Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Ильяс байке...

– Оу, Баян?

– Быйыл окууга тапшырбай эле бир аз иштеп турсам кантет? Шартыңызды көрүп турам, апам көз жумуп аны менен кошо ооматыбыз да кеткендей болуп турат. Иштеп тыйын чогултуп, өзүм окууга тапшырмакмын.

–  Каякка барасың, шааргабы?

–  Жок, Орусияга.

–  Жок, барбайсың Орусияга! Жаш кызга эмне бар, көрүп, угуп жатабыз жаш кыздар барып алып алыста эмне болуп жүргөнүн.

–  Байке, баары эле ошондой эмес да.

–  Болбойт, Баян, угузба мага, ачка калсаң да барбайсың. Биз каткан нан жеп калган күндө да атам менен апам маңдайыбызда жүрүп чоңойтушкан. Азыркылар эле миграцияны мода кылып алышпадыбы. Азыр жашоо алда канча жеңил. Иштейм десең Кыргызстанда деле жумуш толтура. Ошого канааттанбай кетип жатышат да эмчектеги балдарын таштап. Ата-эне мээримин көрбөгөн өксүк муунду тарбиялап жатабыз.

– Байке, биз го шаарга жакыныраакпыз, алыскы аймактарда жашоо шарт чын эле оор, иштейин десе жумуш жок, аргасыз кетип жатышат. Көйгөйдү бир тараптуу караган болбойт го.

– Кой, малга чөп салып келейин, иштейм десең шаарда эле тигүү цехинде иштеп тур, жакшы табышат дейт. Иштебейм десең үйдө инилериңди карап, кошумча курстарга барып отурсаң болот.

Ильяс шашылып малга кийчү эски куфайкасын кийди да, эшикти акырын жаап чыгып кетти.

xxx

– Баяндын шаарга келгенине эки жума болду. Бул арада күнүнө төлөнчү жалданма жумуштарда иштеп жүрдү. Кафеде идиш жуугуч, ресторан ашканаларында мүшөктөп картошка, пияз аарчып берип да иштеп көрдү. Тигүү цехинде кийимдерди таңгактап да иштеди, кечке туруп иштегенге буттары ооруп, ал жерден да кеткенге туура келди. Көңүлүнө жаккан жумушту таппай жүргөн. Бир күнү тааныш дос кызы Сайкал мончодо иштөөнү сунуштап калды:

– Баян, шаарга келгенден бери эле ар кайсы жумушта 2-3 күндөн иштеп жүрөсүң. Андан көрө менин жаныма пилингист болуп жумушка орношуп ал да. Акчасы жакшы.

– Баса, мончодо иштейм деп каласың. Жумушуң эмне өзү?

– Мончого келгендердин кирин жышып беребиз...

– Ыя?! Койчу ошондой да кесип барбы, өздөрү жышына алышпайбы, кардарларыңар жалаң майыптар, анан денесине колу жетпеген 100 килограммдан ашкан байке-эжелер болуш керек, ээ?

– Кайдан, Лексус айдаган зыңкыйган жигиттер, алтын-бриллиант тагынган супсулуу кыздар деле келишет.

– Кызык, кандай кесип болду экен, адамзатынын жашоо мүмкүнчүлүгү жеңилдеген сайын эле жалкоолукка түрткөн кайдагы бир кесиптерди ойлоп таап калышты, ээ? Пилингист дегенди угуп калчумун, жанагы тырмакты “пилкалап”, өгөлөп кооздогон адистер бар го, ошого окшогон кесип болуш керек деп ойлогом да.

– Ал маникюр адиси болот, жинди кыз.

– Иштеп көрөйүнчү, ээ? Жакпаса кетип калам да.

– Иштеп көр, бир-эки жолу акчасын алгандан кийин такыр кеткиң келбей калат.

– Анан мончону кыдырып “кимдин мокочосу бар, кимдин кири көп, жышып берем” деп базардагыдай кардар издебейбизби, ыя?

– Жок, жинди кыз, пилинг жасаткысы келгендер өздөрү келишет.

xxx

Баян шаардын престиждүү деп эсептелген мончосунда 3 ай пилингчи болуп иштеди. Үйдөгүлөргө акча салып, өзүн каранып, жакшы кийинип бутка туруп алды. Акча адамга ишеним берет эмеспи, Баян да чөнтөгү кампайган сайын өзгөрүп баратты. Мындан да көп акча тапкысы келип шаардан үй, унаа алгысы келип жатты. Бир күнү досу Сайкал экөө сүйлөшүп массаж курсуна окумай болушту. Баян иштеген жерде чын эле массажчылар жакшы табышчу. Ошонусуна гана кызыгып жүргөн. Кыздын максаты – алдыңкы жылдары толугу менен каржылык эркиндикке жетүү болчу. Баяндын кызыгуусун ого бетер күчөткөн досу Сайкал болду.

– Баян, ойлосоң, пилингчилер сезондо гана жакшы табышат. Ал эми массажчылар кышы-жайы жакшы табышат. Күнүнө 10-15 миң сомдон тапкан массажчылар бар. Бул жактын акчасына алымсынбагандар Түркияга, Дубайга барып иштеп келишет. Келечектүү кесип, окуп үйрөнүп алсаң ачка калбайсың.

Ой – күлүк эмеспи Баян массажчы болуп иштеп долларлап акча таап, Ильяс байкесинин үйүн бузуп, эки кабат там салып берип койгонун элестетип жатты. Кандай болбосун “ушул кесипти өздөштүрүп, үйрөнүп кетишим керек” деди.

Таң эрте малдарын бадага кошуп, очокко от жагып сүт тартып коюп Атыргүл күйөөсү менен шайлоо участогуна жөнөдү. Бүгүн айылдык кеңештерди шайлоо күнү эле. Алыс туугандары талапкер болуп жаткан, ошол агасын колдоо үчүн барышмак. Шайлоо учостогунан чыгып Атыргүл нааразы болуп сөз баштады:

– Мурункудай шайлоо деле кызык болбой калды. Талапкерлер концерт, той-аштарды берип маанайыбызды көтөрүп турушчу эле. Эсиңдеби, үгүтчүлөр 2-3 миң сомдон сунушташып, бир добуш 5 миң сомго чейин чыккан. Жыргал эле заман болгон экен. Азыр бир сому жок телпектеп ким шайлоого бармак эле, кызыгы кетти чынында.

– Ошол акча менен шайланып келгендер үчүн эл кедей жашап жатат. 2-3 миң сомго бир добушту эмес, бүтүндөй келечегибизди сатканыбыз үчүн жарыбай келе жатабыз да.

Күйөөсүнүн акыл-насаатын уккусу келбеген Атыр аны кагып салды.

– Койчу, Ильяс, апамдын, менин паспортумду кошуп алып барып 5 миң сомдон көтөрүп келген сен эмес белең. Же 5 миң сомго келечегиңди сата берсе болобу?

– Мен анда ал акча берген талапкерге добуш берген эмесмин, тескерисинче, акча бербеген, таза иштейт деген талапкерге салып койгом.

– Ошондой де, анда мага капа болбойт экенсиң.

– Эмне капачылыкты айтып жатасың?

– Мен да бүгүн тиги талапкер агаңа салган жокмун, биздин мектеп директорунун агасына салдым, бизге пайдасы көп тийди, шайланып калса жакшылыгын гана көрөбүз. Кызыкчылык, пайда жок жерде эмне бар?

– Ушу катын кишилерди түшүнүп болбойт, энеңди урайын. Ооба деп коюп эле өзүнүкүн кыла беришет. Айрыкча акча десе бети менен түшө калган аялдардан “аллергия” болчу болдум.

– Катынга тил өтүш үчүн жакшы мамиле, мээрим, сүйүү керек. Кээ бир эркектерди “айылдын мачосу” деп коюшса адыраңдап көрүнгөн бойдок, эри чет жерде иштеп жүргөн келин-кесектердин үйүнө барып, жерин казып, суусун чыгарып, алардын бузулган муздаткыч, кир жуугуч машинесин оңдоп жүрө беришет. Мен деле ошол күйөөсүнүн мээримине зар болгон аялдардан айырмам жок, эрим бар аты болбосо, аным көрүнгөн аялга сүйүүсүн таратып жүрөт.

Ильяс Атырды уккусу келбей бат-баттан алдыга басып кетти.

xxx

Баянга сыноолор күтүүсүз жерден келди. Ал массажда иштеп бир топ акча чогултуп койгон эле. Шаардан жер тилке алам деген 30 миң долларын “жер алып берем” деген тааныш эжесине карматат. Өзүнөн башка да жер алам деген 2-3 кесиптешинин акчасын алып барып берген эле. Мамлекеттик каттоо кызматында иштейм деген ал айым Баянга ишенимдүү эле көрүнгөн, жадакалса анын унаасы менен барып жер тилкелерди көрүп келген болчу. Ал аял бир ай дайынсыз болгондон кийин Баян милицияга арыз жазат. Көрсө, ал аял Баяндан башка да көп адамдарга “жер алып берем” деп алдап акчасын алып, учурда абакта отурганы билинет. Баяндын кесиптештери “сенин таанышың болчу, акчабызды сен таап бересиң” деп догурунганга өтүшөт. Жабырлануучулар Баяндын иштеген жерине ызы-чуу кылып келе берип акырында ал жумушун таштап, Орусияга качканга аргасыз болот.

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1147, 28-ноябрь-4-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан