АБЬЮЗЕР ЭРКЕК ДЕГЕН КИМ? 

Аялын чектен аша кызганып, баскан изин көзөмөлдөп, иштетпей үйгө отургузуп, муш көтөрүп жүргөн абьюзер эркектер бар. Эркектердин мындай болушуна эмне түрткү берет? Андай адамдын капканынан аял кантип кутулса болот? Психолог Ызаткан Жусупова менен ушул темада пикир алыштык. 

Абьюздук мамиле деген эмне?

– Психологияда абьюздук мамиле деген түшүнүк бар. “Абьюз” – англис сөзү, бизче “абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кемсинтүү, жаман мамиле жасоо” дегенди түшүндүрөт. Көбүнчө күйөөнүн аялдын эгосун сындыруу үчүн аны басмырлап, кемсинтип, психикасын талкалап, жеке кызыкчылыктарын чектеп, ал тургай уруп-согуп, иштетпей, бардык жагынан өзүнө көз каранды кылуу үчүн жасаган негативдүү аракети. Башкача айтканда, эркектин аялга физикалык, сексуалдык жана экономикалык зордук-зомбулук көрсөтүүсү.

Абьюздук мамиледе агрессор жана курмандык болот. Агрессор (абьюз, абьюзер) бул көбүнчө – күйөө же өнөктөш эркек. Курмандык – бул аял. Аялдардан чанда гана абюьзер чыгат. Андай аял күйөөсүн сөзү менен кемирип, “сен эч ким эмессиң, колуңдан эч нерсе келбейт. Мен болбосом көчөдө калмаксың. Ажырашам десең балдарды көрсөтпөй, катташтырбай коём” деген сыяктуу сөздөрдү айтат. Туугандарына айтып күйөөсүн сабатып да коёт. Абьюзер деп негизинен эркекти кароого болот.

Абьюздук мамиленин себептери

• Абьюздук ата-эненин тарбиясын көрүү. Алардын тарбиясы баланын аң-сезимин талкалайт. Эркек бала атасынын апасын уруп-согуп, кордоп жатканын көрүп чоңойсо, анда “үй-бүлө деген ушундай болот тура” деген түшүнүк калыптанат. Кийин баладан кызыл камчы күйөө, абьюзер чыгат. Анткени атасынын кылганын кайталайт. Кыз да дайыма атасынын токмогун жеген апасын көрүп, “аял чыдаш керек тура” деген түшүнүк менен чоңоёт. Кийин атасындай күйөөгө тиет да, апасы сымал анын кордугун көрүп жашайт. Кыз да, бала да өзүн баалоосу төмөн, комплекстери көп болуп чоңоюшат. Кыз кийин турмушка чыкканда эркекке көз каранды болуп, өзүн коргоону билбеген бойдон кала берет.

• Эркекте агрессияга жакындык, ачуунун чукулдугу, менменсинүү, бийликти жакшы көрүүчүлүктүн бардыгы. Абьюздук мүнөздүн калыптанышына өзүн көзөмөлдөөнүн төмөндүгү, жасаган зомбулугун танып кетүү, бирөөлөргө оңою менен ишенбестик, калпка жакындык сапаттар да салым кошот.

• Максатка жетүү үчүн манипуляция кылууга болот деген түшүнүктүн бардыгы. Манипуляциянын ыкмаларын билүү жана адамдар менен мамиле кылууда аларды колдонуу. Манипулятор адамды айлакер, көз будамайлоочу деп түшүнсөк болот. Мындай адамдарда күнөөнү сезүүчүлүк жок же өтө аз болот.

• Жалгыз калуу коркунучу. Кандай жолдор менен болсо да аялды өзүнө баш ийдирип жашатууну көздөйт. Мындай коркунуч баланын мээсинде 5 жашка чейин калыптанат. Бул эмнеден пайда болуп, мээде сакталып калат?

1) Ата-энеси алыста иштөө үчүн баланы чоң ата, чоң энеси же таята-таенесине калтыргандан.

2) Бала курсакта кезинде апасынын аны “алдырам” деп аракет кылганынан. Энесинин терс эмоциясы балага өтүп, анда “ташталат экенмин, эч кимге керегим жок экен” деген сезим жаралат.

3) Жубайлар ажырашып, баланы бири таштап кеткенден.

• Мээримдин жетишсиздиги. Кичинесинде бирөөнүн колунда өскөн балада ата-эне мээрими жетишпеген бойдон калат. Кийин алар турмуш курганда аял күйөөсүнөн, күйөө аялынан ошол жетишпеген мээримди издейт, талап кылат. Бирок аял менен күйөө ата-эне эмес да, ал мээримдин ордун толтура алышпайт. Жыйынтыгында нервдик чыңалуулар эркекти аьюзерге айлантышы мүмкүн.

Абьюзердин жалпы белгилери

• Кызгануучулук, көзөмөл. Аялы башка эркектин атын эле атап койсо “жиндеп” кетет. Кимдер менен чалышып, сүйлөшүп жатканын, ар бир баскан кадамын көзөмөлдөйт.

• Кыйкымчылдык, күнөө коюучулук... Курмандыгынын кийингени, сүйлөгөнү, иштеген иши, анын чөйрөсүндөгүлөр жакпайт, сындайт. Кээде элдин көзүнчө басынтат же калп эле жакшы мамиле кылып калат. Иштен чыгарып үйдө отургузганга чейин жетип, аны каржыдан көз каранды кылат. Анын эс-тутуму жана эмоциясы туруктуу эместигин кайра-кайра айта берип, анын өзүнө болгон ишенимин жоготот. Кыскасы, манипуляциялар аркылуу “мен жакшы адам эмес турбаймынбы” деген түшүнүктү башына орнотууга аракет кылат. Өз алдынча чечим чыгарганга мүмкүндүк бербейт. Төшөккө чакырган кезде баш тартса, күч колдонуп зордуктайт.
А өзү болсо акчага ээ, каалаган учурда достору менен жолугушат, каалаганын кылат.

• Түрдүү кыйынчылыктардын жаралышына аялын күнөөлөйт.

• Маанайынын туруксуздугу, уруп-согуу.

Жароокер, боорукер, жакшы адам болуп туруп эле заматта аёону билбеген тиранга айланып чыга келет. Кыйнап, мүмкүн уруп-соккондон кийин жумшарып, кечирим сурап, сүйөрүн айтып, белек же акча берип, канча бир убакка жакшы адамдын бет кабын кие коёт. Мындай көрүнүш кайталана берип, курмандыкты чарчатат. Аял анын кезектеги жакшы адамга айланышын күтүп жашай берет. Физикалык зомбулук кыйкыруу, коркутуу, идиш-аяктарды талкалоодон башталышы мүмкүн.

• Эркиндигин чектейт. Агрессор курмандыгынын жакындары, курбулары менен байланышуусуна, кезигишүүсүнө чек коёт. Кызыкчылыктарын эске албайт. Анткени алар өзүнүн абьюзер экендигин тигиге айтып, көзүн ачып коёт деп коркот.

Андан кетип калыш неге кыйын?

• "Ажырашсам артымдан издейт, таап алат, мүмкүн, өлтүрүп салат же балдарымды алып кетип, бербей коёт" деп коркот.

• Каржылык жактан абьюзга көз каранды болгондуктан акчасы жок, качып кете албайт.

• "Мындан кетсем үйүм жок кайда жашайм?" деп коркот. Айрыкча балдары болсо.

• Балдарды атасыз калтырбоо жагы да аны кармашы мүмкүн.

Чеңгелинен кантип чыгуу керек?

Абьюзердин оңолуп, адам болушун күтүү – жаңылыштык. Ал качан гана өзүнүн кемчилигин аңдап, моюнуна алганда, психологдор аны кичинесинен бери алган психикалык жаракаттардан арылтканда гана өзгөрүшү мүмкүн. Бирок эч нерсеге карабай абьюздан кутулуп, жаңы жашоо баштоого мүмкүн.

• Курмандык кризистик борборлор бар экендигин, алар өзүнө психикалык жана юридикалык жардам, убактылуу баш калкалоочу жай берерин, иш менен да камсыз кылышы мүмкүн экендигин билүүсү зарыл. Ал жакка керектүү документтерди билгизбей чогултуп, өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирбегендей жагдайды күтүп, анан ишенген адамынын коштоосунда барса болот.    

Социалдык кызматкерлер, милиция кызматкерлери, укук коргоочулар да жардам берерин эсине түйүшү зарыл.

• Психологго кайрылып, жан дүйнө жарасынан арылууга, өзүнүн баалоосун өстүрүүгө, жашоонун жаңы маңызын табууга аракет кылып, келечекте кайра ошондой абьюзерге жолугуп калбашы үчүн кеңеш алуусу керек. Кризистик борборлордо психологдор бекер кызмат көрсөтүшөт.

• Ишенген адамдарга сыр төгүү. Досторго, туугандарга сырды айтканда алар анын зордук көрүп жатканын түшүнүшүп, агрессордун чеңгелинен чыгууга көмөк көрсөтүшөт.

• Далилдер. Абьюздун көрсөткөн кордуктарын, жаңжалдуу окуяларды билдирбей чөнтөк телефонго жаздырып же тартып алуу зарыл. Алар укук коргоо органдарына, юристтерге кайрылганда далил болуп берет.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1147, 28-ноябрь-4-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан