Салттуу музыканын алып жүрүүчүсү, таланттуу ырчы Эльзар Өскөнбаева бул аптанын башкы каарманы болду. Ырчы айым жакында алгачкы тушоо кесүү концертин берүү алдында турат. Ал өзү тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берди.
«Шашма жана таарынчаакмын»
– Жашоодо идеалдуу адам жок да. Өтө шашма, ишенчээк, ак көңүл, анан таарынчаакмын. Бирок бат унутуп, бат жазылам, кечиримдүүмүн. Кек сактабайм. Анан уйкучумун (күлүп). Күнү-түнү уктасам деле уйкум канбай турган учур, 4 мамлекеттик жумушта иштейм, кечкисин заман талабына ылайык той-топурга да чыгып кошумча акча таппасак болбойт. Кээ бир профессионал музыканттардын арасында “тойдо эле жүрөт, тойдун ырчысы” деген сөз болуп калышы мүмкүн, мен мындай сөздөргө кошулбайм. Тойго той ээлери көңүлүнө жакканын чакырат. Кудайга шүгүр, дайыма кыз узатуу, жар-жар айтып элдин кызматындамын. Кечинде кеч уктап, жумушка күндө кечигип бармай күзүндө башталат (күлүп).
«Ырчы болбосом, тикмечи болмокмун»
– Бала кезимден эле кийим тиккенге, бир нерселерди бузуп, бычканга жакын болчумун. Азыр деле өзүмө улуттук кийимдерди тигип алгым келет, бирок убактым жетпейт. Анын үстүнө тажрыйбам аз. 1-курс кезимде тигүү цехинде үтүкчү болуп иштегем. Бирок ар кайсы жакка барып ырдаш керек, окуш керек болуп жатып тиккенди толук үйрөнө албай калгам. Эгерде ырчы болбой калсам тикмечи, бычмачы, балким, дизайнер, модельер болмокмун.
«Бат толуп, бат арыктайм»
– Мен өзү бат толуп, бат арыктаган адамдардын катарына кирем. Концертке кийген чыптамаларым бирде батып, бирде батпай кала берет. Тикмечиликти жакшы үйрөнүп алганымда ошолордун тигиштерин бирде чоңойтуп, бирде кичирейтип тигип алып турат элем деп калам.
«Комузду кеч үйрөндүм»
– Комуз менен ырдап, салттуу музыканы аркалап, комузчу деп айтылып жүргөнүм менен, комузда абдан жакшы ойной албайм. Комузду кеч үйрөндүм. Биздин айылда комуз ийрими жок болчу, айыл боюнча бир эле Мелис деген агай комуз чертчү. Ал киши деле нота билчү эмес, кесиби башка эле. Ага үйрөтүңүз деп бара берчүмүн. Бала деп шагымды сындырбаса керек, “сөөмөй, ортон, чыпалак” деп жазып берип ыр үйрөткөнү эсимде. Анын комузун сурап алып каңгыратып эле ойноп ырдай берчүмүн. Басканды билчү эмесмин. Сынактарга да катышчумун. Бирок такыр орун албайм, анан ызаланып ыйлайм. Азыр эстеп күлкүм келет. Адамга өмүр бою окуу да аздык кылат экен. Комузду дагы деле үйрөнүп келе жатам.
«Дайым жандуу үндө ырдайм»
– Жалгыздык, жакындарды жоготуу, караңгылыктан, анан элдин алдында уят болуудан корком. Бирок уят болуп калган да учур болот. Негизи дайым эле жандуу ырдайм, бирок кээде жар-жарды фонограмма кылууга туура келет. Жакында үйдөн кыз узатууга барып калдым. Башында комуз менен жандуу ырдадым, ал эми кызды узатууда жар-жарды фонограммада ырдашым керек болчу. Кыздын ата-энеси аппак килемче салып, гүл себелеп укмуш даярданыптыр. Анан кызды үйдөн алып чыгып жар-жар айтып келатсам эле ырым өчүп калды, дароо жандуу ырдап баштадым. Бир аздан кийин кайра тиги ырым үнүмдү басып ырдап кирди да, кайра өчүп калды. Ушул 10-15 жолу кайталанды окшойт. Эмне кыларымды билбей калдым, же музыкант ырды алып салбайт. Кафеден эл алыс болуп анча билинбейт экен да, үйдөн жаныңдан, “ий, уят эле болду” деген сөздөр тим эле кулагыңдын ичине кирип угулат экен. Ушундай жаман болдум. Кызды узатып эле музыкантка барсам аппарат койгон жерде эч ким жок, көрсө, биринчи жолу музыка өчкөндө эле качып кетишиптир. Бетим кыпкызыл, жүрөк лук-лук деп согот, уялганымдан чуркап чыгып машинеге отуруп кетип калдым. Үйгө келип же уктай алсамчы. Дагы жакшы, ага чейин комуз менен жандуу үндө ырдаган элем.
«Конфликтке барбаганга аракет кылам»
– Негизи конфликтке, урушка барбаганга аракет кылам. Колумдан келишинче баарына жакшы мамиле жасайм. Урушуп, мушташып, чачташып көргөн эмесмин. Кичинекей кезимде урушкан чыгармын, бирок кара күчкө салып мушташып, чабышканым эсимде жок. Андайда токмок жеп эле калсам керек.
«Көз айнек тагынам»
– Көзүмдү көп ирмейм. Муну билчү эмесмин, жакында тааныштарым айтып калышты. Толкунданганда көп ирмейт окшойт. Көрүүм –2, көз айнек тагынам. Бирок унутуп калып көп тагынбай жүрөм. Жакында эле тагынып баштадым, көнө элекмин. Телефон, анан 15 жылдан бери рулдамын, ошонуку окшойт.
«22 жашымда рулга отургам»
– Биринчи жолу рулга 2009-жылы отургам. Айдоочулук күбөлүктү андан мурун эле алгам. Устатым Роза Аманова эже “25 жашымда биринчи жолу рулга отургам” десе аябай суктанган элем. Мен 22 жашымда отурдум. Мурда шайлоодо ырчылар аймактарды кыдырып ырдап жакшы акча табышчу. Ал кезде мен жакшы деле ырдап чыга элек кез. Чыңгыз Мырзаев, Акбар Сүйүнбаев, Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков сыяктуу ырчылар жакшы чыгышкан. Алар менден 2 курс жогору окушчу. Мени бир шайлоодо кошуп алышты. Ошондо 3000 доллар иштеп, калганын атам кошуп машине алгам. Азыр 37 жашка чыгып калдым, ошондон бери рулдамын.
«Алгачкы тушоо кесүү концертимди берем»
– Учурда 1-декабрда боло турган алгачкы тушоо кесүү концертимди жакшы өткөрүп алсам деп жан далбастап жүрөм. Бул менин биринчи жолку концертим, элден ак бата алайын деп жатам. Концерт берүү мен үчүн чоң кыял болчу, азыр баары биригип келип чоң жоопкерчиликке такалып жатат. Ошол жоопкерчиликти элдин алдында жакшы аткарып алсам экен деп турам.
«Маанайым жокто көп жейм»
– Ашканада шумдук деле ашпоз эмесмин. Күзүндө көбүнчө тамак жасаганга убакыт болбой калат. Апам (ред.: кайненеси) биз менен жашайт, көп учурда апам жасайт. Той-топурдан колум бошобой, кээде сатып барганга туура келет. Үйдө болгондо камыр тамактарга басым жасайм, балдарыма манты, оромо, беш бармак жасап берем. Акыркы учурларда байкап жатам, көңүлүм жок, маанайым түшкөндө курсагым ток болсо деле көп жейт экенмин. Мурда башкалар маанайым жокто көп жейм десе маани бербептирмин.
«Дайыма жылмайып учурашканга аракет кылам»
– Жанымда жүргөн адамдардын баары жакшы комплимент айтат, мен да ошондой жооп кылам. “Көбү дайыма жаркылдап жүрөсүң” дешет. Бул жасалмалуулук эмес, адамдарга дайым күлүп, жылмайып учурашканга аракет кылам. Кээ бирөө тамашалап “сен кайгырасыңбы өзү?” деп калышат. Мен деле кайгырам, бирок жумушка барганда маанайым жоктугун көрсөтпөйм.
«Балдарыма жетиштүү мээрим бере албай жатам деп өзүмдү күнөөлүү сезем»
– Үйдө кадимки ата-энелердей эле балдарды урушкан, тарбиялаган апамын. Жумушка байланыштуу үйдө көп болбой, балдарыма жетиштүү мээрим бере албай жатат окшойм деп өзүмдү күнөөлүү сезген учурларым көп болот. Бош болсом эле аларды көчөгө алып чыгып ойнотконго аракет кылам. Балдарың мээрим талап кылган учурда жан талашып иштегенге туура келип, тескерисинче, биз балдардан мээрим күтүп калган учурда кеч болуп калат экен. Турмуш ушундай экен да. Иштебей койсоң да болбойт.
Гулийпа Маметосмон кызы