ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 2-декабрдан 8-декабрга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Негизи эле декабрь айы кой жылдызындагыларга көп энергия тартуулайт. Көптөн бери бүтпөй келген иштериңизди колго алып, бүтүрүүгө убакыт келди. Анан да бул аптада финансылык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк болот, колдон чыгарбаңыз. Үй-бүлөлүк мамиледе туугандар менен келишпестик чыкпашы үчүн өжөрлүк сапатыңызды ичке катып, жумшагыраак болуңуз. Аптанын аягы соода-сатык кылууга ылайыктуу, коркпой эле соода кыла бериңиз, алданбайсыз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Аптанын башында жумушуңузда көрө албастык кылгандар чыгышы ыктымал, сак болуңуз, өзүңүзгө гана ишеним артыңыз. Жаңы иш баштайм же бирөө менен келишим түзөм деп турсаңыз, бир аз коё туруу керек. Жыйынтыгы өзүңүзгө жакпай калат. Бойдокчулук статусу менен коштошкусу келип жүргөндөрдү ийгилик коштойт, болочок түгөйүңүзгө жолугушуңуз мүмкүн. Алыскы сапарга чыгышыңыз ыктымал. Дем алышты үй-бүлөңүз менен өткөрүңүз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Чыгармачыл идеяларга, эргүүгө толгон апта болот. Мындай активдүүлүк менен тоону томкоргонго даяр болосуз, көптөн бери бүтпөй же артка жылып келе жаткан иштер бүтөт. Вирустук ооруларга кабылуу коркунучу чоң, андыктан жылуу кийинип, витаминдүү тамак-аштарды жеңиз. Жеке мамиледе жоопкерчилик алгандан коркпоңуз, чынчылдык, чечкиндүүлүк менен ийгиликке жетесиз. Аптанын соңунда достор менен жолугушуп, чер жазганга энергияңыз жетет.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Ден соолугуңузга көңүл бурганга мезгил жетти, “эртең жакшы болуп калат” деген жарабайт. Өзүм билемдик менен дарыланбай, коркпой ооруканага барыңыз. Сиздин кеңешиңизге муктаж адамдар чыгышы ыктымал, адилеттүү болуңуз. Үй-бүлөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Дем алыш күндөрү алыска сапарга чыгууга же рулга отурууга ылайыксыз мезгил. Андан көрө тынч үйдө отуруп эс алганыңыз жакшы. Бойдоктордо жаңы таанышуу, анан жактыруу сезими жаралат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Болгон билимиңизди, талантыңызды көрсөткөнгө туура келет. Негизгиси, чечкиндүү болуңуз, эмоцияга алдырбай, жетекчилер менен талашып-тартышпай, токтоо болсоңуз, жеңиш сиз тарапта. Жаңы нерсе сатып алуудан, жаңы мамиле түзүүдөн алыс боло туруңуз, бул апта “жаңы” нерселерге ылайыксыз дешет жылдыздар. Керексиз буюм-тайымдарды, кийилет-кийилбейт деп көптөн бери сандыкта жаткан кийимдерди ыргытыңыз. Эскинин ордун жаңы басат.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бул аптаны өзүңүздү таанууга, өстүрүүгө арнаңыз. Анан да эскилерди бүтүрүп, жыйынтыктап, жаңы иш баштоого ылайыктуу учур. Чарчаңкы абалда жүргөнүңүздү сезесиз, эс алганга да убакыт табыңыз. Болбосо эмоционалдык “кризиске” учурап, депрессияга кабылышыңыз ыктымал. Достор менен келишпестик жаралат, мындай абал жаңы жылга чейин созулушу мүмкүн. Аптанын аягында гардеробду жаңылайсыз же жаңы буюм алып өзүңүздү кубантасыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жеңил өтө турган апта. Жумушта, окууда, үйдө болобу, таразалар өзүн жеңил сезип, максаттарын ишке ашырууда эргүү менен аракет кылышат. Керекпи, келечекке жаңы план түзүп, максаттарын өзгөртүшү мүмкүн. Бирок жумуш деп жүрүп, жеке жашоону артка таштабаңыз. Туугандарыңыз, досторуңуздун колдоосу менен көп ийгиликке жетесиз. Кокустан сатып алуулардан сак болуңуз, анткени бул апта финансылык сабаттуулукту, сарамжалдуулукту талап кылат.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Башыңызга түшкөн кыйынчылыктын баары убактылуу экенин эстен чыгарбаңыз, сиздин көчөдө да майрам болот. Баарлашууга даяр болсоңуз, жаңы таанышуулар, жаңы эмоциялар күтүлөт. Үй-бүлөдө туугандар менен агрессияга алып келчү маселелер чыгат, буга даяр болуңуз, кызуу кандуулукка алдырбаңыз. Акыры сизден кечирим сурашат. Аптанын аягы сизден активдүүлүктү талап кылат, андыктан иштеңиз, окуңуз, жаңы нерселерди өздөштүргөнгө аракет кылыңыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Көптөн бери кыялданып жүргөн нерсе ишке ашат, өзгөчө романтикалык жаатта. Бойдоктор жомоктогу ханзаадасына (ханышасына) жолугушу күтүлөт. Анан да өзүңүзгө керектүү нерселерди белекке аласыз. Эгер жумушта же үй-бүлөдө, окууда же башка тармакта лидерлик сапатыңызды көрсөтө албасаңыз, буга жалкоолугуңуз себеп болот. Ден соолугуңуздагы майда маселелерди жеңүүгө спорт жардам берет. Андыктан күндө эртең дей бербей, эртерээк спорт менен достошуңуз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Көзгө көрүнөрлүк, көңүлгө аларлык өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Жылдыздар жалгыздыкта убакыт өткөрүп, өткөн-кеткенди анализдеп, келечекке план түзүүнү сунушташат. Жумушуңуз сизден билимдүүлүктү, дипломаттык талантты, токтоолукту талап кылат, антпесе ызы-чууга кабылышыңыз ыктымал. Эс алыңыз, сиздин организм эс алууга муктаж экенин билдирет. Дем алыш күндү жакындарыңыз менен тынч өткөрөсүз. Бул апта сапарга чыкпай эле турганыңыз оң.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Бир жыл бою топтолуп келген майда-чүйдө жумуштарды, жолугушууларды аягына чыгарыңыз, болбосо кийинки жылга куйрук болуп ээрчип алат. Жашооңузга жаңы түс кошкон өзгөрүүлөр күтүлөт, бул жеке жашоого да, финансылык тармакка да тиешелүү болушу ыктымал. Бул апта сизден сүйлөөнү эмес, көбүнчө угууну талап кылат. Сизге ишенгендер көп болот, алардын ишеничинен чыкпайын десеңиз, калп айтпаңыз.

Балык
(20.02–20.03)

Жумуш которууга же жаңы иш баштоого ылайыктуу апта, ички туюмга ишениңиз. Эксперимент кылгандан, тобокелчиликке баргандан коркпоңуз. Жакындарыңызга жардамыңыз керек болушу мүмкүн, керек болсо айтат да деп жүрө бербей, кылдаттык менен көңүл буруп, маселенин очогун тапканга аракет кылыңыз. Ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алышы ыктымал, тамак-ашыңызды мүнөздөп жегенге туура келет. Жаңы таанышуулар ийгиликке жеткирбейт, сак болуңуз.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1147, 28-ноябрь-4-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан