Орусияда эмгек мигранттарынын абалы мындан да кыйындашы мүмкүн. Себеби Мамлекеттик думанын депутаттары өкмөткө миграция тармагы боюнча 10 сунуш камтылган токтом долбоорун киргизди. Анын ичинде мигранттардын орус тилин билүүсү боюнча оозеки экзамен алуу талабы бар. Авторлор мигранттардын орус тилин билүүсүн текшерүү иши “абдан эле начарлап”, маселени көмүскө түрдө ортомчулар аркылуу чечүү тамырлап кеткен деп жатышат. Токтом долбоорунда мигранттардын балдарынын мектепке кириши боюнча дагы сөз бар. Тагыраагы, баласын мектепке киргизип жаткан ата-эне Орусияда мыйзамдуу жүрөбү же мыйзамсызбы деп милдеттүү түрдө текшерүүнү ишке ашыра турган атайын мыйзам долбоору даярдалганы маалымдалды. Тесттен өткөрүп, орус тилин билбеген балдарды мектепке кабыл албоо талабы да коюлуп жатат. Мындай сунушту орусиялык айрым педагогдор “гумандуу эмес” деп атап, муну ишке ашыруу кыйын экенин эскертишүүдө.
Буга чейин Мамлекеттик думанын спикери Вячеслав Володин Орусия жаранына баш кошуп, орус жарандыгын алууну көздөгөн мигранттар үчүн каралган 1 жылдык мөөнөттү 2 жылга, зарыл болсо 3-4 жылга узартууну сунуштап чыккан. Башкача айтканда, буга чейин Орусия жаранына баш кошкон мигрант 1 жылдан кийин аталган өлкөнүн жарандыгын ала алса, эми ал мөөнөт узарышы мүмкүн.