Кайрат Примбердиев, ырчы: «Жубайым менен ажыраштым деп айтышка али эрте»

Жашообузду үзгүлтүксүз коштоп жүргөн нерсе – бул сыноо. Тагдыр ар кандай сынайт, андан сынбай өтүп жол улантуу да эрдик. Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жубайы менен ажырашканын жарыялап, бул кабар социалдык желеде кызуу талкуу жаратты. Ажырашуунун башкы себеби эмне болгонун Кайрат мырза өзү айтып берди. 

– Саламатсызбы, Кайрат мырза? Акыркы убактарда чыгармачылыктан алыстай түшкөндөйсүз, баары жакшыбы?

– Саламатчылык, рахмат, баары жакшы. Чыгармачылыкта көрүнбөй кеткенимдин себеби бар. 40 жашка бир кадам калдым, ушуга чейин басып өткөн жолума бир көз чаптырып, оюмду иреттеп, ой толгоп алайын дедим. Ошондуктан тыныгуу кармап турам. Мындан аркы жараткан ырларым терең мааниге ээ болсо деген ниеттемин. Жеңил-желпи ырлардан бир аз алыстап, маани-маңызы терең чыгармаларды жаратсамбы деген каалоо бар. Ошондуктан убактылуу “пауза” кармап туруп, анан башкача форматта, жаңы эргүү менен чыгайын деп жатам.

– Комуз чертип санат ырларын ырдаганыңызды көп көрө баштадык, фольклор тарапка өтүү планыңыз барбы?

– Негизи ырчылык жолумду "Манас" айтуу, комузда ырдоо менен баштагам. Нукуралуулук, ата-бабалардын жолу баары бир өзүнө тартат экен. Анын үстүнө санат ырларын эл да баалап, барктай баштады. Арстанбек Буйлаш уулу, Жеңижок, Токтогул аталарыбыздын ырларын көп укчу болдум. Комуз менен ырдап жүргөнүм да ошондон.

– Чыгармачылыкта дайыма жаңыланып, өзгөрүп туруу керек деп ойлойсузбу?

– Жаңылануу – жашоонун мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Адам да, мамиле да, чыгармачылык да жаңыланып турушу керек. Учурда кыргыздын салттуу музыкасына ооп баратам. Муну жаңылануу десек да, түп нускага кайтуу десек да болот (күлүп). Жүрөгүм ушуну каалап туруп алды. Мактангандык эмес, менде төкмөлүк да өнөр бар. Азыр тар чөйрөдө комузду колго алып жамактатып айтышып калам. Эми бул өнөрүм там-туң баскан баладай эле абалда. Бирок чоң кызыгуу бар. Бара-бара акындык жарыштарга катышкым келип жүрөт.

– Тагдыр сыноосу сизди да айланып өтпөптүр. Жакында келинчегиңиз менен ажырашканыңыз тууралуу билдирүү жарыяладыңыз...

– Эми толугу менен эки башка жолго түштүк деп айтышка азыр эрте. Так жооп айтыш кыйын, чынында. Ооба, учурда үй-бүлө жаатында ушундай чоң сыноого туш келип турам. 11 жыл бою бири-бирибизге махабатыбызды, сыйыбызды, эмгегибизди арнап жашадык. Бардык адамдардын жашоосунда туш болуучу өткөөл мезгилде турабыз. Бул сыноодон аман-эсен өтүп кетсек деп турам. “Чымчыктын да уясы бузулбасын” дейт эмеспи. Анткени адам деле, чымчык деле уяны болгон күчүн жумшап курат. Аны талкалап алыш абдан оор.

– Туура. Бекеринен “ажырашуу – наркоз бербестен жүрөккө операция жасоого барабар” деп айтылбайт, оңой эмес болуш керек?

– Оңой эмес. Жогорудагы аныктаманы ким берсе да так, даана айтыптыр. Жогоруда айткандай, буга чейинки жашоомо терең көз чаптырып көрүү максатында чыгармачылыкты токтотуп койдум. Эркектер элеби же адамдардын баары эле ушундайбы, айтор, 40 жашка келгенде өткөнүнө көз салып, анализдеп, өткөөл мезгилге кептелет экен. Мындайда мүнөзүң да өзгөрөт экен. Ошондой учурда айланаңдагы адамдарга катуу тийип алышың мүмкүн тура. Келинчегиме катуу тийип алдым. Таарынттым. Таарынып турган убакта көзүнө көп көрүнө бербейин деп азыр өзүмчө жашап жатам. Анткени от алоолонуп турганда ого бетер жалындатпай артка чегинип турган жакшы. Убактылуу болсо экен.

– Убактылуу эле сыноо болсун дейли. Ата-эне ортосундагы таарынычтын таасири балдарга да тиет эмеспи, балдарга жолугуп жатасызбы?

– Балдарым менен эки күндүн биринде көрүшөм. Сүйлөшөм, ойнотом, ички дүйнөсүн көрүүгө аракет кылам. Чоңдор “бала да, түшүнбөйт” деп ойлошу мүмкүн. Чынында, чоңдор аңдай албаган акыйкатты балдар билип коюшат. Баланын жүрөгү ушунчалык сезимтал болот. Кенедей кезинде сокку тийип калбасын, жаралап албайын, "травма" болбосун деп аяп турам. Азыр мурункудан да мээримдүү ата болуп калдым (күлүп). Көздөрүнөн нур чачыраган балдарыма аябай бата кылам, анткени ата-эненин батасы түз тиет деп ишенем. Жакшы жактарын айтып мактап койсом, "духтары" көтөрүлүп калат. Алар мени бир азга көрбөсө эле сагынып калышат. Эгерде келинчегим экөөбүз эки жолго түшсөк, муну деле кабыл алыш керек. Анткени бул да тагдыр. Ошондо да акыркы демим чыкканча балдарымдын жанында болсом экен дейм. Эненин сүйүүсү бийик дейбиз, бирок атанын сүйүүсү да өзгөчө болот. Аны сөз менен жеткириш кыйын.

– Сизге оор учурларда ким же эмне жардам берет?

– Адамдын өмүрү деле төрт мезгилге байланат экен. Кечээ эле жадырап жай болуп турса, бүгүн кар жаап, бороондо калгандай буюгат экенсиң. Берекесин берген күзү да, эргүү коштогон жазы да болот тура. Албетте, оор учурлар болот. Андайда апама барам. Сүйлөшүп, жанында отурсам кадимкидей кубат алам. Анан төрт мезгилимди тең бөлүшкөн досторум бар. Алардан жашырган эч нерсем жок, ичимдегинин баарын айтып кадимкидей жеңилдеп калам.

– Туптуура жашап жатам деп өзүнүкүн такыр бербегендер жана катачылыгын моюнга ала билгендер бар, сиз кайсы топко киресиз?

– Жогоруда жаңылануу тууралуу айтпадымбы. Жаңылануу жана бир орунда “катып калуу” деген бар. Өмүрдү туптуура, зымга тизгендей жашап салдым деп айтыш – “катып калгандыктын” белгиси. 39 жашка чыктым, көп ката кылгандардын катарындамын. Санаш кыйын (күлүп). Ошону сезип, оңдойм. Кыска, беш күндүк өмүрдө кемчиликтерди оңдоп, билип-билбей капа кылып алгандардан кечирим сурап, ал эми мени капа кылгандарды кечирип койгум келет.

– Эң жакын досуңуз ким?

– Досторум көп, ичинен эң жакыны болот экен. Сиз билген, эл билген, кадырлаган ырчы Султан Садыралиев менин жакын досум, классташым. Ал мени чыгармачылыкка алып келген, тагдырымдын өзгөрүшүнө себепкер болгон адам. Кечээ бир кечеде Султан комузу менен ырдап жатты, ичим жылып карап отурдум. Ушул жигит мени толук түшүнүп, колдойт. Анткени мени тээ бала чактан бери билет.

– Эң жакын адамыңыз ким?

– Тагдырыма ушундай жазылыптыр, сегиз айлык кезимде атакем кайтыш болуптур. Апакем жөжөдөй үч баланы канатына калкалап бакты. Тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай чоңойтту. Балалыгыбыз 90-жылдардагы кыйын мезгилге туш келип, бир бүтүн нанга сүйүнгөн учурлар болду. Апакем кыйынчылыктарга туруштук берген күчтүү адам. Эң жакын адамым, таманында бейишим жаткан адам – апам. Апамдын жакшы сөздөрү "духумду" көтөрүп, шыктандырат. Апамдын жылуу сөзүнөн кадимкидей кубат алып, “заряды” толгон телефондой зыңкылдап калам.

– Бар болуңуз, тилектериңиз орундалсын!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1147, 28-ноябрь-4-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан