Экс-депутат Эмил Жамгырчиев кайрадан УКМКнын сурагында

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев УКМК тарабынан суракка чакырылды. Маалыматка таянсак, суракка алуунун себеби – Жамгырчиевдин чет өлкөгө барып оппозициялык маанайдагы жарандык активист Тилекмат Куренов менен жолугушканы. “Аны мындан ары жоопкерчиликке тартуу менен алардын жолугушуусунун себептери такталууда. Тергөө иштери жүрүп жатат” деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Буга чейин интернет желесине Жамгырчиев менен Куренов Дубайдан (Бириккен Араб Эмираттары) жолугушканы тууралуу маалымат тараган. Куренов Дубайдын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, 1 сутка сурак берип чыкканын, БАЭ аны Кыргызстанга өткөрүп бербөөнү убада кылганын жазып чыкты. Тагыраагы, Куреновдун соцтармактагы жеке баракчасына ушундай мааниде пост жазылды. Ошондой эле “Жамгырчиев Куреновду алдап паспортун алып койгон” деген да маалымат айтылып, Жамгырчиев бул маалыматты жалган деп атады. Айтымында, ал Дубайга атасынын ден соолугунан улам барган. Бул арада ага Куренов байланышып, жардам сураган. Ушундан улам экөө Дубайдан жолугуп, чогуу тамактанып, ага жардам бергенин айтат Жамгырчиев. Ал эми паспорт окуясы боюнча Жамгырчиев Куреновду “хайп” жаратыш үчүн туура эмес маалымат таратып жатат” деп айыптады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1146, 21-27-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан