сатып алууну сунушташат.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Сырткы келбетти жакшыртууну, туура тамактанууга жолтоо болгон айрым адаттарыңыздан кутулууну да самайсыз. Жумушта кошумча иштер же жаңы долбоор менен иштөө тапшырылат. Баш тартпай чыдап койсоңуз, кирешеңиз көбөйөт. Соода жаатында иштешкендер туура эмес маалыматтан улам бирге иштешкендери менен тирешип калуулары мүмкүн. Үйдөгү маселелерди чечүүдө үй-бүлө мүчөлөрүнүн кеңешине кулак салсаңыз жаңылбайсыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Көптөрдү учурдагы кирешесинин өлчөмү канаттандырбайт, андыктан ишин алмаштырууну ойлонушат. Айрымдар кимдир бирөө берген мотивациядан улам карьералык тепкичтен көтөрүлүү жагын караштырышат. Юриспруденция, билим берүү тармагында иштегендерди ийгилик коштоп, капчыктары кампаят. Өз оозуңузга сак болуп, купуя сырларды айтып салбаңыз. Ушактардын, интригалардын капканында каласыз. Кайсы бир иштер боюнча сапарга чыгышыңыз мүмкүн.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Карыздарды созбой кутулуу, кайра албоо сунушталат. Бирөөлөр менен чогуу бүтүрө турган иштер артка жылып, кейишиңиз ыктымал. Айланадагылар сизди туура эмес түшүнүп, сөз кылбашы үчүн аларга айта турган оюңузду так, жеткиликтүү айтып жеткириңиз. Ошондой эле күчүңүздү ашыкча баалап, көп иш, милдеттерди башыңызга үйүп албаңыз. Үйдөгүлөр менен акылдашып конок чакырууңуз мүмкүн. Апта акырында үйдү иреттеп, тазалоо иштери менен убара болосуз.
Балык
(20.02–20.03)
Жаңы адамдар менен иштеше баштап, жакшы кеңештерди аларыңыз күтүлүүдө. Акчаны коротпой сактап туруңуз, жакынкы убакта күтүлбөгөн чыгымдар чыгат, ошого керектейсиз. Бир буюм сатып алууда сатуучуга ишенгенден мурун өзүңүз сапатын, жасалган материалын байкап көрүңүз. Айрымдар эски достору менен табышып, чайлашып, чер жазышат. Социалдык тармактарга так эмес маалыматтарды жарыялоодон, бирөөлөрдү каралоодон алыс болуңуз.