2025-жылы пенсияга канча кошулат?

Келерки жылы өлкөдө пенсия 7 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Айтымында, 2025-жылы пенсияны көтөрүүгө мамлекеттик казынадан 1 миллиард 229 миллион сом каралып жатат.

Депутат Эмил Токтошев инфляциянын деңгээлине салыштырганда 7 пайызга көтөрүү аз, кеминде 10 пайызга көтөрүү керек деген пикирин айтты.

– 7 пайыз эч нерсени чечпейт. Айына 10 миң сом алган пенсионердин пенсиясына 700 сом гана кошулат экен. Бюджетке миллиарддар түшүп жатат деп жатабыз, пенсияны жок дегенде 10 пайызга көтөрүш керек. Ушул маселени көтөрүп чыккыла, – деди Токтошев.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда элдин 11 пайызын пенсионерлер түзөт. Быйыл 1-октябрдан тарта пенсиянын минималдык суммасы 6900 сомду түзгөн. Бирок бул суммадан аз өлчөмдө пенсия алгандар дагы бар, алар тууралуу Соцфонддун жетекчиси буларды айтты:

– Психдиспансерлерде жаткандар, абакта отургандар бар. Аларга пенсиянын базалык бөлүгү төлөнбөйт. Ал жерден чыккандан кийин пенсиясы толук өлчөмдө төлөнөт. Анан 3-топтогу пенсионерлер бар, алар 58 жашка чыкканда пенсиясын толук өлчөмдө алышат.  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1147, 28-ноябрь-4-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан