(Башы өткөн сандарда)
– Саламатсызбы?
Келин селт эте Алиге бурулду. Алини ал социалдык тармактардан билет. Балдары жоголуп кеткенин, анын он жылдан берки тынымсыз издөөсүн, журналисттик изилдөөлөрүн калтырбай, наристе балдарга тиешелүү көп маселелерди көтөрүп жүргөнүнө баам салып турчу. Анын адамдык принциптери да аябай жакчу. Азыр кумир туткан адамы алдында турганга бир эсе шашып, бир эсе апкаарып кетти.
– Мага келдиңизби?- Алинин үнү ушунчалык коңур жана мээримдүү эле. Ызадан жарылайын деп турган көкүрөгү агасы алдында тургандай эреркеп кетти. Көздөрүнө жаш айлана түштү.
– Ооба, сизге келгем. Ой, алгач саламатсызбы?
Келин шаша-буша бир нерселерди айткандай болду. Бирок Али так түшүнбөй жаткандай. Түнү менен жакшы уктай албагандыктанбы же келин бат-бат сүйлөп жатканданбы? Келиндин үзүндү-чачынды болгон сөздөрүн токтотмокко колун көтөрө берди.
– Токтоп туруңуз, эртең менен тамак ичтиңиз беле?
Келин башын ийкеп баратып үйдөн чай ичпей чыкканын эстеп кайра баш чайкап жиберди.
– Ии, мен дагы наар ала элекмин. Жакын жерде бир кофейня бар, ошол жерде отуруп курсакты тойгузуп, анан сүйлөшпөйлүбү, кандай дейсиз? Мен аябай ачкамын.
– М-менин акчам жок андай жерге...
Али жылмайып алды.
– Атың ким?
– Асем-м.
– Асем, агаң барбы?
– Жок, ой, бар, бирок катташпайбыз.
– Мени ошол агаңдай көр, менин сага жамандыгым тийбейт, толугу менен ишенсең болот. Агаң болгондон кийин мен сени бир жолу кофейняга алып кире албаймынбы?
Асем жылмайып башын ийкеди. Кирпигинин алдынан эми кулайын деп бара жаткан жашы токтоп, жаркырай жылмая берди. Жалгыздыктан, кыйынчылыктан кыйналган жаш жүрөгү чын эле бир боорун тапкандай толкуй түштү. Экөө тамактанып отурушту. Асем башынан өткөн окуяны толугу менен айтып берди.
– Ата-энең кайда?
– Алар менен кабарлашпайм. Анткени... Мен өзүм күнөөлүүмүн. Нурбекке турмушка чыкпа деп жалдыраган апамдын көз жашына, атамдын каршылыгына карабай тийгем.
– Эмнеге каршы болушкан?
– Бул ата-энелерибиздин каршылыктары эле. Мурун бир окуя болгон го...
– Жакындарың жокпу шаарда?
– Жок.
– Азыр кайсы жакта жашап жатасың?
– Курбумдукунда. Бирок мен жакында иштейм. Тез арада жумуш таап өзүмчө батирге чыгып кете алам. Эптеп эле балдарымды алсам болду. Акча таба алам.
Асем эки сөзүнүн биринде “балдарымды алсам” деп жатты. Али “балдарым” деп чыркырап турган бул келинге суктана тиктеп жатты. Элес эмнеге минте албады? Эмнеге ушул өзүнүн жарым жашындагы келиндей энелик мээрими болбоду? Же болдубу? Деги ал кандай эне эле? Онтоп жиберди.
Балдарын жоготкөн күн көз алдына тартыла түштү. Үйүнөн 20 метрдей аралыктагы жерге Али өз колу менен балдар ойной турган аянтча курган эле. Балдары көзүн ачып-ачпай ошол жерге барып ойношо турган. Атасы куруп берген аянтча алардын экинчи үйү болуп калган. Кийин балдары жоголгондо ошол аянтчаны өз колу менен быт-чытын чыгарып талкалаганы да бар. Эртең менен балдарын бир сыйра өөп-жыттап алып жумушка кеткен. Кызы моюнуна асылып жатып араң коё берген эле. Жумушка келип, интервьюга кирип телефонун үнсүз режимге коюп койгон боюнча унутуп калыптыр. Бир караса 15-20дай чалуу болуптур. Атасы да чалган экен. Жүрөгү шуу этти. Дароо Элеске чалды.
– Ало, Элес, эмне болду?
– Али, балдар жок!
– Кандайча жок?
– Жок! Сыртка ойногону чыгышкан. Он мүнөттөй өтүп аркасынан чыксам жок. Али, мен коркуп жатам. Тез келчи...
Келинчеги ыйлап жиберди. Али жетип барды. Ызы-чуу, кошуналар, милиция, атасы баары издеп жүрүшөт. Тытып издешти. Эч бир изи жок.
– Элес, кандай болду?
Окуяны кем дегенде 10 кайталап укту. Баягы эле сөз. Аянтка ойногону чыгышкан экен, он мүнөткө жетпей артынан чыкса жок. Бирок чын эле күндө ээрчишип чыгып ойной турган жер болчу. Кошуналардын балдары ошол арада ойногону чыкпаган экен. Ким ойлоптур, көз алдында жоголуп кетишет деп. Ошол күнү кечке, түнү менен издешти. Али жанын коёрго жер таба албай жатты. Уурдалган наристелер тууралуу көп эле уккан, өз башына келет деп эч ойлобоптур. Башын мыкчып отуруп калды. Элестен эми ый да чыкпай калды. Кумсарып эле бөлмөдө каршы-терши басууда.
– Элес?
– Ии?
– Отурчу...
– Жок, отура албай жатам, Али. Өзүмдү токтото албай койдум. Башым жарылып кеткени турат.
Али келинчегин кучактай калды. Анын денеси ушунчалык муздак эле.
– Жылуу кийинип алчы.
– Балдарыбыз кайда, Али?
Элестин суроолуу көздөрүнөн аргасыз көздөрүн ала качкан ошондо. Бул окуяга толугу менен өзүн күнөөлүү деп ойлочу. Ошол өзүн күнөөлүү эсептеткен сезим арадан 10 жыл өтсө да кокосунда турат. Бул сүрүп койсо кетип калбаган, көнүлүңдөгү бир так тура. Андан качып да кутула албайт экенсиң. Ушуга чейин өзүн күнөөлүү сезип келет. Балдарынын уурдалышына аралашкан адам Элестин азыркы күйөөсү экенин билгенден бери жашоосу экиге бөлүнүп калгандай. Элес кантип ал адамдын аялы болду? Кантип? Башынан берки жашоосун бир таразалап, саресеп салып чыгууга аргасыз эле. Ким кимди алдады? Азим Элестиби? Же Элес Алиниби? Өз ойлору менен алек болуп кеткен экен. Бир кезде өзүн суроолуу тиктеп турган Асемди көргөндө ыңгайсыз болуп кетти.
– Кечирип кой, Асем. Мен өз ойлорум менен алаксып кетиптирмин. Эң биринчиден, сен коркпо. Сенин балдарыңды сенден эч ким ала алабйт. Мыйзам боюнча, сени балдарыңдан ажыратуу мүмкүн эмес. Болгону убакыт керек. Сен жумуш тапканга аракет кыл, мен дагы өз каналдарымдан сенин жолдошуң, кайнатаң тууралуу билип көрөйүн. Телефон номериңди алдым, сен меникин алдың. Чалышабыз, макулбу?
– Макул, рахмат.
– Баса, курбумдукунда жашап жатам дедиң, ээ? Ага ишенесиңби?
– Албетте, менин жалгыз ишене турган адамым ошол. Бала кезибизден курбубуз. Абдан жакшы кыз.
“Бала кезден бери бири-бирибизди билебиз”. Бул сөздү кайдан укту эле? Элестен! Кулагына жаңыра түштү. Туура, Элестин да бир гана курбусу боло турган. Аны бала кезден билген жалгыз адам ошол эле. Аты Айдана. Жиптин учун дал ошол курбудан башташ керек. Али жоготкон нерсесин таап алгандай жарк эте күлүмсүрөдү.
– Рахмат сага, Асем. Чоң рахмат.
Эмнеге рахмат айтты? Келин калдаңдап шашып бара жаткан Алинин аркасынан карап ийинин куушура берди. Чын эле кызыктай адам экен...
ххх
– Салам.
– Сиз кимсиз?
– Мени тааныган жоксуңбу, Айдана? Мен Али, курбуң Элестин күйөөсү. Тактап айтканда, мурунку күйөөсү.
Аял бир топко бүшүркөп тиктеп турду. Али Акай. Ооба, Элестин биринчи күйөөсү. Таң кала берди.
– Ооба, сен Алисиң. Эми тааныдым. Өзгөрүп кетипсиң. Биз таанышканда кычыраган жаш жигит элең. Азыр чачыңды ак басып...
– Акыркы окуялардан уламдыр... Арадан кем дегенде 16-17 жыл өттү окшойт.
Айдана Алини аяп карап койду. Чындыгында, өмүр дегениң уучуңдагы кумдай нерсе тура. Тез эле куюлуп уучуңдан агып кеткенин түшүнбөй калчудайсың.
– Мени атайын ушул алыскы айылга чейин издеп келипсиң. Тынччылык элеби?
– Тынч эмес, Айдана. Сен менин акыркы үмүтүмсүң! Сен гана менин мээмди жеп жаткан суроолордун жообун бере аласың. Сенин жакшы инсан экениңди билем. Балдарын жоготкон ата катары жалынам, мага жиптин учун табууга жардам бер...
(Уландысы кийинки санда)